Пример HTML-страницы

Турмуштук суроо жооптор.

https://kyrgyzcha.site/?p=22525&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

— Хадисте айтылат го “өлөөр алдында кел-

ме айткан киши бейишке түшөт” деп. а эмне-

ге аллах фараондун өлөөр алдындагы тообо-

сун кабыл алган эмес?

— Өмүр бою жамандыктан башканы кылбаса,

ага келме насип болобу? Келменин теңиби? Андай

акылы жоктор азыр кыргыздан дагы чыгып калды,

ар нерсени дөөдүрөп сүйлөгөндөр. Кудай каалаган

жок, ыйманы жок кетти.

— ата өз баласы менен урушуп нааразы бо-

луп каргыш айтса, анан бир аздан кийин ке-

чирим жакшы батасын берсе кандай болот?

Батасы тиеби же каргышыбы? 077026…

— Батасы. Бата бербей өлүп кетсе баласынын

шорго көмүлгөнү ошол болмок.

— Бозону ичүүгө болбойт деп шариатта жа-

зылганы чынбы? 070949…

— Ооба. Мына мен жазып берип жатам сизге.

«Бозону ичүүгө болбойт!».

— аялдар иштесе болобу? мисалы, тигүүчү

болуп. мен күүгүм киргенде эле жүрөгүм сы-

гылып, оюма ар нерселер келе берет. жин

кирсе ошондой болобу? акыретте оюбузга

да жооп беребизби? намаз окуйм. Канткенде

ушул нерседен кутулам? 077271…

— Аялдар шариат эрежелеринин негизинде иш-

тесе болот. Мисалы, аялдардын коллективинде,

күндүзү иштегенге эмне үчүн болбосун. А бирок кү-

йөөсүнүн тапканы жетип турса, алаканына салып

алпештеп сүйүп турса, иштебестен үйдө балдарын

карап, өзүн карап, күйөөсүнө камкордук көрүп,

ибаадат менен өмүрүн өткөрсө кандай сонун. Жу-

муштан чарчап келген жолдошун жаркын маанай

менен, бышкан тамагы менен, таптаза үйү менен

тосуп алганга эмне жетсин. Кээде жолдошу ишинен

келсе үйдүн куту качып турган болсо, балдары ачка

бир бурчта корголоп турса, жарым сааттан кийин

аялы келип чамынып кукси бышырып берсе, албет-

те бара-бара үй-бүлөдөгү махабат өчөт. Сиз кечки

зикирлерди айтууну унутпасаңыз жакшы болоор

эле. Ар кандай жаман ойлорду алыстатат. Ошол

учурда Куран окуңуз, жаныңыз сеп алат. Сизге жин

киргенге окшошпойсуз. Акыретте адам жаман оюна

жооп бербейт. А бирок жакшы тилегине сооп алат.

Жаман ойду ойлоп, ошол ойдун жаман экенин бил-

генден кийин, кайра ошол оюнан кайткан болсо, ага

бир сооп берет.

— мен тажикстандын мургаб районун-

да жашайм. Бизде эч нерсе өспөйт. Базар-

да буудай сатылбайт. орозо фитр душанбе

шаарындагы буудайдын баасы менен эсепте-

леби же мургабдагы ундун баасы мененби?

09929355…

— Тажикстандын Азирети Муфтийи канча деп

фатва чыгарган болсо, ошол өлчөмдө берилет. Мына

ушул учурдагы туура жооп болоор. Валлооху аьлам.

— мен 11 жашымда Куранды окуп баштап,

15 жашымда Куранды түшүргөм. ошондон

бери 18 жыл өтүптүр. азыр кайра бир ирет

кайталасамбы деп жатам. жакшы устаздар

барбы же сабак бергендер барбы? Кайсы жер-

ге барсам болот? гүлназ

— Урматтуу Гулназ айым! Куран Аллахтын түшүр-

гөн акыркы китебинин энчилүү аты болгондуктан,

аны чоң тамга менен жазуу эрежеге туура келет. Ан-

дан сырткары чоң тамга менен жазуу Куранга кара-

та урмат-сый болот. Андыктан дайыма Куранды чоң

тамга менен жазып жүрүңүз. Азыркы убакыт менен

мындан дээрлик жыйырма жыл мурдагы акыбалды

салыштырып болбойт. Азыр устаздар да, устазалар

да көбөйгөн. Медреселердин кыздар бөлүмдөрүнө

кайрылсаңыз болот. Же Куран курстарына жазылса-

ңыз, же жөн эле угуучу болсоңуз да максатыңызды

ишке ашырууга көмөкчү болот.

— менин жолдошум өзүмө жакпайт. Бирок

он беш жылдан бери жашап келем. айтка-

нын көп учурда аткарбайм. ал күнөө эмеспи?

077286…

— Кантип күнөө болбосун. Күнөө болот. “Аюу да бол-

со эрим бар” – дегендей, жаманбы (?), жакшыбы (?) ал

сенин көзүңдү ачып көргөнүң… Аны жакшы көрбөсөң

жакшы көргөнгө аракет кыл. Жаман адам болбойт,

жаман кулк-мүнөз болот. Адамдын жаман сапаттары

болот. Ар бир адамдын башкалар баамдай бербеген

жакшы сапаттары да болот, аны айрыкча сиз жакшы

баамдайсыз. “Аргымакты жаман деп, бууданды кайдан

табасың” — дейт, эрим жаман десеңиз, бирөө жакшы

эрин «мэ!» деп бере калбайт. “Баккан ээси жарашса,

күйпүл күчүк сак болот” дейт. Брюс Ли стойкага тур-

гандай сиз дагы аны жаман көрөм деген стойкага туруп

алыпсыз. Стойканы өзгөртүңүз! Эмне үчүн ушундай

деп ойлонуңуз. Кээде жыйырма жыл бою ойлонбой

жүрө беребиз, жыйырма мүнөт жакшылап пикирлен-

сек, жыйырма уктасак да түшүбүзгө кирбейт. Аттиң ай

деп өмүрдү армандуу өткөзүп жиберебиз…

— мен студентмин. Сабактан, жумуштан

бошобой 5 убак намаз окуй албай жатам. Ба-

гымдатты окуп, таза жүрсө болобу? Буюрса, 5

маалга өтөйүн деген ниетим бар. 077948…

— Болот, берекем. Кудайым береке берсин. Окууң

ийгиликтүү болсун.

— мен быйыл медресеге тапшырайын де-

гем. Былтыр 9-классты бүткөм. азыр тигүүчү-

лүккө окуйм. медреседе канча жыл окуйт?

070286…

— Адатта төрт-беш жыл окуйт. Так маалыматым

жок. Кудайым тилегиңди берсин. Омийин.

— Курандын сообун баардык (мусулман

эмес) пенделерге арнаса болобу же мусулман-

дарга деп айтуу керекпи? Ө7702390…

— Мусулман пенделерге арналат. Мусулман эмес-

терге арналганды желге үйлөгөндөй эле кур кетет

десек туура болот.

— аттахиятты окуп, салават айтып анан

салам берем. туурабы? анткенимдин себеби

бирөө мага салаваттан кийин дагы 2 дубаны

окуш керек дейт. 077727…

— Ал сага туура айтыптыр. Бирок бир дубаны оку-

саң деле жетиштүү болот. Мисалы: «Роббанаа аати-

наа фид дуняа хасана, ва фил аахироти хасана, ва ки-

наа азаабан наар» дубасын. Кереметтүү дуба, Куран

аяттарынын бири.

— мен кыргызча диний китептерди сатып

алып окуйм. арасында арабча да жазылган.

ошондуктан китептерди дааратсыз кармай

албайм. Кандай тартип, жолдор менен кан-

дай учурда окууну билгим келет. 070346…

— Дааратсыз адам эмнелерди кыла албастыгын ай-

тып берели: (Айыз көргөн аялзаты) жунуб адам, нифас

көргөн аял сыяктуу эле Куран окуй албайт. Дааратсыз

адам Куран окуй алат. Булардын бардыгы мусхафты

(Куран китебин) ажырап турган китепкапсыз кар-

май алышпайт. Жең менен мусхафты кармоо макрух.

Ошондой эле сүрөө жазылган дирхамды (сомду, акча-

ны) капчыксыз кармай алышпайт. Айыз көргөн аял,

нифасы келген аял, жунуб болгон адам Куран окуй

албайт. Бир аят, бир аяттан азын да окуй албайт. Бул

Имам Кархийдин пикири. Ал эми Имам Тахаавий бир

аяттан аз окуганга жогорудагылардын мүмкүнчүлү-

гү бар, себеп дегенде бир аяттан азы менен намаз да

окулбайт, андан сырткары маани менен сөздүн назм-

түзүлүшү бир аятсыз толук боло албайт. Имам Кархий-

дин сөзүнүн төркүнү Имам Термизий риваят кылган

хадиске такалат. Азирети Ибну Умар Пайгамбарыбыз

алайхис саламдын бул сөзүн айтат: «Айыз көргөн ме-

нен жунуб болгон Курандан эч нерсе окубасын!».

«Мухиитте» айтылат: Жогорудагы маселелер

Куранды тилават максатында окуган адамга тийе-

шелүү. Ал эми Куран аятын зикир же сана-мактоо

катары окуса жарай берет. Мисалы: «Бисмиллаахир

рохмаанир рохиим. Алхамду лиллаахи роббиль ьаа-

ламийн». Ошондой эле жогорудагы адамдар зарыл-

чылык үчүн Куранды тамга-тамга кылып окутса, үй-

рөтсө жарай берет.

Даараты жок адам жаттаган Куран аяттарын каа-

лаганча окуй берет. Имам Термизий риваят кылган

хадисте Пайгамбарыбыз алайхис саламдын төмөн-

дөгү сөзүн Азирети Алий келтирет: «Куран окуган-

дан жунубтуктан башка эч бир нерсе тосо албайт!»

Жогоруда айтылгандын баары: айыз көргөнү,

жунуб болгону, ныфас жеткени, дааратсыз болгону

мусхафты кармай алышпайт. Куранда Кудай Таа-

лам: «Аны (Куранды) таптаза болгондордон баш-

калары кармабасын!» (Ваакиьа:79), дейт. Имам Абу

Дауд «Марасиилинде»: «Даараттуу адам гана Ку-

ранды кармасын!» деп айтат.

Куран китеби ажырап алына турган, мусхафтын

бир бөлүгү катары кабылданбай турган китепкап-

ка же баштыкка салынса, ошол нерсе менен көтөр-

сө болот. Имам Бухарийдин риваятында Абу Вааил

өзүнүн айыз көргөн күңүнө, Абу Разийнге алып ба-

рып бер деп мусхаф берээр эле, ал китепкаптын боо-

сунан кармап алып бараар эле.

Жең менен мусхафты (Куран китепти) кармоо

макрух. Себеп дегенде жең адамдын бир бөлүгү

болгондой эле эсептелет. Адам менен мусхафтын

ортосундагы тосмо катары бааланбайт. Мисалы

жерге олтурбаймын деп касам ичип, а бирок шымы

менен жерге олтурса деле жерге олтурду деп ка-

самын бузуп алган болуп эсептелип жатпайбы?!

Жамбашына кийген шымына олтурду деп эч ким

айтпайт эмеспи?.

Ошондой эле сахибайндин пикиринде тафсир

китептерин, хадис китептерин, фыкых китептерин

дааратсыз кол менен кармоо макрух эсептелет. Ант-

кени бул китептер Куран аяттарынан куру болбойт

эмеспи. Буларды жең менен кармай берсе макрух да

болбойт. Ал эми Азирети Абу Ханифанын пикирин-

де жогорудагыларды дааратсыз кармай берген мак-

рух эмес.

Ошондой эле акчага Куран аяттары же сүрөө жа-

зылган болсо даараты жок адам капчык менен гана

кармоого уруксат болот. Сүрөө деп баса көрсөтүүнүн

мааниси, адатта көпчүлүк акчаларга Ыхлас сүрөөсү

толугу менен жазылып жүрөт.

Куран аяттары илинип турса, мусхаф ачык турган

болсо даараты жок адам колу менен кармабастан ту-

руп, жөн гана көзү менен окуса макрух болбойт.

Жаш балдарга мусхафты кармаганга уруксат

берүү керек болот, антпегенде аларга кантип Куран

жаттатмак элек. Эң жакшысы даарат алганды толук

үйрөнүп, эси толгонго чейин мусхафтын өзүн кар-

матпай, атайын кээ бир аяттар же кээ бир паралар

жазылган китепчелерди карматканыбыз макул.

Колуна калем сыяктуу нерсе алып, ошону менен ба-

рактап окуганга уруксат берилет.

Чубак ажы Жалилов

Бактылуулуктун Формуласы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE