Пример HTML-страницы

Шайтандын азгырыгынын оозун жаптырган сыр…

https://kyrgyzcha.site/?p=40903&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Шайтандын азгырыгынын оозун жаптырган сыр...

Үч пункттан турат.

Биринчи пункт: Шайтандын эң чоң азгырыгы⬇Ыйман акыйкаттарынын улуктугу жагынан жүрөгү тар, акылы кыска жана кыска пикирдүү адамдарды алдап, минтип айтат⬇«Жалгыз Бирөө гана бардык атомдорду, планеталарды, жылдыздарды жана башка нерселерди бардык жагынан башкарып, камсыздап, тескеп, жөнгө салып турат деп айтылат. Мындай чексиз укмуштуу маселеге кантип ишенүүгө болот? Кантип жүрөктөн орун алат? Аң-сезим кантип кабыл алат? – дейт. Адам баласынын алсыздыгынан улам Аллахты жокко чыгаруу сезимин ойготот.

Жообу: Шайтандын бул азгырыгынын оозун жаптырган сыр🌙«Аллаху Акбар» келмеси. Чыныгы жообу да🌙«Аллаху Акбар» келмеси.  Ооба, «Аллаху Акбар» келмесинин Ислам дининдеги көп кайталануусу – дал ушул азгырыкты жок кылуу үчүн. Анткени, адам баласынын алсыз кубаты, күчсүз кудурети жана тар пикири мындай чексиз акыйкаттарды «Аллаху Акбар» келмесинин нуру менен көрүп, тастык кылат. Ошондой эле «Аллаху Акбар» келмесинин кубаты менен ал акыйкаттарды көтөрүп турат, «Аллаху Акбар» келимесинин алкагына жайгаштырат жана шек-күмөнгө түшкөн жүрөгүнө минтип айтат: Бул ааламдын укмуштуудай тартип менен башкарылып, теске салынып жатуусу ачык көрүнүп турат. Мында эки жол бар:

Биринчи жол:

Жараткандын бар болушу,  мүмкүн. Бирок, өтө улук жана укмуш. Ансыз деле ааламдагы мындай укмуш нерселер укмуштуудай өнөр менен, өтө кереметтүү жол менен болот. Ал жол болсо: Ааламдагы бардык нерселердин, балким, атомдордун санынча бар экендигинин күбөлөрү болгон Жалгыз жана эч нерсеге муктаж болбогон Аллахтын башкаруусу, каалоосу жана кудурети менен болуп жатуусу.

Экинчи жол:

Эч кандай мүмкүн болбогон жана мүмкүн болбой турган даражада татаал жана эч бир жагынан акылга сыйбаган Ширк менен каапырдыктын жолу. Анткени, «Жыйырманчы кат» менен «Жыйырма экинчи сөз» сыяктуу көптөгөн рисалелерде өтө ачык далилдегенибиздей: Ааламдагы бардык жаратылган нерселерде анык көрүнүп турган чексиз тартип, иреттүүлүк жана өтө кылдат өлчөм менен алынган жеткилең жана абдан кооз өнөрлөрдүн бар болушу үчүн, ааламдын ар бир макулугунда, атүгүл, ар бир атомдорунда чексиз улуктук, чексиз илим жана чексиз кудурет болушу керек болот.

Корутунду:

Эгер ылайыктуу жана орундуу болгон Аллахтын улук Башкаруусу болбосо, анда бардык жагынан акылга сыйбаган жана мүмкүн болбогон бир жолду кармаш керек болот. Татыктуу жана керек болгон Аллахтын улуктугунан качуу менен таптакыр мүмкүн болбогон жолго кирүүнү шайтан дагы сунуш кыла албайт.

Экинчи пункт:

Шайтандын дагы бир маанилүү азгырыгы⬇Адам баласынын кемчилигин мойнуна алдыртпоо болуп саналат. Анткени, Аллахтан кечирим суроо жана Аллахтан баш паанек тилөө жолун бөгөш үчүн, ошондой эле адамдын менменсинүүсүн козгоп, напси өзүн адвокат сыяктуу актоо үчүн жана өзүн бардык кемчиликтерден аруулоо үчүн адам баласынын кемчиликтерин мойнуна алдыртпоого аракет кылат. Ооба, шайтанды уккан напси өз кемчиликтерин көрүүнү каалабайт. Көрсө да жүз түрдүү актануулар менен өзүн актай берет. وَ عَيْنُ الرِّضَا عَنْ كُلِّ عَيْبٍ كَلِيلَةٌ Эрежеси боюнча: Өз напсисине ыраазы болуп карагандыгы үчүн эч качан айыбын көрө албайт. Айыбын көрбөгөндүгү үчүн мойнуна албайт, Аллахтан кечирим менен жардам сурабайт, шайтанга маскара болот⬇

Азирети Юсуф алейхиссалам сыяктуу улуу пайгамбар وَمَا اُبَرِّئُ نَفْسِى اِنَّ النَّفْسَ َلاَمَّارَةٌ بِالسُّوءِ اِلاَّ مَا رَحِمَ رَبِّ деп жатса, напсиге кантип ишенүүгө болот. Напсисин күнөөлөп турган адам ар дайым кемчилигин көрөт. Кемчилигин көргөн адам истигфар кылып Аллахтан кечирим сурайт. Аллахтан кечирим сураган Аллахтан баш паанек тилейт. Аллахтан баш паанек тилеген адам шайтандын жамандыктарынан кутулат🌹

Кемчиликтерин көрбөө ошол кемчиликтен да чоң кемчилик болуп саналат. Ал эми кемчиликти моюнга албоо – өтө чоң кемчилик. Эгер кемчилигин көрсө, ал кемчилик кемчиликтен чыгат, моюнга алса кечиримге татыктуу болот.

Үчүнчү пункт:

Инсандын коомдук жашоосун бузуп жаткан шайтандын дагы бир азгырыгы мындайча⬇Ыймандуу адамдын бир күнөөсү менен бардык жакшылыктарын жаап салат. Шайтандын бул азгырыгына азгырылган ынсапсыздар ыймандуу адамга душмандык кылышат. А бирок, Аллах Таала Сурак күнүндө кара кылды как жарган адилеттүүлүгү менен пенделеринин амалдарын улуу таразасында тарткан кезде, сооптору күнөөлөрүнөн көп болобу же аз болобу ошого жараша өкүм чыгарат. Ал эми күнөөлөрдүн себептери көп жана күнөө жасаш оңой болгондуктан, кээде бир сооп менен көптөгөн күнөөлөрдү жаап салат. Демек, бул дүйнөдө Аллах Тааланын ошол адилеттүүлүгүнүн негизинде мамиле кылуу керек🌙

Эгер бир адамдын жакшылыктары жамандыктарына караганда сан жана сапат жагынан артыкчылык кылса, ал адам сүйүүгө жана урматтоого татыктуу. Балким, жалгыз гана баалуу бир жакшылыгынан улам көптөгөн күнөөлөрү кечирилип кетээр деген назар менен кароо керек. А бирок, инсан табиятындагы зулумдук сезими менен жана шайтандын азгырыгы менен, бир адамдын жүздөгөн жакшылыктарын анын жалгыз бир күнөөсүнүн айынан унутат, ыймандуу бир тууганына каршы душмандык кылат, күнөөгө батат⬇

Маселен: Чымындын бир канаты көзгө түшүп калса, бир тоону тосуп көрсөтпөй калат. Дал ошол сыяктуу: Инсан караөзгөйлүк сезими менен чымындын канаты сыяктуу кичинекей бир күнөөсүнөн улам тоо сыяктуу жакшылыктарды тосуп алат, унутат, ыймандуу бир тууганына каршы душмандык кылат, адамзаттын коомдук жашоосунда бузуку курал болот⬇

Шайтандын бул азгырыгына окшогон дагы башка азгырыктар менен адамдын туура ой жүгүртүүсүн бузат. Ыйман акыйкаттарына каршы туура өкүм чыгаруусуна тоскоол болуп, пикиринин тууралыгына да кедергисин тийгизет. Мындайча:

Бир ыйман акыйкаты тууралуу жүздөгөн далилдердин өкүмүн, кайтарууга далил болуучу бир ишарат менен жок кылгысы келет. А бирок, эч кандай шек-күмөнсүз эреже боюнча: «Бир далилдөөчү көптөгөн жокко чыгаруучудан жогору турат». Олуттуу бир маселеге далилдөөчү бир күбөнүн өкүмү, жүздөгөн каршы чыгуучулардан өйдө турат. Бул акыйкатка бул мисал менен кара. Мындайча:

Жүздөгөн эшиктери кулпуланган бир сарай бар. Бир эшигинин ачылуусу менен ал сарайга кирүүгө болот, башка эшиктери да ачылат. Эгер бардык эшиктери ачык болуп, бир-экөөсү гана жабык болсо, ал сарайга кирүүгө болбой турганын айтууга болбойт.

Мынакей, ыйман акыйкаттары ошол сарай сыяктуу. Ар бир далил бирден ачкыч сыяктуу, далилдеп, эшикти ачып жатат. Бир эшиктин ачылбай калуусу менен ошол ыйман акыйкаттарынан баш тартууга болбойт жана жокко чыгарылбайт. Шайтан болсо, кээ бир себептерден улам, же наадандык, же болбосо илимсиздиктен пайдаланып, жабык калган ошол бир эшикти көрсөтөт. Далилдеп жаткан бардык далилдерди жокко чыгарат. «Бул сарайга кирүүгө болбойт, балким, бул сарай эмес, ичинде эч нерсе жок» – деп алдайт.

Мына, эй шайтандын азгырыктарына дуушар болгон инсан🌙!

Диний жашоонун, жекече жана коомдук жашоонун саламаттыгын тилесең жана пикириңдин тазалыгын, көз карашыңдын тууралыгын жана жүрөгүңдүн саламаттыгын кааласаң, Куран өкүмдөрүнүн таразалары менен жана Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам)дын сүннөт эрежелери менен амал кыл, өлчө жана Куран менен Сүннөттү дайыма бекем карма жана اَعُوذُ بِاللّٰهِ مِنَ الشَّيْطَانِ الرَّجِيمِ деп, Аллахка🌹кайрыл!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE