Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Шейх Мухаммад Ибн Солих аль-Усаймин

https://kyrgyzcha.site/?p=36591&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

❔СУРОО. Кабыр азабы адамдын руху менен байланыштуубу же анын өлгөн денеси мененби?

 

❕ЖООП. Шейх Мухаммад Ибн Солих аль-Усаймин айтты:

 

Кабыр азабы тууралуу Куранда жана Пайгамбардын ﷺ сүннөтүндө анык кабар келет. Аллах Таала Куранда мындай дейт: “Сен ошол заалымдардын өлүм далбасасында жаткан мезгилдегисин жана периштелер аларга колун созуп (сабап-кыйнап): «Жаныңарды чыгаргыла! Бүгүн силер Аллахтын аяттарынан текеберлене жүз үйрүп, Аллахтын атына жалган-жалааларды айтканыңар себептүү кордук азабы менен жазаланасыңар”» дегенин бир көрсөң…” (Куран аль-Анъаам 6:93).

 

Жана дага Аллах Таала Фираундун эли тууралу мындай дейт: “Аларга [Фираун менен элине] эртели-кеч тозок көргөзүлүп турулат. Ал эми, Кыямат болгондо [алар тууралуу]: «Фираун элин эң катуу азапка киргизгиле!» деп айтылат” (Куран аль-Гофир 40:46).

 

Ал эми кабыр азабы боюнча келген хадистер өтө көп. Алардын ичинен, мусулмандардын бардыгына – аалымдарына да, карапайым калкка да – белгилүү болгон Пайгамбарыбыздын ﷺ дуасы: “О, Аллах! Мен сенден паана (коргоо) тилеймин: Жаханнамдын азабынан, кабыр азабынан, өмүр менен өлүмдүн фитнасынан жана аль-Масих ад-Дажжалдын фитнасынан” (Муслим: 590).

 

Негизинен кабыр азабы адамдын рухуна тийешелүү. Айрым учурда анын денесине дагы байланыштуу болот. Айрыкча, көрдө инсанды [периштелер келип] өзүнүн Роббиси, пайгамбары жана дини тууралу сурашканда. Ошондо, анын руху денесине кайтарылат. Бирок денеси менен руху бул дүйнөдөгүдөй байланышта болбойт, барзах дүйнөсүнүн байланышындай болот.

 

Ошондо, өлүк өзүнүн Роббиси, пайгамбары жана дини тууралу суралат. Эгер ал капыр же эки жүздүү (мунаафык) болгон болсо, ал мындай деп айтат: “Мен билбеймин, … мен билбеймин, адамдар бир нерселерди айтып жаткандарын укчу элем, ошолорду гана айтып жүрчүмүн” дегенде, ал, темирден жасалган барскан менен урулат. Ошондо анын кыйкырыгын, инсандан башкасы бардыгы угушат. Эгер ошол кыйкырыкты адам укканында, ал эсин жоготуп, кулап калмак (Абу Дауд: 4753; Ахмад: 18063. Шейх Альбани бул хадисти сахих деди).

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE