Пример HTML-страницы

Орозо тууралуу

https://kyrgyzcha.site/?p=36578&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Орозо тууралуу

 

Орозо кимдерге парз болот?

 

1. Мусулманга, мусулман эмес адамга милдеттүү эмес.

2. Бой жеткен адамга, жаш балдарга милдеттүү эмес.

3. Акылдуу адамга, жинди адамга милдеттүү эмес.

 

Кимдерге орозону кечиктирүүгө уруксат берилет?

 

1. Сапарда жүргөн мусаапыр адамга.

2. Ден-соолугу начар оорукчан адамга.

3. Этек кир көргөн, же төрөттөн кийин тазаланып жаткан аялга.

 

Орозого качан ниет кылуу керек?

 

Орозо ибадат, ибадат ниетсиз болбойт. Ал эми ниеттин орду жүрөк.

Рамазан айынын орозосун кармоо үчүн, түндө ниет кылуу керек. Саарлыкты жеп ооз бекиткенден кийин ниет кылса, же тили менен ниет кылбай, орозо кармоо үчүн тамактанган болсо да дурус болуп эсептелет. Саарлыкка тура албай уктап калган болсо, чак түш болгонго чейин ниет кылып калса анда да ниети дурус болот.

 

Орозо качан бузулбайт?

 

1. Унутуп жеп же ичип алган учурда.

2. Унутуп жубайы менен жакындык кылып алса.

3. Кокусунан түтүн, чаң жутуп алса, же тамагына чымын-чиркей кирип кетсе.

4. Жунуб (жуунуп-тазалануу) милдеттүү болуп калып, бирок кечке чейин жуунбай жүрүп алса. Бирок жуунбай жүрүү макрү тахримий (арамга жакын иш кылган) болот, анткени жунуб адамдын намаздары окулбай каза болуп калат.

 

Орозо төмөнкү учурларда бузулат жана анын каффааратын тутуп берүү милдеттүү болот.

 

1. Атайлап тамак-аш жеп алса же суусундук ичсе.

2. Аялына жакындык кылса.

3. Чылым же насвай чексе.

4. Буудайдын данын же ошонун көлөмүнчөлүк нерсени жесе.

 

Жогоруда айтылган учурларда оозун ачып алган адам, орозосунун каффаратын өтөөгө милдеттүү болот.

 

Каффарат:

1. Кул азат кылуу.

2. 60 күн катарынан үзгүлтүксүз орозо кармоо.

3. 60 кедей-кембагал адамды тамактандыруу, (эртең мененки жана кечки тамак ).

 

Каффааратты өтөөдө эң биринчи кул азат кылуудан баштайт, эгер күчү жетпесе анда алтымыш күн удама-уда орозо кармайт, эгер ага да күчү жетпесе алтымыш кедей адамды тамактандырат.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE