Пример HTML-страницы

Кыргызча ооз ачардын ооз ачырчу жактары.

https://kyrgyzcha.site/?p=36413&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Кыргызча ооз ачардын ооз ачырчу жактары

 

Мага ушул Орозо айындагы биздикилер жасаган бир нерсе такыр жакпай турат. Орозо – исламдын бир түркүгү. Анын сообун Жараткан Аллах таала Өзү гана билет. Ушул Рамазан айындагы эң жагымдуу учур – ооз ачуу убагы. Көпчүлүк жолугуп, ооз ачып, ифтарлык кылып жатышат. Ифтарды пайгамбарыбыз, сахабалар, Ислам ааламындагы чоң аалымдар көрсөткөндөй өткөрүп жатабызбы? Жашырганда эмне, орозонун маани-маңызын түшүнбөй эле элди туурап, шефин туурап, же бирөөгө шерик болуп, же арыкташ үчүн тутуп жаткан адамдарыбыз да жок эмес. Ошолор ифтарга келгенде, ушул суроолорго жооп алып, шарият сөздөрүн угуп кетсе, кудайга жаккан иш болмок.

Анан да сөзсүз чоң молдо чакырбай эле, элге тааныла элек, бирок билимдүү балдарды чакырып баян кылып койсо жетиштүү. Ифтар болобу, Куран окутуу болобу: «Чубак ажыны чакырышым керек, Абдышүкүрдү чакырышым керек, муфтийди чакырышым керек, чакырып бере аласыңбы, ошолорго карап күндү тууралайлы» деген мындан көп. Менин чолок акылымда, таанымал эмес молдо келсе, дасткоркон жайган адамдын сообу кемип калбаса керек.

Кудай буйруса, азыркы байларыбыз, алардын балдары, балдарынын балдары ачкачылык эмне экенин билбей өмүр сүрүшөт. Аны кут кылсын, бирок жарды – жалчынын абалын сезсин бу менин пендем деп Аллах Таала орозону парз кылган эмеспи.

… Бир күн кечке ач болдуң, арыдың, аздың… Андыктан бу беш күндүк дүйнөгө бир көз чаптырып, өмүр бою ачка, курсагы тойо тамак жебей бул жашоодон өткөн адамдар да бар экенин сезип, рухуңду тазалап, ифтарлыкка келсең эле даңкылдаган музыка, селфилдешкен кыз-жигит, ажо көрсүн, кожо көрсүн иштер, бетинен май тамган байлар, этек-жеңи кыска кийинген кыз-кыркын, анан дагы Союз бузулгандан бери исламды боктоп келаткан айрым азаматтар беттери бир чымырап койбой ифтарлыкта отурган болуп чыгууда. Чакырылгандар бүт эле ифтарды уюштургандарга керектүү, же кереги тийип калчу адамдар. Ошол уюштуруучулар социалдык кызматтар менен байланышып, кедей-кембагалдарга, багар-көрөр жок жетимдерге жупуну кылып эле ифтарлык кылып берсе, аалымдарды чакырып барып, исламдын маани-маңызын түшүндүрсө, анан ошол иш-чараны жарнамалабай эле койсо кандай болот?

Мен да арабдар менен иштешип калган жайым бар. Студенттерге, жарды жалчыларга, очок-казаныбызды көтөрүп барып эле көп чыгым кылбай ифтарлык өткөрчүбүз. Илимдүү балдар бир аз баян кылчу. Жарамазанчы чакырат деген, артист чакырат деген, чоңдорду чакырат деген файлдар жок болчу эч кимдин мээсинде.

Эми Кадыр Түндү да ырчы-чоорчу, добулбасчы, кыякчы, куудул, пародисттер менен тосуп, Асмандан түшчү периштелерди чочутканы калышты. Кадыр түндү кантип тосуу керектиги тууралуу Куран, Хадисте чыпчыргасы коробой айтылган. Биздикилер пайгамбардан да кыйын болуп кеттиби?..

Билбейм. Боз үйдүн жасалгасын жарым күн ырдаган улуу ырчылардын урпактары ар кандай ишти ашкере кооздоп жиберебиз. Бара-бара ооз ачары кайсы, тою кайсы башыбыз айланып калбаса болгону.

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE