УКТООНУН АДЕПТЕРИ

https://kyrgyzcha.site/?p=52238&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

*? УКТООНУН АДЕПТЕРИ* 

 

 

1⃣ *КУПТАН НАМАЗЫНАН АЛДЫҢ УКТАБОО КЕРЕК ЖАНА КУПТАНДАН КИЙИН КЕРЕКСИЗ СӨЗДӨР МЕНЕН АЛЕК БОЛБОО КЕРЕК*

 

«`Абу Барза, радыяллаху анху, айтат:«` *“Аллахтын элчиси ﷺ куптан намазынан алдың уктоону жана куптан намазынан кийин сүйлөшүүнү жактырган эмес”.* _(Бухари, 568)_

Пример HTML-страницы

 

2⃣ *УКТААРДАН АЛДЫҢ ДААРАТ АЛУУ*

 

«`Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте«` *Пайгамбар ﷺ айтты: “Кимде-ким даарат алып уктай турган болсо, анда түнү ичи анын кийиминде бир периште болот. Ал адам ар бир ойгонгон сайын (же оодарылган сайын) периште: “Оо, Аллах! Бул пендеңди кечиргин. Анткени ал даарат алып уктады” – деп айтып турат.* «`(Ибну Хиббан)«`

 

3⃣ *УКТААРДАН АЛДЫҢ ТӨШӨГҮН КАГЫП ЖАТУУ ЖАНА ОҢ ЖАК МЕНЕН ЖАТУУ*

 

«`Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте«` *Пайгамбар ﷺ айтты: “Эгерде силерден бирөөңөр уктай турган болсо, анда астына кийген кийиминин ич жагы менен “Бисмиллах” деп жаткан жуурканын каксын. Анткени ал өзүнөн кийин жуурканына эмнелерди таштап кеткенин билбейт. Андан кийин уктоону кааласа, анда оң жагы менен жатсын да мындай деп айтсын: «Бисмика рабби вадаъту жанби уа бика арфаъух ин амсакта нафси фархамха уа ин арсальтаха фахфазха бима тахфазу бихи ъибадакас солихин».* _(Муслим, 2714)_

 

«`Бул дубанын мааниси: _Оо, Раббим! Сенин атың менен денемди (жуурканга) койдум. Жана Сени менен көтөрүлөмүн. Эгерде жанымды алып калсаң, анда ырайым кыл. А эгерде жанымды кайра денеме жөнөтсөң, анда салих пенделериңди сактагандай мени да сакта.«`

 

4⃣ *ЭКИ АЛАКАНЫН БИРИКТИРИП КУРАНДАГЫ АКЫРКЫ СҮРӨӨЛӨРДҮ ОКУП ДЕМ САЛЫП ДЕНЕСИНЕ СҮРТҮҮ*

 

«`Айша, радыяллаху анху, айтты:«` *“Пайгамбар ﷺ төшөгүнө уктоо үчүн келгенде дайыма эки алаканын бириктирип Ихлас, Фалак жана Наас сүрөөлөрүн окуп алаканына үйлөп денесине алаканы жеткен жерине чейин сүртөт эле. Биринчи башынан баштап сүртүп келип бетин сүртүп андан кийин денесине сүртөт эле. Ушинтип үч жолудан кылат болчу”.* _(Бухари, 5018)_

 

5⃣ *АЯТУЛ КУРСИЙДИ ОКУП ЖАТУУ*

 

«`Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтат: «Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, орозодо зекеттен чогултулган тамак-ашка мени кароолчу кылып койгон эле. Түндөсү бир киши келип, зекеттен чогултулган тамак-аштан уучтап-уучтап ала баштады. Мен аны кармап алдым да: «Мен сени Аллахтын Элчисине алып барам» – деп айтсам,

ал мага: «Мен абдан муктажмын. Менин бала-чакам бар. Мен өтө кыйын абалдамын» – деп мага өзүнүн оор абалын билдирди. Мен ага боорум ооруп, коё бердим.«`

 

«`Эртеси таң атканда Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, менден: «Сен кечээки туткунуңду эмне кылдың?» – деп сурады.«`

 

«`- Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси! Ал мага өзүнүн оор абалын, бала-чакасын айтып даттанды эле, мен ага боорум ооруп коё берип салдым» – деп жооп бердим.«`

 

«`Менин жообумду уккандан кийин Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Ал сага жалган айтыптыр. Бирок ал кайра кайтып келет» – деп айтты.«`

 

«`Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мага ошентип айткандан кийин мен анын кайра келээрин билип, аны аңдып турдум. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айткандай эле ал түндөсү кайра келип тамак-аштан уучтап-уучтап уурдай баштады.«`

 

«`Мен аны кармап алып: «Мен сени Аллахтын Элчисине алып барам» – деп айтсам, ал: «Мени коё берчи. Мен чын эле муктажмын. Балдарым да бар. Экинчи кайтып келбеймин» – деп жалдырады. Мен ага боорум ооруп, кайра коё берип койдум.«`

 

«`Эртеси эртең менен Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, менден: «Эй, Абу Хурайра! Сен туткунуңду эмне кылдың?» – деп сурады.«`

 

«`- Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси! Ал мага өзүнүн оор абалын, бала-чакасын айтып жалдырады эле, мен ага боорум ооруп, кайра коё берип койдум» – деп жооп бердим.«`

 

«`- Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Ал сага жалган айтты. Бирок ал дагы кайтып келет» – деди.«`

 

«`Үчүнчү түнү мен аны аңдып отурсам, ал кайра келип тамак-аштан уучтап-уучтап ала баштады. Мен аны кармап алып: «Мен сени Аллахтын Элчисине алып барам. Сен ушуну менен үчүнчү жолу келбейм деп убада берип, кайра эле келип жатасың» – деп айттым.«`

 

«`Ал: «Мени коё бер. Эгер мени коё берсең, мен сага ушундай сөздөрдү үйрөтөм, ал сөздөр сага Аллахтын алдында пайдасын тийгизет» – деди.«`

 

«`Мен таң калып: «Ал кандай сөздөр?» – деп сурадым.«`

 

«`Ал киши: «Кечинде жатаарда аяталь-Курсини башынан аягына чейин окуп жат. Эгерде аяталь-Курсини окуп жатсаң, ал түнү таң атканча сен Аллахтын коргоосунда болосуң жана сага эч бир шайтан жолой албайт» – деп айтты. Ал ошентип айткандан кийин мен аны өз жолу менен коё бердим.«`

 

«`Эртеси таң атканда Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, менден: «Сен кечээ түнү туткунуңду эмне кылдың?» – деп кайра сурады.«`

 

«`Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси! Ал мага Аллахтын алдында пайдасы тие турган сөздөрдү үйрөтөм деп айтканынан, кайра коё бердим» – деп айттым.«`

 

«`Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Ал кандай сөздөр эле?» – деп сурады.«`

 

«`Мен: «Ал мага: «Кечинде жатаарда аяталь-Курсини башынан аягына чейин окуп жат. Эгерде аяталь-Курсини окуп жатсаң, ал түнү таң атканча сен Аллахтын коргоосунда болосуң жана сага эч бир шайтан жолой албайт» – деп айтты» – деп жооп бердим.«`

 

«`Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Чындыгында, ал жеткен жалганчы. Бирок бул жолкусунда ал сага чындыкты айтыптыр» – деп ал кишинин сөздөрүн тастыктап, менден: «Эй, Абу Хурайра! Сен үч күндөн бери ким менен сүйлөшүп жатканыңды билесиңби?» – деп сурады.«`

 

«`Мен: «Жок. Ал ким экенин билбейм» – деп жооп бердим.«`

 

«`Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мага: «Сен үч күндөн бери сүйлөшүп жаткан киши – шайтан болчу» деп айтты. (Сахих Бухари, 2311)«`

 

6⃣ *СУБХАНАЛЛАХ, АЛХАМДУЛИЛЛАХ, АЛЛАХУ АКБАР СӨЗДӨРҮН АЙТЫП ЖАТУУ*

 

«`Али, радыяллаху анху, айтат:«` *“Фатима жаргылчакты көп тартып колдоруна өтүп кеткендиктен, пайгамбарга ﷺ арызданып барат. Пайгамбарга кулдар келгенин уккан болот. Бирок барганда пайгамбарды таппай Айша, радыяллаху анхага, келген максатын айтып кетет. Пайгамбар ﷺ үйүнө келгенде Айша, радыяллаху анха, пайгамбарга Фатиманын келгенин айтат. Ошондо биз кеч кирип уктоо үчүн жатып алганыбызда пайгамбар биздин үйгө келет. Биз туралы деп жатканда: “Ордуңарда кала бергиле” – деп айтат. Ошондо Пайгамбар ﷺ (үйгө кирип) Фатима менен менин ортомо отурду. Пайгамбар мага жакын отургандыктан буту ичиме тийип турду. Мен анын бутунун суугун сезип турдум. Ошондо ал: “Мен силердин сураган нерсеңерден да жакшы нерсени айтайынбы? Уктоо үчүн жатканда 33 жолу “Субханаллах” деп айткыла, 33 жолу “Алхамдулиллах” деп айткыла жана 34 жолу “Аллаху Акбар” деп айткыла. Мына бул сен экөөңө кызматчыдан да жакшы” – деп айтты”.* _(Бухари, 5361)_

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️