Пример HTML-страницы

Рамазанда кандай амалдарды кылуу керек.

https://kyrgyzcha.site/?p=36070&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

? РАМАЗАНДА КАНДАЙ АМАЛДАРДЫ КЫЛУУ КЕРЕК ?

Рамазан айы мусулман адам үчүн табылгыс мүмкүнчүлүк.

Бул айда жасалган жөнөкөй амал башка айда жасалган парз амалы сыяктуу соопко ээ болот.

Ал эми бул айда жасалган бир парз амалы, башка айдагы жетимиш амалдын сообун берет.

Ошондуктан бул айга жетүүнү Аллах Таала насип кылса, анда төмөнкү амалдарды аткарууга шашылалы:

1. Таравих жана башка нафил намаздарды окууга.

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Рамазан айында ким ишенүү жана сооп үмүт кылуу менен намаз окуса, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет» — деген.

Бул айда окулган бир рекет намаз жетимиш рекет менен барабар. Мындан өткөн сооптуу ишти кайдан таба алабыз?

2. Куранды окууга жана катмы кылууга.

Рамазан Куран түшүрүлгөн ай. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Рамазан айында Жибрийил периште менен бирге Куранды катмы кылган. Курандын ар бир тамагасы үчүн он сооп болорун айткан, ал эми Рамазан айында сооптор жетимишке көбөйөрү белгилүү.

3. Тооба кылууга жана кечирим тилөөгө.

Рамазандын алгачкы он күнү — ырайымдуулук, ортоңкусу — кечиримдүүлүк күндөрү болуп эсептелинет. Бул күндөрү кылынган тообалар кабыл болору шексиз.

4. Көбүрөөк дуба кылууга.

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Орозо тутуучунун ооз ачардагы дубасы сөзсүз кабыл болот» — деген. Демек, отуз күндү текке кетирбей эмне тилегибиз болсо, аны Аллахтан сурап калуубуз керек.

5. Кайрымдуулук кылууга.

Ааиша энебиз айтат: «Аллахтын элчиси Рамазан айында абдан кайрымдуу болчу». Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) дайыма кайрымдуу, колу ачык болгон. Ал эми Рамазан убагында кайрымдуулукту чексиз көп жасаган.

6. Башкалардын оозун ачырууга.

Бул айда бир адамга суу же курма берип ооз ачыруу, анын курсагын тойгузгандай соопко ээ кылат жана ал адам Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) булагынан суу ичүүгө татыктуу болуп калат.

7. Башка мезгилде таштай албаган жаман адаттарды таштоого.

Анткени бул айда шайтандын азгырыгы алсыз болот, натыйжада тамеки, насыбай ж.б.у.с. жаман адаттардан кутулууга болот.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE