Пример HTML-страницы

Орозодо этек кир келсе.

https://kyrgyzcha.site/?p=35635&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Орозодо этек кир келип, ооз ачылса, ошол күндөрдүн орозосун сөзсүз кармаш керекпи? Кайсы күндөн баштап кармаса болот же каалаган күнү кармап койсо болобу? Айтурган

 

— Сөзсүз кармаш керек. Каалаган күнү кармасаңыз болот.

 

— Жайнамазда мечиттин сүрөтү болсо да окуганга мүмкүн эмеспи? Жакында бир сатуучу молдоке ушундай фатва чыккан дейт го?.. 077210…

 

— Жайнамазда жансыз нерселердин сүрөтү болсо, мисалы, мечиттин сүрөтү болсо ага намаз окуса болот.

 

— Мен намаз окусам эле ыйлагым келет. Даарат бузулбайбы? Мурдум агып кетет да. 055113…

 

— Даарат бузулбайт. Намаз окуганда ыйлагандык — жакшы касиет. Аллага берилүүдөн, күнөө кылуудан коркуудан ыйлаш керек.

 

— Күйөөм экөөбүз кошулгандан кийин мындай эле даарат алабыз. Үйдө шарт жок. 077015…

 

— Мындай эле даарат гусулдун ордуна жарабайт. Сөзсүз түрдө гусул албаса, намаз кабыл болбойт. Үйдү куруп жатканда эле эң биринчи кезекте жуунуп-тазалануу үчүн шарт түзүш керек.

 

— Каза болгон намаздар кайсы учурда окулат? 077117…

 

-Күн чыгып жатканда, чак түштө окулбайт, башка бардык убакта окуса болот.

 

— Тагам дүкөндө спирт ичимдиктерин сатат, тиричилиги ушуну менен өтөт. Аллах арак ичкенге, арак сатканга тыюу салган экен. Кандай кеңеш бересиз? 077392…

 

— Албетте, арак ичкен, саткан арам. Аллах адал жол менен жан багууну да парз кылган. Адал жол менен пайда табууну сунуштайм.

 

— Суюктук чыкса даарат бузулабы? 077958…

 

— Бузулат.

 

— Медокуу жайда окуйм. Эртең мененки 8 ден кечки 18 ге чейин сабак болот. Багымдатты гана окуп турсам болобу? 055904…

 

— Беш убак намазды өз убагында толук окуу парз. Танапис учурунда окуп алсаңыз болот.

 

— Күнөө кылганда, намаз окуса ал жуулабы? 077980…

 

— Намаз күнөөлөрдү жууп туруучу нерсе. Бир намаздан экинчи намазга чейинки күнөөлөрдү намаз жууп турат, бир жума намаздан экинчи жума намазга чейинки күнөөлөрдү жума намаз жууп турат. Бирок, булар майда күнөөлөр. Ал эми чоң күнөөлөрдү кылган болсо, тообо кылып, Кудайга жалбармайынча кечирилбейт.

 

— Сүйлөшкөн кызым бар. Күндөрдүн биринде ага үйлөнөм деп ишенем. Аны өпкөнгө болобу?

 

— Болбойт, күнөө болот. Негизи эле кыз-жигит болуп жүрүү шариятка каршы келет. Никелешип ага үйлөнүңүз, анан өбө бересиз.

 

— Кыздар, аялдар шым кийсе болобу? 055033…

 

— Болот, бирок үстүнөн тизени жапкан узун кийим кийүү керек.

 

— Апамдын ден соолугу начар, үйлөн деп кыйнайт, а атам каршы болот. Мен ортодо гана калып калам. Өзүмдүн деле акылым жетиштүү, чечсем болот, бирок, ата-энемдин сөзүнө каршы чыгууну каалабайм. Кимисинин сөзүн туура көрөйүн? Дастан

 

-Шариятта бирөөсүнүн сөзүн угуп, бирөөсүнүкүн укпа деген сөз жок. Ата-эне бирдей милдетке, бирдей укукка ээ болот. Ошондуктан бул ата-энеңиздин ортосундагы келишпестик болуп эсептелет. Мага бир чечим чыгарып бергиле, мени кыйнабай деп айтыңыз аларга. Атаңдын же апаңдын айтканын кыл деп бөлүп айта албайбыз. Ата-энеңдин айтканын кыл. Алар чогуу чечим чыгарышсын.

 

— Жакында үйлөнөм. Бирок, мурунку сүйлөшкөн кызым жүрөгүмдөн, оюмдан кетпей койду. Никелешкенден кийин жанымда аялым болсо да ал кызды ойлосом күнөө кылган болбоймунбу? Дастан

 

— Албетте, күнөө кылган болосуз. Жакшы көрсөңүз ошол эле кызга үйлөнүңүз. Үйлөнүү оңой нерсе эмес, ойлонуп иш кылыңыз.

 

— Бешинчи класста окуп жүргөндө 2-класстагы кыз менен кошулуп кыздыгын алган элем. Ошол кылыгым үчүн ал кыздан кантип кечирим сурасам болот? Ошол кездегим күнөөбү же күнөө эмеспи? Т.Д.

 

-Акмак, келесоо десе! Албетте күнөө болот да! Акмакчылык, жиндилик бул, аябай чоң күнөө. Эми ал кызды алыңыз. Негизи ата-энелерге айтаарым, балдарды эрте жаштан туура тарбиялагыла. Үйдөгү телевизорду көзөмөлгө алыш керек, көрүнгөн нерсенин баарын көрсөтө бербестен. Көчөдөгү жүрүм-турумун да көзөмөлгө алыш керек. Жаш балдардын минтип жыныстык мамилеге кабылышы Кыргызстандын трагедиясы. Бул жаңы коомдун кыйрап жатышынан кабар берип жатат. Урматтуу окурмандар, мындай акмакчылыктан алыс бололу. Баарыбызда эже-карындаш бар, эне бар. Эркектер, ушуну ойлосок. Алла ыйман берсин!

 

— Эки жыл боюма бүтпөй, Кудайдан тиленип жатып уулдуу болдум. Уулум чоңоё электе дагы Кудайдан бала беришин тилесем дагы боюмда болуп калды. Уул болушун тилеп УЗИге барсам уул экен. Кубанычымда чек жок. Дагы Кудайдан эгиз болушун тилесем береби? Тукумунда жок болсо эгиз төрөлбөйт деп айтышат, а мен Кудай билет, сурана берсем берет дейм. Береби? 0773 07 68…

 

— «Береби, бербейби» деп дубадан шектенбеш керек. Берүү — Кудайдын иши. Бирөө аны берет же бербейт деп кепилдик бере албайт. Кудай кимге кааласа уул берет, кимге кааласа кыз берет, кааласа эгиз кылып берет, каалабаса бербей да коёт. Ошондуктан, эч шектенбей жалына бериңиз.

 

— Түшүмдө кайнатам отурган бойдон өлүп калыптыр. Жанында алдына тамак коюп, тирилип кетсе экен деп ыйлап отурупмун. Түшүм экенине сүйүнүп, өмүрү узун болот экен деп жооруп койдум. Тирүү адам түшүндө өлсө эмне кылуу керек? Амандыгын тилеп, куран окуп койсо болобу? 055577…

 

— Түштү ар кимге айта бербеш керек. Түштү кайсы жакка жорусаң, ошол жакка бурулат. Ошондуктан, кандай гана түш болбосун жакшылыкка жоруп, көп корккон, жаман түш болсо, садака берип койсо болот. Садака балээлерден алыстатат деп айтылат.

 

— Мен медресе таппай жүрөм. 13 жаштамын. 8 жаштагы иниме да медресе керек болуп жатат. 077977…

 

— Медреселер көп. 9-классты бүткөндүгү жөнүндөгү күбөлүк менен кабыл алышат. Мектепти ийгиликтүү аяктай бериңиз.

 

— Жолдошум экөөбүз эки жолго түшкөнбүз. Улуу кызым атасын эстеп кусаланса, кыйналып кетем. Баарына кайыл болуп, кыздарымдын келечеги үчүн өзүмдү “курмандык” кылсам болобу? Дегеним жарашсам уруш, кол көтөрүүлөр болоорунан күмөн жок. 077982…

 

— Бул сиздин укугуңуз, ыктыярыңыз, кааласаңыз жарашыңыз. Кайра эле уруш-талаш болот десеңиз, башка турмуш курсаңыз да болот. Буга бир жактуу жооп айта албайбыз.

 

-Багымдат намаздын астында кошулуп, гусулга жетишпесе даарат менен намаз окуса болобу?

 

-Болбойт. Гусул алуу керек.

 

-Түш жооруган китеп туурабы? Түш көрсөң ошондой болот деп кабылдаш керекпи же карама-каршы жооруш зарылбы? Түш жөнүндө түшүнүк берсеңиз.

 

-Түштү көрүп, ушундай болот экен деп эч ким конкреттүү түрдө жооп айта албайт. Жакшылыкка гана жоруп, жаман түш болсо садака берип коюу керек.

 

— Бала канынан жаралбаса, ал бөлөк экенин жашырбаш керек дешет. Эгер мен турмушка чыксам, мурунку жолдошумдан болгон 2 кызым кийинки күйөөмдү эмне деп аташат? 070582…

 

— Ата дешет. Кыздарыңызды ээрчитип келип турмушка чыкканыңызда, ал автоматтык түрдө ата болуп калат, баккан атасы болуп кала берет.

 

— Психикалык оору менен ооруган адам үчүн фитр садака берилеби? 077891…

 

— Жакын туугандары анын атынан берип койсо болот.

 

— Уй, кой, ат суу ичкен идиштен даарат алса болобу? Же идишти тазалаш керекпи?

 

— Эти адал жаныбарлардын калдыгын иштетүү макүрү (жактырылбайт) болуп калат. Башка суу жок болсо дааратка колдонсо болот. Башка суу бар мезгилде аны тазалап, анан колдонуш керек.

 

— Жоолук салынуу парзбы же сүннөтпү? Эмне үчүн? 077333…

 

— Парз. Кудай аялдарды оронууга буйрук кылган.

 

— Мен жолдошум менен ажырашсам деп турам. Себептерин өзүңүзгө айтып, кеңеш алсам дейм. 077946…

 

— Муфтияттын 15-бөлмөсүнө келип кеңеш алып же арызыңызды жазуу түрүндө калтырсаңыз да болот. Байланыш телефону: (0312) 48 65 30

 

— 11-класста окуймун. Хиджап кийгенмин. Дене тарбия сабагынан кандай кылсам болот? Жоолук салып, чуркап жүргөндөн уялат экенсиң. 077150…

 

— Жоолукту ыңгайлуу кылып салынып, чуркай бериңиз. Шариятка ылайыктуу аракеттерди кылыңыз. Элдин көзүнчө жоолукту чечип алганга шарият жол бербейт.

 

— Жашоодон, учурдагы окуялардан, баарынан тажадым. Кайсы сүрөнү эртеден кечке окусам тилегим ишке ашат?

 

— Жашоо негизи кыйын. Ошондуктан, турмушта Кудайга сыйынуу да, иштөө да, эс алуу да болушу керек. Кудай буйрук кылган парздарды аткарсаңыз, Кудай жүрөккө бейпилдик берет. Ошондуктан намаз окуңуз, Кудайга жакын болуңуз. Багымдат намазынан кийин Ясин сүрөсүн окуңуз. Шам намазынан кийин Вакьия сүрөсүн окуңуз. Иншаллах баары жакшы болот.

 

— Атым Замира. Мындай ат Куранда жок дешет. Кийин Кудай ар биринин атынан чакырганда калып каласың дешет. Атымды өзгөртсөм болобу Курандагы аттарга? 077925…

 

— Туура эмес маалымат угупсуз. Аттын мааниси жакшы болсо болду, өзгөртүүнүн кажети жок. Менин деле ата-энем койгон атым Чубак, Куранда жок. Өзгөртпөй эле жүрөмүн.

 

— Оронгонума аз эле болду. Элдин сөзүнөн тажап бүттүм. Эмне үчүн салындың, жүрөк таза болсо болду дешет. Ыйманым суздашып калды. Элдин сөзүнөн кийин жоолук салынсам эле буулгандай болом. Жабык кийинип, жоолукту артка байлап салынсам болобу? Менде кыжаалатчылык башталды.

 

-Адамдардын сөзүнө кулак салбаңыз. Кыямат болгондо, алар сиздин казаныңызга тамак салып бербейт же сооп кошуп бербейт. Кыяматта ар ким өзү үчүн жооп берет. Ошондуктан Кудай берген ыйманды бекем кармаңыз. Күнөө боло турган, ачык-чачык жерлерден алыс болгонго аракет кылыш керек. Оронуп алып оронбогондордун арасында жабыркайт. Өзүңүзгө жакын чөйрөнү тандаганга аракет кылыңыз. Аял киши үйдө көбүрөөк болгону жакшы. Үйдө отуруп, диний маалыматтарды окуп, илимиңизди өркүндөтүңүз. Мүмкүн болсо, жакындарыңыз менен дааватка чыгып келиңиз.

 

— Апам өзүнүн айтканын кылат, эч кимге баш ийбейт. Атам Россияда. Апам бизди күнүгө урушат, айтпаган сөзү жок. Күнүгө ыйлайбыз. Жардам бериңизчи. 055598…

 

— Ата-энеге баш ийиш керек. Ата-энеге эч качан катуу сүйлөгөнгө болбойт. Кандай болгондо да ал — эне. Эненин пикирин өзгөртүүгө аракет кылгыла. Бул дин менен болгондо, реалдуу турмушка алып келет. Китептер, дисктер, жакын туугандар, дин кызматкерлери аркылуу даават айттыргыла.

 

— Ажырашып кеткениме 1 ай болду. 4 айлык боюмда бар. Кайненем “сен баламды дубалатып алгансың, бала аныкы эмес” дейт. Кудайга койдум, таразалайт. Бала төрөлгөндө атасы жардам бергенге укуктуубу? 077887…

 

— Бала ошол күйөөңүздүкү болуп эсептелет. Баланы төрөп, атасына берип, өзүңүздүн башка турмушуңузду улантсаңыз болот. Ал эми кайненеңиз ачуусуна ээ боло албай айта бериши мүмкүн. Боюңузда бар экенин күйөөөңүзгө эскертип коюңуз. Баланы төрөп бергенден кийин башка турмушка чыга аласыз.

 

— Үч балам бар, ажырашып кеткем. Күйөөм 2 баласы бар келинге үйлөнүп алды. Балдарыма жардамдашпайт. Уул балдар болсо атасына кетип калат дешет, чынбы? Мен каргабасам деле каргышка калабы? +777560…

 

— Эми бул тарбияга карайт. Ажырашып кеткен күндө дагы ата баланы багышы керек. Эгер бакпай таштап кеткен болсо, туура тарбия берип, бага берсеңиз, келечекте балдар өздөрү таразалайт.

 

— Орозо бүткөндөн кийин 2 күн эс алып, анан 6 күн орозо кармап, артынан карыздарын кармайт дешти. 6 күн неге кармалат?

 

-Негизи казаларды кармап бүтүп, анан 6 күндүктү кармаш керек. Себеби каза орозо ыктыярдуу орозого караганда жогору турат. Пайгамбарыбыз айткан: “Орозодон кийин келүүчү 6 күндүк орозо бар, ошону ким кармаса, бир ай орозонун сообун алат” деп.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE