Пример HTML-страницы

Мукаллафтын милдеттери.

https://kyrgyzcha.site/?p=38683&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Мукаллафтын милдеттери (Ислам өкүмдөрү)🌙

Ислам дининде билдирилген буйрук жана тыюулар Шарият өкүмдөрү же Ислам өкүмдөрү деп аталат. Булар Афал-и мукаллафин (мукаллафтын милдеттери) деп да аталат. Мукаллафтын милдеттери сегиз: фарз, важиб, сүннөт, мустахаб, мубах, ххарам, макрух жана муфсид.

1. ФАРЗ🌙Аллаху таала аткарылуусун Курани карим аяттары менен ачык-айкын жана так түрдө өкүм кылган нерселер фарз деп аталат. Фарздарды аткарбоо харам. Ишенбеген жана аларды кылууга маани бербегендер капыр болот. Фарздын эки түрү бар🌙

Фарз-ы айн: Ар бир милдеттүү болгон мусулман жеке өзүнүн кылуусу керек болгон фарз. Ыйман келтирүү, даарат алуу, гусул алуу, беш маал намаз окуу, Рамазан айында орозо кармоо, колунда барлардын зекет берүүлөрү жана ажыга баруулары сыяктуу ибадаттар фарз-ы айн болуп эсептелет. Белгилүү отуз эки жана элүү төрт фарз бар.

Фарз-ы кифайа🌙Бир нече мусулмандын же бирөөнүн гана аткаруусу аркылуу башкалар да жоопкерчиликтен кутула турчу фарз. Берилген саламга жооп берүү, маркумдун сөөгүн жуу, жаназа намазын окуу, Курани каримди толугу менен жаттап, хафыз болуу, жихад кылуу, ишине жана соодасына керектүү болгондон көбүрөөк дин жана так илимдерди үйрөнүү сыяктуу фарздар буга кирет.

2. ВАЖИБ🌙Аткарылуусу фарз сыяктуу айкын буйруктар. Бул буйруктардын Курани каримдеги далилдери фарздыкындай ачык эмес. Булар күмөндүү болгон далилге таянат. Витир намазын жана Айт намаздарын окуу, байыганда курмандык чалуу, фитр-садака берүү важиб. Важибдин өкүмү фарздыкындай. Важибди аткарбоо тахриман макрух. Бир нерсенин важиб экенине ишенбеген капыр болуп эсептелбейт. Бирок, аткарбаган адам Тозок азабына ылайык болот.

3. СҮННӨТ🌙Аллаху таала ачык билдирбеген, бирок, Пайгамбарыбыз “саллаллаху алейхи ва саллам” мактап, өзү туруктуу түрдө аткарган же башкалар жасап жатканда тоскоол болбогон нерселер сүннөт деп аталат. Сүннөттү жактырбоо куфур. Жактырып, бирок, аткарбаган адамга азап кылынбайт. Бирок, себепсиз эч аткарбаган адам күнөөлөнүүгө жана сооптон куру калууга ылайык болот. Мисалы: азан айтуу, коомат келтирүү, жамаат менен намаз окуу, даарат алганда мисвак колдонуу, үйлөнгөн түнү тамак берүү (той берүү) жана уулун отургузуу (сүннөт кылуу). Сүннөттүн эки түрү бар🌙

Суннати Муаккада🌙Пайгамбарыбыз “саллаллаху алейхи ва саллам” дайыма аткарган кубаттуу сүннөттөр. Багымдат намазынын сүннөтү, бешим намазынын алгачкы жана акыркы сүннөтү, шам намазынын сүннөтү, куптан намазынын акыркы эки рекет сүннөтү мына ушундай. Буларды эч качан себепсиз аткарбоого болбойт. Жактырбаган капыр болот.

Суннати Гайри Муаккада🌙Булар Пайгамбарыбыздын ибадат максаты менен кээде аткаргандары. Аср жана куптан намазынын төрт рекеттик алгачкы сүннөттөрү мына ушундай. Булар бир нече жолу орундалбаса эч нерсе болбойт. Себепсиз түрдө таптакыр аткарылбаса, күнөөлөнүүгө дуушар болуп, шапааттан куру калууга себеп болот.

Беш-он адамдын арасынан бири аткарса калгандары да жоопкерчиликтен кутулган сүннөтттөр «Суннати алел-кифайа» деп аталат. Мисалы: салам берүү, итикафка кирүү. Даарат алуудан мурун, тамак жеп-ичүү жана ар бир ыйык ишти баштоонун астында «бисмиллах» деп айтуу сүннөт.

4. МУСТАХАБ🌙Бул «мандуб», «адаб» деп да аталат. Суннати гайри муаккада өкүмүндө. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз “саллаллаху алейхи ва саллам” өмүрүндө бир-эки жолу болсо да аткарган жана сүйгөн, жактырган нерселер. Жаңы төрөлгөн балага жетинчи күнү ат коюу, уул жана кыз бала үчүн акика малын союу, жакшы кийинүү, (эркектердин) жыпар жыт сүрүнүү мустахаб. Буларды аткарган мусулмандарга көптөгөн сооптор берилет. Кылбагандарга азап кылынбайт, шапаатсыз да калбайт.

5. МУБАХ🌙Аткарылуусу буйрук кылынбаган, бирок, тыюу да салынбаган нерселер мубах деп аталат. Башкача айтканда, күнөө же ибадат экендиги билдирилбеген иштер. Жакшы ниет менен аткарылуусунда сооп, жаман ниет менен аткарылуусунда азап бар. Уктоо, түрдүү адал тамак жеп-ичүү, түркүн адал кийим кийүү сыяктуу иштер мубах. Булар Исламга баш ийүү, буйруктарга жармашуу максаты менен орундалса сооп болот. Ден-соолуктуу болуп, ибадат кылууга ниет кылып жеп-ичүү мына ушуга кирет.

6. ХАРАМ🔥

Аллаху таала Курани каримде «кылбагыла» деп ачык түрдө тыюу салган нерселер. Харамдардын аткарылышына жана колдонулушуна катуу тыюу салынган. Харамды халал, ал эми халалды харам деген адамдын ыйманы кетет, капыр болот. Харамдан качуу, алардан баш тартуу фарз жана чоң сооп. Харамдын эки түрү бар:

Харам ли-айнихи: Адам өлтүрүү, зина кылуу, ливата кылуу (гомосексуализм), кумар ойноо, уурулук кылуу, шарап жана ар түрдүү алкоголдук ичимдиктерди ичүү, жалган сүйлөө, чочконун эти, арам өлгөн өлүмтүктөрдү жеш, аялдардын жана кыздардын башы, колу-буттары ачык көчөгө чыгуулары харам болуу менен бирге чоң күнөө. Кимдир бирөө жогорудагы күнөөлөрдү кылууда «бисмиллах» деп айтса, же аларды халал деп эсептесе, же Аллаху тааланын аларды харам кылганына маани бербесе капыр болот. Булардын харам экенине ишенип, коркуу менен бул ишке барган болсо капыр болбойт. Бирок, Тозок азабына ылайык болот. Эгер буларды аткарууну улантып алардан баш тартпай, тообо кылбастан өлсө, ыймансыз кетүүсүнө себеп болот.

Харам ли-гайрихи: Булар негизинде халал, бирок, башкалардын акысы болгондуктан харам болуп эсептелген нерселер. Мисалы: бирөөнүн бакчасына кирип, ээсинин уруксатысыз дарактан мөмө үзүп жесе, үй оокаттарын жана акча уурдап колдонуу, аманатка кыянаттык кылуу, паракорлук, пайыз жана кумар аркылуу акча табуу. Адам буларды жасап жатканда «бисмиллах» деп айтса же бу- ларды халал деп айтса, капыр болбойт. Себеби, ал кимдир бирөөнүн акысы, кайра алат. Беш жарым арпанын (бир данк) салмагында- гы күмүштүн баркындай акы үчүн кыямат күнү Аллаху таала ка- был кылынган жети жүз рекет кабыл кылынган жамаат менен окул- ган намаздын сообун алып акы ээсине берет. Харамдан качуу иба- дат кылуудан дагы чоң сооп. Ошондуктан, эмнелердин харам эке- нин билип, алардан узак туруу керек.

7. МАКРУХ🔥

Аллаху таала жана Мухаммед алейхиссалам жактырбаган, ибадаттардын сообун өчүрө турган нерселер макрух деп аталат.

Макрухтун эки түрү бар:

Тахриман макрух: Важибди аткарбоо. Харамга жакын болгон макрухтар. Буларды кылган адам азапка дуушар болот. Мисалы: күн чыгып жатканда, күн так чокуга келгенде, күн батып жатканда намаз окуу сыяктуу. Буларды атайы билип туруп жасаган күнөөкөр жана баш ийбеген болуп эсептелет. Тозок азабына ылайык болот. Намазда важибдерди таштап, тахриман макрух кылган адамдардын ошол намаздын казасын окуусу важиб. Эгер жаңылуу менен унутуп макрухка кирсе намаз ичинде сахв саждасын кылуусу керек.

Танзихан макрух: Мубах, б.а., халал иштерге жакын, же болбосо аткарылбоосу аткарылуусунан жакшыраак болгон иштер. Мисалы: гайри муаккад сүннөттөрдү же мустахабдарды аткарбоо сыяктуу.

8. МУФСИД🔥

Динибизде мыйзам ченемдүү бир ишти же башталып калган ибадатты бузган нерселер. Ыйманды жана намазды, никени жана ажылыкты, зекетти, сооданы бузуу сыяктуу. Мисалы: Аллаху таалага жана китепке каршы жаман сөз айтуу куфур болуп, ыйманды бузат. Намаз окуп жатканда күлүү, дааратты жана намазды бузат. Орозо кармап жатканда билип туруп атайы жеп-ичүү орозону бузат.

Фарз, важиб жана сүннөттөрдү аткарып, харам жана макрухтан алыс турган адамдарга сооп берилет. Ал эми харам, макрухтарды кылып, фарз менен важибди орундабагандарга күнөө жазылат. Бир харам нерседен сактануунун сообу бир фарзды аткаруунун сообунан бир нече эсе көп. Бир фарздын сообу бир макрухтан алыс туруунун сообунан көп. Макрухтан сактануунун сообу сүннөттүн сообунан көп. Мубахтардын ичинен Аллаху таала жактыргандары Хайрат жана Хасанат (кайрымдуулук) деп аталат. Буларды аткаргандарга да сооп берилет, бирок, анын сообу сүннөттүн сообунан аз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE