Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Рамазандын касиеттери.

https://kyrgyzcha.site/?p=35803&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

?Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим

 

? Рамазандын касиеттери

 

Рамазан он эки айдын бири. Рамза — катуу

ысык дегенди билдирет. Алла Таала орозону мына ушул айда б.а. катуу ысык болгон айда парз кылды жана бул айды жыл мезгили

боюнча айланып жүрө турган кылды. Демек, Рамазан айы кыш мезгилинде келеби, күз мезгилинде келеби, биз анын эң ысык убакта парз кылынгандыгын эстеп жүрүүбүз керек. Айрыкча быйылкыдай аптаптуу мезгилге

туура келген Рамазан айында ысыктын орозо тутууга эч кандай тоскоол болбостугун билип алуубуз керек. Алла Таала эң ысык айда орозону

парз кылып, мындан бир канча миң эсе ысык

болуучу Кыямат күнүнүн сурагына даярданууга мүмкүндүк берди. Рамазан, ай календары боюнча жылып жүрөт. Бул дагы Алла Тааланын адилеттүүлүгү. Орозону узун жана ысык

күндө да кармайбыз, кыска жана суук күндө да кармайбыз. Ошентип 33 жылда 4 жыл мезгилин бир айланып чыгабыз. 33 жыл орозо кармоо бейишке кирүүгө себеп болуучу эң сооптуу иш. Алла буюруп бейишке кирсең сенин жашың да

33 жашта болот. Алла Таала пайгамбачылыкты жана Куранды да ушул «Ысык айда» түшүрдү. Демек биз бул дүйнөгө эс алуу үчүн келген жокпуз. Бул дүйнөнүн салкын шапатасы, бак-шактуу көлөкөсү ж.б. түбөлүктүү эмес. Ошондой эле Пайгамбардын жолу, Курандын мыйзамы менен жашабасаң, Кыяматтын

катуу аптабынан жана тозоктун мээ

кайнаткан ысыгынан кутула албайсың.

 

Орозо эмне үчүн парз кылынды? Алла Таала буйрук кылган иштердин баарында сырлар

бар. Алла Таала жараткан нерселердин баарында максат бар. Бул сырларды жана максаттарды бир гана Алла Таала Өзү билет. Бирок, Алла Таала бул сырлардын кээ бирин бизге да айтып, билдирип койгон. Мисалы:

 

1 — Пенделердин такыбаа болуусу үчүн.

Аллах Таала Куранда: «Оо, ыймандуу пенделер!

Силер такыбаа болууңар үчүн, мурдагыларга парз кылынган сыяктуу, силерге да орозо парз кылынды»- деп айткан. (Бакара сүрөсү: 183-аят)

 

Демек, орозо — Аллага такыбаа болуунун жолу. Орозо тутуучу — Аллага эң жакын адам. Орозо тутуучунун курсагы ачка болсо, жүрөгү жумшак болот. Анын көңүлү тамакта болгондуктан, башка күнөө иштерге көңүлү тартпайт. Ошол себептен Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жаштарга кайрылып: «Оо, жаш жигиттер! Ким турмуш куруп кетүүгө күчү жетсе, анда, үйлөнсүн. Ал эми, кимдин күчү жетпесе, анда, орозо кармасын. Анткени, орозо

— күнөөдөн тосуп турат» — деп айткан. (Муслим)

 

Орозо — жин-шайтандар жүргөн кандын

жолун тарытат б.а. шайтандын азгыруусунан тосот. Орозо — кумарланууну, жаман

ой-пикирди жок кылат, натыйжада орозо

тутуучу күнөөлөрдөн алыс болот.

 

2 — Адамдардын арасындагы барабарлыкты сактоо үчүн. Коомчулукта кедей жана бай адамдар бар. Эгер алардын ортосунда кандайдыр бир байланышуу болбосо, коомдо ынтымак сакталбайт. Адамзат тарыхындагы көптөгөн согуштар байлардын кедейлерге жасаган жаман мамилесинен улам келип чыккан. Исламда Алла Таала байлардын кедейлерге көңүл буруусун талап кылган.

Байлар менен кедейлердин ортосундагы мамилени чыңдап, адамдар ортосундагы теңдикти сактап туруу үчүн беш парздын

бирин, тагыраак айтканда зекетти парз кылган. Зекет берүү менен байлар кедейлерге мээрим кылат. Зекет алуу менен кедейлер байларды жакшы көрөт. Ошол сыяктуу эле орозо да байлардын кедейлерге болгон көз карашын өзгөртөт. «Ач кадырын ток билбейт» дегендей, курсагы ток жүргөн ачкалыктын кадырын

биле албайт. Орозо мезгилинде, эртенен-кечке ачка болуунун абалын өз башынан өткөргөн адам, бир нече күн ачка жүргөн адамдардын кадырын түшүнүп калат. Натыйжада,

Пример HTML-страницы

кедейлерге садага, жардам берүү көбөйөт.

 

3 — Мусулмандардын биримдигин бекемдөө үчүн. Орозодо бардык мусулмандар бир

убакта ооз бекитишет, бир убакта ооз ачышат. Бир убакта ачка болушат, бир убакта курсак тойгузушат. Бир дасторконго жүздөгөн, кээде миңдеген адамдар бирге олтурушат. Орозо мезгилиндегидей адамдардын арасындагы ынтымактуулукту башка эч кайсы учурда кездештире албайсың. Орозонун урматына мусулмандар гана эмес, динсиздер дагы согуштарын токтотушкан. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун)

бир хадисте минтип айткан: «Эгер орозо

тутуучу адамды кимдир бирөө урушууга

мажбур кылса, «Мен орозомун, мен

орозомун» деп айтсын». (Тирмизи)

 

4 — Ыкластуулукту үйрөтүү үчүн. Адамдардын арасында Алла үчүн ибадат кылып, бирок,

ошол ибадаты менен пенделерге мактануу сезими пайда болуп калган адамдар бар. Тилекке каршы мындай сезим көптөгөн адамдарда кезигет. Көбүнчө, намаз окууда,

зекет берүүдө, садага кылууда адамдар көрсүн деген ой пайда болот. Ал эми орозо менен адамдарга мактануу мүмкүн эмес. Сен орозо кармап жатасыңбы же жашынып тамактанып жатасыңбы, аны бир гана Алла Таала билет. Ошол себептен Алла Таала: «Орозо мен үчүн, орозо тутуучунун сыйлыгын мен гана берем»

— деп айткан. (Муслим)

 

5 — Мусулмандарды ибадат кылууга үйрөтүү

үчүн. Орозо айы — ибадат кылуунун айы.

Башка убактарда намаз менен иши болбогон адамдарды тараба намазын окуп жатканын көрөсүң. Канча убактан бери ачылбай турган Куран китептери орозодо ачылат. Канча

убактан бери багымдат намазына тура албай жүргөндөр, тахажуд намазын окуп калышат. Башка убакта бир барак Куран окулбаган мечиттерде Куран катым кылынат. Мына

ушунун баары — орозонун сабагы. Орозо бүткөндөн кийин да ушундай ибадат

кылууга үйрөтөт.

 

6 — Мусулмандардын күнөөлөрү кечирилүүсү үчүн. Орозо айында Алла Таала пенделеринин күнөөлөрүн кечирет. Бул айда адамдар өздөрү

да күнөөдөн оолак болушат. Ал эмес кээ бир жаман адаттарды тагыраак айтканда аракты, тамекини, насыбайды ж.б.у.с. нерселерди орозодо жеңил эле таштап коюшат. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Жумадан жумага чейинки, умрадан умрага чейинки жана Рамазандан Рамазанга чейинки күнөөлөр кечирилет, эгер

чоң күнөөдөн алыс болсо»- деп айткан. (Насаи)

 

7 — Мусулмандарды сабырдуулукка үйрөтүү

үчүн. Адам баласы сабыр кыла албай турган

үч гана иш бар. Алар: тамак, уйку жана жыныстык байланыш. Орозо мезгилинде

дал мына ушул үч нерсеге сабыр кылууга

мажбур болобуз. Эртеден-кечке тамактанууга болбойт, аялы менен жакындашууга болбойт. Ошондой эле, кечинде тараба намазын окуп, тахажудга туруп, зоордукка туруу уйкуну азайтууга мажбур кылат. Мына бул үч

нерсеге бир ай бою сабыр кыла алган адам

— ар кандай кыйынчылыкка сабыр кыла алат.

 

8 — Адамдардын ден-соолугун чыңдоо үчүн. Орозо кармоо менен, ар бир адам тамак

сиңирүү органдарын, кан айлануу системасын, нерв ооруларын алдын алат. Азыркы илимий ачылыштарга таянсак, орозонун пайдасы тийбеген адамдын бир дагы мүчөсү жок.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE