Пример HTML-страницы

Ооз ачардагы дуба тилектер.

https://kyrgyzcha.site/?p=22297&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

=ООЗ АЧАРДАГЫ ДУБА-ТИЛЕКТЕР=

    Ооз ачар маалда негизинен төмөнкүдөй дуба кылуу сүннөт:

«Аллахумма лака сумту ва бика ааманту, ва алайка таваккалту ва алаа ризкика афтарту, ва савмал гади мин шахри рамадаана навайту, фагфирли ма каддамту ва ма аххарту».

Мааниси:

«Оо, Аллах Таала! Сенин ыраазычылыгың үчүн орозо туттум, Сага ыйман келтирип, Сага гана таяндым. Сенин берген ырыскың менен оозумду ачтым. Рамазан айынын эртеңки күнүндө ооз бекитүүгө да ниеттендим. Менин өткөн жана келерки күнөөлөрүмдү кечире көр!».

Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи васаллам) ооз ачарда дагы мындай деген:

 

«Захабаз зома-у вабталлатил ъурууку ва сабатал ажру иншаа Аллаху».

Мааниси:

«Суусун канып, тамырларга суу жүгүрдү. Аллах кааласа сооп-сыйлыктар ордун тапты».

 

«Афторо ъиндакумус соо-имууна ва акала тоъаамакумул аброору ва соллат ъалайкумул малаа-икату»

Мааниси:

«Жаныңарда ар дайым орозолуулар ооз ачсын, тамагыңарды жакшы адамдар гана жесин. Периштелер силерге дуба кылсын!»

 

«Аллахумма иннии ас-алука бирохматикаллатии васиъат кулла шай-ин ан тагфиро лии зунуубии»

Мааниси:

«Алла Таала! Сенден бардык нерсени камтыган мээримиң менен күнөөлөрүмдү кечирүүңдү сураймын».

?»БЕРЕКЕЛҮҮ РАМАЗАН АЙЫ» китебинен

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE