Пример HTML-страницы

«Риядус салихин» китебинен. 

https://kyrgyzcha.site/?p=19184&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

БИСМИЛЛААХИР РОХМААНИР РОХИИМ

 

«РИЯДУС САЛИХИН»-китебинен

 

Умар бин Хаттаб(радияллаху анху) баяндайт: «Бир күнү Алланын Элчиси (саллаллоху алайхи ва саллам) менен бирге олтурган элек. Бир убакта кийген кийими аппак,чачтары капкара,жолоочуга такыр окшобогон жана баарыбызга бейтааныш киши бизге келди. Пайгамбардын(саллаллоху алайхи ва саллам) жанына барып,тизе тийиштире,колдорун өз тизесине коюп олтурду да: «Оо,Мухаммед, мага Ислам тууралуу айтып берсеңиз?»деди. Алланын Элчиси (саллаллоху алайхи ва саллам): «Ислам — Алладан башка кудай жок экендигине жана Мухаммед анын Элчиси экендигине күбөгө өтүшүн,намаз окушун,зекет беришин, Рамазан айында орозо кармашын жана чамаң жетсе Алланын үйүн зыярат кылып,ажылык парзын өтөшүн»деп жооп берди. Алиги адам: «Туура айттыңыз» деди. Биз өзү собол салып,кайра өзү тастыктаганына таңыркап турдук. Бейтааныш адам суроосун улантып: «Эми ыйманды түшүндүрүп берсеңиз?»деди. Пайгамбар (саллаллоху алайхи ва саллам): «Ыйман- Аллага,Анын периштелерине,китептерине,пайгамбарларына,акырет күнүнө жана тагдырга,анын жакшы-жаманына ишенүүң»деп жооп кайтарды. Бейтааныш адам бул жолу да: «Туура айттыңыз» деп тастыктады да, суроосун улады: «Эми мага ихсан деген эмне,ошону баяндап бериңиз?» Алланын Элчиси(саллаллоху алайхи ва саллам): «Ихсан- Алла Тааланы көрүп тургандай кулчулук кылууң. Анткени,сен аны көрбөсөң да,Ал сени көрүп турат»деп жооп берди. Бейтааныш адам: «Эми мага кыямат-кайым качан болоорун айтсаңыз?»деп сурады. Пайгамбарыбыз(саллаллоху алайхи ва саллам): «Кыяматтын качан болору тууралуу суралган адам суроочудан артык билбейт»деп жооп берди. Бейтааныш бу сапар: «Анда мага кыяматтын белгилерин айтып бериңиз?»деди. Алланын Элчиси(саллаллоху алайхи ва саллам):»» Энелер өздөрүнө күң сыяктуу мамиле жасай турган балдарды төрөшөт,жыңайлак,жылаңач койчулар бир-бири менен атаандаша бийик имараттарды кура баштаганын көрөсүң»деп жооп берди. Андан соң бейтааныш адам ордунан туруп,мечиттен чыгып кетти. Мен бир аз олтуруп калыптырмын. Соңунда Алланын Элчиси(саллаллоху алайхи ва саллам) мага кайрылып: «Умар,суроо узаткан кишинин ким экенин билесиңби?»деди. Мен: «Эң туурасын Алла жана Анын Элчиси билет»дедим. Алланын Элчиси(саллаллоху алайхи ва саллам): «Ал силерге диниңерди үйрөткөнү келген Жебиреил периште болчу»деди.

 

¤ Абузар Жундуб бин Жунада жана Муаз бин Жабал(радияллаху анхума) баяндайт. Алланын Элчиси(саллаллоху алайхи ва саллам) минтип айткан: «Кайда жүрсөң да,Алладан коркуп,такыба бол. Жаман ишти жууп кетиши үчүн жакшы иш кыл! Адамдар менен болгон мамилеңде асыл адепти сакта!»

 

¤ Ибн Аббас(радияллаху анхума) баяндайт. «Бир жолу Пайгамбарыбыздын(саллаллоху алайхи васаллам) артынан ээрчип келе жатканымда, Ал мага мындай деген эле: «Ай, балакай, сага бир канча сөздү үйрөтөйүн: Алланын акысын сакта (т.а. Алланын алдындагы милдеттериңди так аткар), ошондо Алла Таала да сени сактайт. Эч убакта Алланы эстен чыгарба. Ошондо Ал да(кыйын учурда) жаныңда болот. Тилегиң болсо, Алладан гана сура. Жардам керек болсо,аны да Алладан сурагын. Эсиңе түйүп ал: бүткүл адамзат чогулуп сага кандайдыр бир пайда келтирмекчи болушса,Алланын маңдайына жазганынан артык пайда келтире алышпайт. Ошондой эле ,адамзаттын баары топтолуп,сага кандайдыр бир зыян тийгизебиз десе,Алланын бешенеңе жазганынан артык кыпындай да зыян тийгизе алышпайт. Анткени, (тагдыр) калемдер алда качан токтоп,жазуулар кургаган»

 

Анас бин Малик(радияллоху анху) мындай деген; «Силер кээ бир жосунсуз жоруктарды кылганыңар менен,ага кылчалык маани бербейсиңер. Чынында биз Алланын Элчиси(саллаллоху алайхи ва саллам) арабызда бар учурларда андай жоруктарды кыйратуучу чоң күнөө деп билчүбүз»».

 

¤ Абу Хурайра(радияллаху анху) баяндайт. Пайгамбарыбыз(саллаллоху алайхи ва саллам) мындай деген: «Чындыгында, Алла Таала кызганат. Алланын кызганычы пенде Алланын арам кылгандарын кыла баштаганда козголот!»

 

¤ Шаддад бин Аус(радияллаху анху) баяндайт. Алланын Элчиси(саллаллоху алайхи ва саллам) мындай деген: «Акылдуу адам- өзүнө-өзү сурак коё,жакшы иштерди жасоо аркылуу өлүмдөн кийинки өмүргө камданган адам. Ал эми нагыз байкуш — ач көз напси каалоосун өз эркине коюп, кайра Кудайдан курулай үмүт күткөн адам».

 

Аягы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE