Пример HTML-страницы

Шайтандын азгырыгынан этият болуңуз!

https://kyrgyzcha.site/?p=40444&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Шайтандын азгырыгынан этият болуңуз!

Намаз жөнүндө: Эй Мухаммад! Намаз жөнүндө да айта кетейин. Мусулмандар арбир убакытта намаз окууну каалайт. Бирок мен аларды кармаймын, жана аларга мен: «Али жашсың, жашың барганда (картайганда) окуйсуң, али сага эрте, дал азыр сенин колуң бош эмес, азырынча тек жумушуңду кыл, кийин окуйсуң» деп, «васваса»(азгырык) беремин. Ушундайча намаз окуудан тыямын. Аэгерде ал мага багынбаса, адамдын шайтанын жиберемин. Айтор ага намазын өз убагында окутбоого тырышамын.

Эгер ал адамдын да шайтанын да тыңдабаса, анда анын сазайын намазда беремин. Намаз окуп жатканда: «оңго… солго кара» деймин. Ал карайт. Андан кийин ага: «Сен намазда адепсиздик кылдың» деп, анын ыкласын бузамын.

Эй Мухаммед, кимде-ким намазда алаксый берсе анын намазы намаз болбойтургандыгын сен да билесиң го. А эгер бул ишимден да натыйжа болбосо, жалгыз өзү намаз окуган убакытта жанына барып, намазды тез-тез окууну талап кылам. Алда намазын тез-тез окуй баштайт. Туура жерден короз дан терип жеген сыяктуу. Эгер бул ишимди да орундата албасам, бул жолу жамаат менен намаз окуган кезде ага жакын барып, имамдан (молдодон) мурда башын саждеден, рүкүдөн көтөртөмүнда, ары имамдан мурда сежде, рүкү жасатамын.

Мына ушундай кылганы үчүн АллахТаала кыямат күнү анын башын эшектин башына айландырат. Эгер бул иштеримден да бир натыйжа чыкпаса, бул жолу ага намазда бармактарын сындырууну (кырсылдатууну) буйрук кылам. Ушундайча ал мени тасбих эткендерден (мактап, көкөлөткөндөрдөн) болот. Бирок, бул ишти намаз окуп жатканда орундата албасам, ага кайта барып, мурдуна үйлөйм. Мен мурдуна үйлөгөн кезде ал оозун ачып эстей баштайт.Эгер ал эстеген кезде колу менен оозун жаппаса, менин кичинекей балдарымдын бири анын ичине кирет. Кичинекей балам ал адамдын дүйнөгө деген сүйүүсүн арттыра түшөт. Мына мындан кийин ал адам бизге гана кызмат өтөйт. Сөзүбүздү тыңдайт. Айтканыбызды эч кыйшаңсыз орундайт. Шайтан сөзүн уланта берди.

— Үмөтөрүңдүн кайсы бир жакшы иштерине кубанасың. Мен аларга небир тузактарды жасаймын. Мискиндердин, бей-бечаралардын жанына барамын. Аларга намаз сиздер үчүн эмес, Аллах Тааланын тамагы жетиштүү, ден соолугу мыкты, ары жакшылык берген кулдары үчүн деймин. Ушундайча алардын намаз окубашын каалап, намаз окубагыла деп буйрук кылам.

Мындан кийин ооруларга барамын. Аларга «Намаз окубай эле койгула, анткени АллахТаала «Ооруларга күнөө жок» деген деймин. (Нур, 1). «Ооруңан айыгып, жакшы болгондо көп-көп намаз окуп ордун толтурасың» деймин. Отуруп намаз окуудан тыямын. Ошентип ал каапырлыкка өтүшү мүмкүн. Эгер анын оорусу күчөп, ушул оору себебинен намазын таштап кетип, ошол бойдон өлүп кетсе Аллах Тааланын алдына барган убакытта ооруп жатса намаз окубаганы үчүн өзүнө өзү катуу өкүнөт.

Эй Мухаммед! Эгер мен бул сөздөрүмө калп кошсом Аллах Тааладан тиле, мени күлгө айландырсын, — деди.

Иблис мындан кийин аңгемесин улантты: — Эй Мухаммед! Үмөтүңдү мактанчы кыласыңбы? Негизинде мен алардын баарын динден (туура жолдон) чыгарамын,- деди.

Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллооху алейхи ва саллам) мындай суроолорду койду:

— Эй, наалатка калган Иблис, сенин бирге отура турган жолдошуң ким? — Менин жолдошум «пайыз» (процент) жеген киши.

— А досуң ким? — Ойноштук кылган киши.

— Бирге жата турган жолдошуң ким? — Өлөрчө арак ичип , мас болгон адам.

— Сенин коногуң ким? — Ууру киши.

— Элчиң ким? — Сыйкырчы (төлгөөчү) кишилер.

— Көзүңдүн нуру ким? — Аялынан ажырашкан адам.

— Сүйүктүүң ким? — Жума намазына барбаган киши, — деп жооп кайтарды. Пайгамбарыбыз суроолорун өзгөртүп, мындай суроолорду берди:

— Эй наалаты, сенин көңүлүңдү эмне калтырат? — Аллах жолунда согушка чыккан аттардын кишенеген добуштары.

— Жарайт, сенин денеңди эмне эритет? — Бир күнөө иштеп, аркасынан тооба кылбаган кишинин сөздөрү.

— А бооруңду эмне ээритет? — Күндүзү, түнү Аллах Таалага мол-мол айтылган истигфар (кечирим суроо).

— А жүзүңдү эмне бүрүштүрөт? — Жашырын берилген садака.

— Жарайт көзүңдү көр кылган эмне? — Түн жарымына оой окулган намаз.

— А башыңды төмөн шылкыйта турган эмне? — Ал да түн жарымында окулган намаз.

— Сен үчүн адамдын эң жогору даражалуусу ким? — Намаз окуу керек экенин билип туруп, атайын намаз окубаган киши.

— Сенин мазаңды ала турган эмне? — Улама аалымдардын жыйналышы.

— Тамагыңды кандай жейсиң? — Сол кол менен, бармактарымдын учу менен.

— Жарайт, катуу шамал болгондо же күн катуу ысык болгон убакытта балдарыңдыкайда сактайсың? — Адамдардын узун-узун тырмактарынын астында.

— Эй Иблис наалаты, сен Аллах Тааладан эмне сурадың? — Мен Аллах Тааладан он нерсе сурадым. Аларды да айта кетейин.

1. Мени адам баласынын малы менен балдарына орток кыл деп сурадым. Бул суранычымды орундады. ….Орток бол малдарына, Жана да балдарына. (Арамдык аралаштыра) Аларга бер убада, Шайтандын убадасы, Азгыруу үчүн гана. (Исра, 64) Ар бир биссмилласын союлган малдын этин пайыз (процент) деп арам тамактан да жеймин. Менин азгыруумдан Аллахка сыйынбаган ар бир кишинин малына ортокмун. Менин азгыруумдан Аллахка сыйынбай бир төшөктө жаткан (жыныстык катнашта болгон) эрди катындардан дүйнөгө келген бала да бизге багынат, сөзүмдү угат. Кимде-ким көлүккө минип жатканда адал жолго (жакшы жерге) эмес, арам жолго (терс, жаман жерге) барууга ниеттенсе мен да аны менен бирге минишемин. Анын сапардагы жолдошу боломун. Аллах Таала бул тууралуу мындай дейт: …Аттуу, жөө түрдө келгин. Түйшүктөнтүп дүүлүктүргүн… (Исра, 64)

2. Аллах Тааладан мага бир үй бер деп сурадым. Аллах Таалам мага мончону үй кылып берди.

3. Мындан кийин мага бир мечит бер деп сурадым. Аллах Таала мага базарларды мага мечит кылып берди.

4. Мага окуй турган бир китеп бер деп сурадым. Ырларды мага окуй турган китеп кылып берди.

5. Мага бирге жата турган жолдош бер деп сурадым. Мага мас көмдөрдү берди 6. Мындан кийин мага бир азанчы бер дедим. Сурнайчыларды (музыканттарды) берди.

7. Мага көмөкчү бер деп сурадым… Бир жаман ишти кылып коюп, пешенеме ушундай жазылган экен дегендерди көмөкчү кылып берди.

8. Мага тууган берчи деп сурадым эле, дүнүйө малдарын керексиз жерге ысырап кылгандарды берди. Бул да Куран Карим аяты менен да далилденген: Ысырапчыл чындыгында, Шайтандын тууганы да. А шайтан кас Раббыңа (Исра, 27) .

Ошол кезде Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллооху алейхи ва саллам) «Эгер айткан сөздөрүңдү Куран карим аяттары менен далилдебегениңде сага ишенбейт элем» деди. Шайтан сөзүн жалгаштыды:

9. Аллахтан сурадым, адам балдарын мен көрөйүн , бирок алар мени көрбөсүн. Бул тилегимди да орундады.

10. Дагы да адам баласынын денесиндеги кан тамырларын мага жол кылып бер дептиледим. Муну да кабыл кылды. Ушундайча мен алардын арасына киремин, каалашымча айтканымды орундатамын. Бул абалыма мактаныч кыламын. Дагы да муну айта кетейин. Эй Мухаммед, сени менен бирге болгондорго (ээрчигендерге)караганда, мени менен бирге болгондор (мага ээрчигендер) өтө көп. Мына ушундайча кыяматка чейин адам баласынын көпчүлүгү мени менен бирге болот.

Мындан кийин Иблис дагы мындай деди:

— Менин бир уулуми бар… Анын аты Атеме, анын кылаар жумушу кимде-ким куптан(ясту) намазын окубай уктап калса, анын кулагына барып кичи дааратын сындырат. А эгер менин уулум бул ишти иштебесе, мусулмандар куптан намазын окубай уктай албас эле. Мени дагы да бир уулум бар. Анын аты Мутекази. Бул уулумдун аткара турган милдети жашырын (эч кимге көрүнбөй) иштеген кулчулуктарын (амалдарын) жарыкка чыгаруу.

Мисалга, бир киши эч кимге көрсөтпөй жашырып кулчулук кылса жана эч кимге айтпай өз ичинде сактаса уулум Мутекази аны түрткүлөйт… Эң сонун ал киши жашырын иштеген кулчулуктары менен жакшылыктарын башкаларга айтып жарыкка чыгарат. Ушундай кылган үчүн Аллах Таала ал кишинин сообунун токсон тогузун өчүрүп таштайт. Тек бир сообу гана калат. Анткени Аллах Таала жашырын иштелген кулчулуктар менен жакшылыктарга жүз сооп берет. Ошондой эле, менин дагы бируулум бар. Анын аты Кухайыл. Бул уулумдун аткара турган иши адамдардын көзүн үлгүрөтүү. Асыресе уламалардын мажилисинде да имамдар үгүт насаат айткан убакыттарда менин бул уулум адамдарга жакындап барып көздөрүн үйлөйт. Мына ошол кезде аларды уйку басат. Уламалардын же имамдардын айткан сөзүн укпайт. Ушундайча сооптон да куру калат. Мындан кийин Иблис мындай деди:

— Кандай аял болсо да анын турган жерине балдарымдын бири отурат. Ары ар бир аял кишинин койнунда бир шайтан ал аялды жакшы (сулуу) кылып көрсөтөт жана ал аялга кай бир иштерди орундоого үгүттөйт.

Мисалы: «чачыңды жайып, бет алпетти боёп, кыска кийимдердин кийип өзүңдү күт. Башкалар сага таңдана, кумарлана карай тургандай болсун» дейт. Ал аял аны кечеңдетпей орундайт. Ошентип аял уялбай ээн эркин кыска кийим киет. Өзү ачык-чачык (өз денесин ачып, көрсөтүп)жүрөт. Уят-сыйыт эмне экенин да билбейт. Иблис мындай кийин өз жагдайын айта баштады: — Эй Мухаммад! Адамды туура жолдон чыгарууда менин колумдан эч бир иш келбейт. Мен тек бир нерсени жакшы көрсөтүп, анын көңүлдөрүнө саламын. Эгерде туура жолдон чыгаруу менин колумда болгондо жер бетиндеги «Теңи жок, Аллахтан башка, Мухаммад элчи Аллахка» деген кишилерди, орозо тута турган, намаз окуй турган кишилерди калтырбайт элем. Алардын баардыгын туура жолдон чыгарар элем. Эй Мухаммед, менин колуман эч бир иш келбеген сыяктуу адамдарды туура жолго салууда сенин колуңдан да эч нерсе келбейт. Сен тек гана Аллахтын элчиси, ары сөзгө чеченсиң. Эгер туура жолго салуу сенин колуңда болсо, сен жер бетинде бир да капыр калтырбас элең, — деди.

Мындан кийин Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) мына бул эки аятты окуду:

Раббың аларга мээрим Көрсөткөндөрдөн башка. Ал жараткан (ушундайча) Раббың сөзү ишке ашууга: «Толтурам жаханнамды, Жиндер менен адамдарга». (Худ, 119). Аллахтын буйругу — өкүм тужурмду.(Азхаб, 38). Мындан кийин Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллооху алейхи ва саллам) Иблиске мындай деди: — Эй наалаты, сенин тообага келип Аллах Таалага кайтууң эч мүмкүн эмеспи? Жанатка кирүүңө себепчи болоюн.

Иблис (шайтан): — Эй, Алланын элчиси! Ар бир иш берилген өкүмгө жараша болот. Чечимди жазган калем да куруду, кыяматка чейин боло турган иштер болот. Сени пайгамбарлардын ичинде «султаны» кылып жаннат калкынын хатиби?(сүйлөөчүсү) кылган да – Аллах Таала.

Иблис соңку сөзүн мындай аяктады: — Мына бул айткандарым сага сока сөздөрүм. Айткандарымдын эч бирине да калп кошподум.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE