Пример HTML-страницы

ҮЛГҮ АЛЧУ АДАМДАР, ТААСИРДҮҮ ИКАЯЛАР.

https://kyrgyzcha.site/?p=37690&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим

 

ҮЛГҮ АЛЧУ АДАМДАР, ТААСИРДҮҮ ИКАЯЛАР

 

Куфада бир жүк ташуучу бар эле, чынчыл болгондуктан элдер да ага ишенишчү, ал соодагерлердин акчасын жана башка буюмдарын бир шаардан экинчи шаарга жеткизет эле. Бир жолу сапарда бара жатса, бир киши жолугуп анын каякка бара жаткандыгын сурады. Жүк ташуучу: Баланча шаарга — деп жооп берди. Баягы киши айтты: Мен да ошол жакка барамын. Эгер мен жөө басып, сени менен бара алганымда бармакмын. Мүмкүнчүлүгүң болсо бир динарга мени качырыңа учкаштырып албайсыңбы? Жүк ташуучу макул болуп, аны учкаштырып алды. Жолдо бир айрылышка жеткенде, баягы учкашкан киши минтип сурады: Кайсыл жол менен барасың? Жүк ташуучу көпчүлүк жүргөн жолду көрсөттү. Баягы киши айтты: Тиги жол жакыныраак, улоо үчүн дагы ыңгайлуу, себеби ал жакта чөп өтө көп. Жүк ташуучу: Мен бул жолду көрө элекмин> — деди. Баягы киши айтты:

Мен дайым эле ушул жол менен өтөмүн. Жүк ташуучу айтты: Өтө жакшы, андай болсо ушул жол менен барабыз. Бир аз жүргөндөн кийин булар сапар тарткан жол, бир коркунучтуу токойго барып такалды. Айланада көптөгөн өлүктөр жаткан. Баягы киши улоодон түштү да белинен канжарын чыгарып, жүк ташуучуну өлтүргөнү калды. Жүк ташуучу айтты: Мындай кылбагын! Мына бул качыр жана буюмдарды ал. Сенин максатың ушул, бирок мени өлтүрбө?!.. Жолоочу макул болбоду жана ант ичип туруп айтты: Биринчи сени өлтүрөм, андан кийин мунун баарын аламын. Жүк ташуучу канчалык жалынып- жалбарса дагы ал мыкаачы укпай койду. Жүк ташуучу айтты: Анда акыркы жолу эки рекет намаз окуп алайын?!.. Жолоочу макул болду. Күлдү да айтты: Тезирээк окугун. Мына бул өлүктөр дагы акыркы жолу намазды сурашкан эле. Бирок алардын намазы эч кандай пайда берген жок! Жүк ташуучу намаз окуй баштады. Фатиханы окугандан кийин зам сүрө эсине келбей койду. Жанагы каракчы: Тезирээк окуп

бүт, — деп шаштырып жатты. Кокусунан анын тилинен ушул аят чыга баштады:

 

*<<Же Ага кайрылганда запкы чеккенге жооп берген, жамандыкты кетирген жана силерди жер үстүнө орун басар кылып жараткан*

*( Аллах Таала жакшыбы)? Аллах менен бирге башка кудай барбы? Силер аз эстейсиңер>>. (27. Намл: 62)*

 

Ушуну окуп жатып, ыйлап жатканда бир атчан пайда болду. Анын башында темирден болгон сооту бар эле. Атчан жанагы каракчыны найза менен сайып өлтүрдү. Ал кулап түштү. Ошол жерден оттун жалыны чыкты. Намаз окуп жаткан жүк ташуучу дароо саждага жыгылды. Аллах Таалага шүгүр кылды. Намаздан кийин ордунан туруп атчанга чуркап барып сурады: Аллах үчүн айтчы, сен кимсиң? Кайдан келдиң?

Атчан айтты: Мен *Запкы чеккендин ду’асына жооп берүүчүнүн кулумун!* Эми сен эркиндиктесиң. Кайда кааласаң бара бер деди дагы, кетип калды.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE