Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Тошок маданяты зерикпей окуу.

https://kyrgyzcha.site/?p=37878&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Тошок маданяты зерикпей окуу

Кумар оту, сексуалдык кызыгуу… Бул маселелер ислам дининде кандай каралган? Аял жана эркектин интимдик мамилесинде шарият боюнча эмнелерге тыюу салынган жана эмнелерге уруксат берилерин изилдеп көрүүнү чечтик. Биздин суроолорго муфтияттын фатва бөлүмүнүн өкүлү жооп берди.

ЭМНЕЛЕРГЕ ТЫЮУ САЛЫНАТ?

Төшөк оюнунда эркелетүү, сылап-сыйпоо, махабат сөздөрүн арноо чектелген эмес. Хадисте “аялыңар – силердин мөмө талааңар. Ага кандай жакындоону өзүңөр билгиле” делген. Ошондуктан махабат майданында эркек ар кандай ыкмаларды колдонсо болот. Бирок “эркек үстүндө” ыкмасын көбүрөөк колдонуу шартка ылайык. Бул ыкма хадисте жазылган жана башка ыкмаларга караганда кумарлуу деп эсептелинет. Бир гана тыюу салынган нерсе, аялдын арткы тешиги аркылуу жыныстык катнаш жасалбаш керек.

ОРАЛДЫК СЕКС

Бул маселе боюнча көп талаш-тартыштар бар. Айрым маалыматтар боюнча, уруксат берилет. Бирок фатва бөлүмүндөгүлөрдүн айтуусунда, эркек менен аял жыныстык органдарын оозуна алып бирин-бири эркелетүүсү арам болуп саналат. Анткени «ооз тамак жегенге, Алланы эстегенге жаралган» делинет.

КОЛДОР

Мусулмандарда “адал нерсени оң кол менен гана кармоо керек” дешет. Ошондон улам “жыныстык мүчөсүн кармап эркелетүүгө болобу? Эгерде уруксат болсо, оң кол менен кармаш керекпи же сол кол мененби?” деген суроолор туулду. Муфтияттын кызматкерлеринин айтуусунда, жубайлар бири-биринин жыныстык мүчөсүн кармалап эркелетүүсүнө уруксат берилген. Оң же сол кол менен кармоо мааниге ээ эмес.

«КЫЗЫЛ КҮНДӨР»

Шарият боюнча, аял кишинин айызы келип жаткан күндөрдө жыныстык катнаш кылууга тыюу салынган. Бирок шымды чечпей туруп киндиктен өйдө жагын кармалап, кучактап, өбүшүүгө, сүйлөшүүгө, бир төшөккө жатууга болот. Бул күндөрү эркек чыдап, аялынын көңүлүн оорутпай күтүүсү кажет.

КУМАР ОТУНАН КИЙИН…

Шарият боюнча, интимдик байланыштан кийин аял менен эркек жуунуулары керек. Бул жөн гана денесин жууп коюу дегендик эмес. Оозду, мурундун ичин жууп, толук гусул алышы керек. Бир түндө бир нече жолу рахатка бата турган болушса, демек, ортолорунда жок дегенде даарат алган жакшы. Эгерде андайга шарт жок болсо, уруксат берилет.

“ЭКИ АЯЛЫМ ЖАНА МЕН”

Биздин редакцияга келген суроолордун ичинде өзгөчөсү да бар. Мисалы, “мусулман адам эки аялына тең көңүл бурууга жетишпей жатса, эки аялы менен бир учурда кумарга батууга болобу?” деген суроо. Эки аял менен бир төшөктө болууга ислам дининде таптакыр тыюу салынган. Экөө менен эки башка жайда, эки башка төшөктө болушу зарыл.

Пример HTML-страницы

ТУУ ЧОКУГА БИРГЕ…

Шарият боюнча, эркек өз дене кумарын кандырып, аялын канааттандыра албай калса, анын алсыздыгы деп эсептелинет. Эркек өзүн формада алып жүрүүсү керек. Эркектин төрт аялы болсо, төртөөнүн тең кумарын кандырууга аракет кылуусу абзел.

КАЙСЫ КҮНҮ КУМАРГА БАТКАН ПАЙДАЛУУ?

Ар бир күнү эркек менен аял интимдик мамилеге көңүл буруулары керек. Бирок аптанын ичинен бейшемби күндүн түнү кумарга батуу жакшы маанай тартуулайт дешет. Мусулмандарда түн биринчи эсептелингендиктен, бул түн жума кечеси деп айтылат. Жума аптанын улуу күнү болгондуктан, бул түнү адамдарды периштелер курчап турушат.

УКУКТАР ЖАНА МИЛДЕТТЕР

Ислам дининдеги бирден бир өзгөчөлүк – интимдик байланыш никеде гана болуусу керек. Аялынан кызыгуусу тараганда четтен көңүл ачуу деген исламда жок. Ошондуктан жубайлар төшөк маданиятын сактап, бири-бирине болгон сексуалдык кызыгуусун жоготпоосу зарыл. Күйөөсү кандай учурда, кайсы жерде, кандай ыкмада аялын кааласа, аял бул каалоого баш ийиши керек. Хадистердин биринде “күйөөсү төшөккө чакырса, ал эми аялы ар кандай шылтоо менен баш тартса, ал аялга периштелер түнү менен наалат айтып турат” деп айтылган. Жубайлардын төшөктөгү укугу бирдей.

Аялынын кумарын кандыруудан баш тарткан эркек да жазага татыктуу. Эгерде эч себепсиз төрт ай бою күйөөсү күйөөлүк милдетин аткарбаса, анда аял күйөөсүнүн үстүнөн казыга же имамга арыз менен кайрылууга укугу бар.

КЫСКАЧА…

“Ислам жана сүйүү” деген китепте “кимдин мүмкүнчүлүгү болсо, үйлөнсүн. Андай болбосо, орозо кармасын” деп жазылган.

Эротикалык түш ислам дининде шайтандын иши катары каралат.

Кумарга баткандан кийин экөө тең дароо туруп кетпей, оң капталында бир аз жатуулары абзел.

Ислам дининде гейлер жана лесбиянкалардын жыныстык канташы кечирилгис күнөө деп эсептелинет да катуу жаза чектелен

 

 

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE