Пример HTML-страницы

Орозону кимдер кармайт?

https://kyrgyzcha.site/?p=36427&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Орозону кимдер кармайт?

 

1. Балакатка жеткен жана ден соолугу чың ар мусулман баласы.

 

2. Орозо кармоочунун акыл-эси ордунда болушу керек.

 

3. Орозо кармоого чама-чаркы бар адам.

 

Ал эми аялдар орозо тутууга туура болуш үчүн айыз жана нифас кандарынан таза болуш керек.

 

Орозо тутпоого жөндүү себептер:

 

Исламда себепсиз орозо тутпоо чоң күнөө. Башталган орозону себепсиз бузуу айыбы (каффарат) бир күн үчүн 60 күн орозо тутуу талап кылынат. Орозону төмөндөгү себептердин негизинде бузууга уруксат берилген:

 

1.Алыскы жолго чыгып жатканда. Шарият боюнча жолго чыккан жолоочулар тутуп жаткан орозосун убактылуу токтотууга болот. Бирок сапардан кийин каза болгон орозону кармоо парз;

 

2.Оорулуу адамдарга. Орозо тутуп жатканда ооруп же ооруусу күчөп кетсе орозо тутпоого болот;

 

3.Карылыкта;

 

4.Боюнда бар жана эмчек эмизген аялдарга;

 

5.Согуш аскерлерине.

 

Орозону эмнелер бузат?

 

1.Орозо экендигин билип туруп, атайын тамак жесе;

 

2.Ооз жабык учурунда жыныстык катнашка барса;

 

3.Атайылап кусса;

 

4.Ичеги-карынды тазалаш максатында клизма жасатса, кан азыктары (мисалы: глюкоза, гемодез ж.б.) венага куйса;

 

5.Айыздын келиши;

 

6.Дарылоо максатында организмден кан алуу;

 

7.Саарлык убактысынын өтүп кеткенине карабастан оозду бекитүү;

 

8.Убактысы келе электе эле оозду ачуу.

 

Орозонун ден соолукка тийгизген таасири

 

Орозо бул ден соолуктун чыңдалышына, ашказандагы аш кыла албай турган тамактардан тазалайт. Ичеги карындардын, ашказандын иштешин оңдойт. Денени ар кандай шлактардан тазалайт, денеде чогулган майларды эритет жана ичке топтолгон майлардан арылтат.

 

 

 

Эскертүү:айдын чыгышына карата айт күндөрү, кадыр түн бир күнгө артка жылышы мүмкүн.

 

Саарлыкта оозду ачуу дубасы:

 

«Навайту ан асуума савма шахри рамазана минал фажри илал магриби, Халисан лил-лаа-хи таала, Аллооху Акбар»

 

Кыргызча мааниси:

 

«Рамазан айынын орозосун таң жууктан күн батарга чейин кармоого ниеттендим. Улуу Аллага болгон ыкласым менен, Аллооху Акбар».

 

Ифтарда оозду ачуу дубасы:

 

«Аллоохумма лака сумту, ва бика ааманту, ва алайка таваккалту, ва алаар ризкика афтарту, фагфирли ма коддамту ва маа аххарту, бирохматика йа архамар рохимиин».

 

Кыргызча мааниси:

 

«Эй жараткан Алла, келме айтып сага ыйман келтирдим, таянарым өзүңсүң, өзүң берген ырыс-дөөлөт менен оозумду ачып жатам, күнөөлөрүмдүн эскисин да, жаңысын да кечире көр, мээримиңди күтөм. Оо, ырайымдуулардын ырайымдуусу».

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE