Пример HTML-страницы

УМАРДЫН ӨЛҮМҮ

https://kyrgyzcha.site/?p=52317&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

УМАРДЫН ӨЛҮМҮ🌙

Бисмилляхир Рохманир Рохийм!

Ошентип, Умар бир күнү жамаатка имамдык кылып багымдат намазын окуп жатканда ага Абу Лулу аттуу отпарас артынан келип канжар сайды жана качып жөнөдү. Артынан кууган мусулмандар аны кармашты.

Умар кансырап жатканына карабай:

«Мага кол салган ким экен?» — деп сурады жана ага каапыр кол салганын укканда:

«Мени мусулмандын колу менен өлтүрбөгөн Аллахка мактоолор болсун!» — деди. Анан ал отпарас боюнча тиешелүү өкүмүн берди.

•Соң аны өзүнүн үйүнө алып жөнөштү. Анын каны токтободу. Суу беришсе, сууну иче алган жок. Ушул учурда кайсдыр жаш сахаба андан кабар алганы кирип калды жана Умардын абалын көрүп:

«Эй, Умар! Кубансаң боло, сен сахабалардан болдуң, Исламды эрте кабыл кылдың, анан жетекчи болдуң, адилеттүүлүк кылдың, эми шейит болуп отурасың» — деди. Умар ага:

«Эй, балам! Мен ушул жашоодон куру колум кетүүнү каалаганымды айтпа. Бирөөгө алабасам да бересем да жок» — деди. Бир аздан соң жигит чыгып кетти. Умар анын артынан карап, көйнөгүнүн узундугун байкап калды жана аны катарууну суранды. Жигит кайра кирди жана Умар ага карап:

«Эй, балам! Алдагы көйнөгүңдү кыскартып ал. Муну менен өзүң Аллахтын алдында такыбараак, ал эми кийимиң тазараак болот» — деди. Албетте, кимдир бирөө Умардын бул сөзүн орунсуз жана  өлүм менен алпурушуп жаткан адамдын сөзү эмес демек. Бирок, Умар антпеди, ал мусулман дөөлөтүн башкарып, каапырлардын үрөйүн учуруп турган кезде да эч нерсени майда деп, маани бербей койгон эмес. Анткени, Исламда эч бир маселе майда деп каралбайт. Ар бир көрүнүш орундуу жана маалилүү.

•Ага соң, Ибн Аббас кирди жана:

«Эй, Умар! Кубансаң боло, сен пайгамбарыбыздын сахабасы болдуң. Ал сенден ыраазы болуп коштошту. Соң сен Абу Бакрдин жолдошу болдуң. Ал да сага ыраазы болуп коштошту. Соң сен пайгамбарыбыздын сахабаларына жолдош болдуң жана Аллахка ант, алар да ага ыраазы!» -деди. Умар:

«Бул Аллахтын мага ыроологон ырайымы жана силердин мактооңорго ишенген адам кыйрайт. Аллахка ант, Мага жер бетин каптаган алтын берилсе да көзүм көрө элегинде аны менен Аллахтын азабынан кутулмакмын» -деди соң уулу Абдуллахка карап:

«Уулум, момундардын энеси Айшага бар, ага салам айт жана менин сөөгүмдү досторумдун алдына коюлуусуна уруксат сурап жатат де. Бирок, мусулмандардын жетекчиси эмес, жөн гана Умар айтты де. Мен азыр халиф эмесмин. Макул болсо Аллахка мактоолор болсун!» —  деп жөнөттү. Абдуллах пайгамбарыбыздын үйүнө келип, суук кабарды угуп, ыйлап отурган Айшага Умардын өтүнүчүн айтты. Айша:

«Мен бул жерди өзүмө кармап отурдум эле. Аллахка ант! Бирок, бүгүн бул жерге Умар татыктуурак» — деп жооп берди. Абдуллах бул кабарды кайра жеткиргенде Умар:

«Аллахыма мактоолор айтам! Мен мындан башкага кабатыр болгон эмес элем» — деди. Кийин анын өлүм менен алпурушуусу башталды. Абдуллах анын башын өзүнүн тизесин койду. Умар өзүнө келип, уулунун тизесинде жатканын билип: «Эй, Абдулла менин башымды жерге эле кой» — деп суранды. Уулу:

«Ата, менин тизем менен жердин айырмасы жок го» — деди. Умар:

«Эй, уулум, менин башымды жерге эле кой. Балким Аллах мага ырайымдуурак болоор. Эгер Аллах мени Өз ырайымына албаса мага жана энеме балээ болот» — деп кайра кайталады. Соң:

«Уулум момундардын энеси Айшадан дагы суран, уруксат берсе мени досторумдун алдынакөм, уруксат бербесе мусулмандар менен көм» — деп акыркы көрсөтмөсүн берди.

•Ошентип, Умар жан берди жана анын сөөгүнүн алдында турган ибн Аббасты желкесинен бирөө тартты. Караса Али ибн Абу Талиб турган экен. Ал Умарды көрсөтүп:

«Аллахка ант, Мен Аллах менен жолугуу үчүн бул адамдын амалдарынан өткөн арзуу жок жана андан башка мындай амалдар ээси менен коштошо элекмин» — деп ыйлап жиберди. «Мен сенин жолдошторуңдун жанына коюлаарыңа каршы болсом да, пайгамбарыбыз салаллаху алейхи ва салламдын:

«Абу Бакр жана Умар келди, Абу Бакр жана Умар менен бардым, Абу Бакр жана Умарды чакыргыла» — деп, атыңарды  дайым чогуу атаганын көп укканымды айткым келди» — деди.

🌙Ошентип, Умар жолдошторунун жанына коюлду. Аллах алардан ыраазы болсун!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE