Пример HTML-страницы

Сахабалардан Харис аль-Аавар (разияллооху анху) баяндайт

https://kyrgyzcha.site/?p=52647&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Сахабалардан Харис аль-Аавар (разияллооху анху) баяндайт

«Мечитке барган элем, адамдар өткөн-кеткендин кебине түшүп калышыптыр.

Мен турбастан азрети Алинин (разияллооху анху)нун алдына кирип бардым да, «Оо, момундардын көсөмү!

Калайык өткөн-кеткендин бекерооз кебине түшүп олтурушканы эмнеси?» деп даттандым. Ал мага:

«Чын эле ошентип жатышабы?» деди, мен:

«Ооба» деп жооп бердим. Ал мындай деди:

«Мен Пайгамбарыбыз (саллаллоозу алайхи ва саллам)дын мындай дегенин укканмын♥

«Эсиңерде болсун, баш аламандык башталат бир кездерде!».

«Андан кутулуунун жолу кандай, Оо, Алланын элчиси?» деп сураганымда мындайча жооп берген♥

Анын жолу -Алла Тааланын китеби болгон — Куранга ээрчүү!

Куранда силерден мурункулардын абалдарына байланыштуу кабарлар жана силерден кийинки болчу иштерге катыштуу баяндар бар. Асыресе араңарда болуп өтчү маселелердин өкүмү бар. Ал ак-караны айрып таанытуучу төп өлчөм жана андагы баары олуттуу. Кимде-ким бир зордукчудан коркуп аны таштап койсо, Алла Таала анын ташталканын чыгарат.

Кимде-ким андан башка нерседен туура жол издесе, Алла Таала ал адамды азгын жолго салат. Анткени ал Алла Тааланын эң бышык арканы, даанышмандык баяны, кынтыксыз түз жолу. Ага толук ээрчигендер азгырык ой жоромолдон арылат, ак сөз айтуудан адашпайт, аалымдар ага тойбойт. Аны көп кайталап окуу тажатпайт да, чарчатпайт. Анын адамдарды таң калтырган жактары түгөнбөйт. Ал китепти жиндер эшиткен кездеринде да «Биз туура жолду көрсөткөн эң сонун Куранды угуп, ыйман айтып ага ишендик» дегенге аргасыз болушкан. Анын ыкмасы менен сүйлөгөн адам туура сүйлөйт. Анын жолу менен жашаган адам сөзсүз сый көрөт. Кимде-ким аны менен өкүм берсе адилет өкүм бере алат. Кимде-ким ага чакырса эң туура жолго багыт алат.

Оо, Аавар, сен да ушул сөздөрдү жакшы кармана жүр♥!» (Даарими, Тирмизи.)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE