Пример HTML-страницы

МАЛИНАНЫН ПАЙДАЛУУ ЖАНА ЗЫЯНДУУ ЖАКТАРЫ!!!

https://kyrgyzcha.site/?p=58665&preview=true Пайдалуу кеңештер.

МАЛИНАНЫН ПАЙДАЛУУ ЖАНА ЗЫЯНДУУ ЖАКТАРЫ!!!

 

Малина 85 пайыз суудан, 8-9 пайызы углеводдон, моно жана дисахаридден турат. Андан тышкары курамында белок жана май камтылган. Малина C, B9, PP, E, B3 витаминдерине бай. Курамында калий, кальций, фосфор, магний, хлор сыяктуу микро жана макроэлементтерди камтыйт. Андан тышкары салицил, алма жана лимон кислотасы, майда тамырларды бекемдөөчү антоциан бар. Малинанын дарылык касиети жогору. Бир топ ооруларды дарылоодо анын жардамы чоң. Маселен, сасык тумоого кабылып калган учурда температураны түшүрүүгө малина кеңири колдонулуп келет. Ошондой эле канды коюлтуп, таксиндерди бөлүп чыгаруучу дагы мүнөзгө ээ. Малина радикулит, аз кандуулук, атеросклероз менен жабыркаган адамдарга жардам берет.

 

 

Көпчүлүк учурда сасык тумоого кабылып калганда малинаны чайга салып ичебиз. Бирок аны туура колдонуу шарт. Малинаны сууга демдеп кое турган болсок, 3 мүнөттөн ашпашы керек. Ошодой эле жаңы кайнаган эмес, сууп калган кайнак сууга аралаштырып ичкен жакшы. Себеби, кайнак суу анын курамындагы пайдалуу витаминдерди жок кылып коет. Көптөр малинадан жасалган варенье дагы абдан пайдалуу деп келишет. Бирок кайнатылып жасалган вареньенин витаминдүүлүгү аз болот. Ошондой эле малинанын өзү жана вареньеси мыкты аспирин болуп саналат. Андыктан малина бир гана температураны түшүрбөстөн ооруган жерди басууга дагы жардам берет. Андан тышкары малина сийдикти көп бөлүп чыгаруучу мүнөзгө ээ. Андыктан ал ар кандай бактериялар, вирустар менен күрөшүүгө жардам берет. Малина беттин түсүн жакшырткандыктан аны колдонуу айымдарга көбүрөөк сунуш кылынат. Адамдын организминде керектүү витаминдерден тышкары дагы, минералдар абдан чоң роль ойнойт. Маселен, курамына малина кирген бал адамдын нерв системасынын жакшырышына шарт түзөт. Андыктан нерви көп чарчап, стресске көп кабылган адамдарга малинаны көбүрөөк колдонуу сунуш кылынат. Малинанын курамында салицил кислотасы болгондуктан ал муун ооруларга дагы жардам берет. Магний жүрөк жана нерв ооруларын жөнгө салса, витамин К кандын суюлуп кетүүсүн алдын алат.

 

Малина азык булаларына бай болгондуктан ал ичеги карындын иштешин жакшыртат. Азык булаларынын эсебинен организмдеги холестерин жок болот. Эң кызыгы анын курамындагы жемиш кислотасы баш жазууга абдан чоң жардамын тийгизет.

 

 

Малинанын жалбырагынын пайдалуу жактары

 

Малинанын жалбырагы микроэлементтерге, кантка, витаминдерге, минералдарга бай. Малинанын жалбырагынан сасык тумоону, тамак ооруну, ларингитти жана стоматтити дарылоо үчүн ар кандай кайнатмаларды жасашат. Айымдар үчүн малина жана жалбырагы абдан керектүү. Анткени ал жатындын жылма булчуңунун жана ичеги карындын иштөөсүн жөнгө салат. Бирок боюнда бар аялдар кош бойлуулугунун 36-жумасына чейин малинанын жалбырагынан жасалган кайнатмаларды ичүүгө болбойт.

 

Малинанын зыяндуу жактары

 

Малинанын курамында аллергия жаратуучу заттар бар. Ашказан оорусу же ашкана жарасы менен жабыркагандарга малинанын ширесин жана кайнатмасын ичүү сунуш кылынбайт. Андан тышкары бөйрөгүндө таш бар же подагра менен жабыркагандарга малинаны колдонууга болбойт. Аталган өсүмдүктүн курамында кант болгондуктан кант диабети менен жабыркагандар дагы жегенге тыюу салынат. Ошондой эле астмасы бар, кандын уюп калышына каршы дары ичип жүргөн адамдарга дагы колдонуу сунуш кылынбайт. Анткени малина канды уютуу мүнөзгө ээ. Кош бойлуу кезде эне малинаны көп жесе, кийин ымыркай аллергияга жакын болуп калуу ыктымалы бар. Малинаны бир күндө 3 чай кашык же 50 граммдан ашык колдонбоо керек.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE