Пример HTML-страницы

Намаздын убакыттары

https://kyrgyzcha.site/?p=38321&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Намаздын убакыттары

 

Багымдат намазынын убагы: таң агаргандан баштап күн чыкканга чейинки аралык.

Бешим намазынын убагы: күн чак түштөн бир аз оогондон баштап ар бир нерсенин көлөкөсү өзү менен барабар болгонго чейинки аралык.

Аср намазынын убагы: бешимдин убагы бүткөндөн баштап күн батканга чейинки аралык.

Шам намазынын убагы: күн толугу менен баткандан тартып күндүн шапагы (кызылы) кеткенге чейинки аралык.

Куптан намазынын убагы: шам намазынын убагы толук бүткөндөн тартып багымдат намазынын убагы киргенге чейинки аралык.Эскертүү

Бир күндө үч убакыт бар, ошол убактарда намаз окулбайт:Эрте менен күн чыгып жатканда.Күн чак түшкө келгенде.Күн батып жатканда (эгер аср намазын окубаган болсо күн батып жатканда окуса болот).

 

Намазды бузуучу нерселер

 

Намазда сүйлөө.Намазда бирөөгө салам айтуу же алик алуу.Жеп-ичүү.Катары менен жасалган көп кыймыл-аракет.Кыбыладан бурулуу.Аврат (уяттуу) жерлеринин ачылуусу.Намазда даарат бузулуусу.Үн чыгарып күлүү.Талып калуу.Эстен тануу.Жинди болуп калуу.Жунуб болуп калуу.Намаздын ичинде ниетти алмаштыруу.Намаздын бир парзын таштоо.Таяммум менен намаз окуп жатканда адам сууну көрсө.Намаз бүтө электе салам берүү.Парз, важиб намаздардын убактысынын бүтүшү.Намазда турган маалда масыга тартылган масх убактысынын бүтүшү.Маасыны масх тартып кийген адамдын намазда маасысы чечилип кетсе.

♻Башкалар менен бөлүшкөндү унутпаңыз👍🏻

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE