Пример HTML-страницы

КУРАН АЯТТАРЫНДА БЕЙИШ

https://kyrgyzcha.site/?p=39258&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

КУРАН АЯТТАРЫНДА БЕЙИШ🌹

(Эй Мухаммед) ыйман келтирип салих (чын ыкластуу) иштерди кылгандарды сүйүнчүлө. Чындыгында алар үчүн астыларынан дарыялар аккан бейиштер бар. Аларга ырыскы катары ал түшүмдөрдөн ар жедирилгенде: «муну мурда да жегенбиз» дешет. Бул аларга (дүйнөдөгүгө) окшош кылып тартылат. Ал

жерде алар үчүн таптаза жубайлар бар жана алар ал жерде түбөлүк жашашат. (Бакара Сүрөсү, 25)🌹

Жана: «Эй Адам, сен жана жубайың бейиште жайгаш. Экөөңөр тең андан, кайсы жеринен кааласаңар, көп-көп жегиле; бирок мобул даракка жакындабагыла, болбосо заалымдардан болосуңар» дедик. (Бакара Сүрөсү, 35)🌹

Ыйман келтирип, чын ыкластуу иштерди кылгандар болсо (алар) бейиш калкы, ал жерде түбөлүк болушат. (Бакара Сүрөсү, 82)🌹

… Алар отко чакырышат, Аллах болсо Өзүнүн уруксаты менен бейишке жана кечиримге чакырат. Ал адамдарга аяттарын түшүндүрөт. Сабак алып, ойлонушаар. (Бакара Сүрөсү, 221)🌹

Айткын: «Силерге мындан жакшысын кабар берейинби? Коркуп-тартынгандар үчүн Раббилеринин Кабатында ичинде түптүү жашай турган, астынан дарыялар агып турган бейиштер, таптаза жубайлар жана Аллахтын ыраазылыгы бар. Аллах кулдарды толугу менен көрүп туруучу.» (Али Имран Сүрөсү,15)🌹

Раббиңерден болгон кечиримге жана туурасы асмандар менен жердей болгон бейишке (жетүү үчүн) жарышкыла; ал муттакилер (Аллахтан корккондор) үчүн даярдалган. (Али Имран Сүрөсү, 133)🌹

Мына ушулардын сыйлыгы – Раббилеринен кечирим жана ичинде түбөлүк жашай турган, астынан дарыялар аккан бейиштер. (Мындай) Кылгандарга кандай сонун бир жооп (сыйлык бар). (Али Имран Сүрөсү, 136)🌹

Же силер Аллах араңардан жихад кылгандарды (аракет кылгандарды) аныктап-айырмалабастан жана сабыр кылгандарды да аныктап-айырмалабастан бейишке киребиз деп ойлодуңарбы? (Али Имран Сүрөсү, 142)🌹

Ар бир напси (жан) өлүмдү татат. Кыямат күнү, албетте, сыйлыктарыңар кемчиликсиз берилет. Ким оттон алыстатылып жана бейишке киргизилсе, эми ал чындап кутулууга жеткен болот. Дүйнө жашоосу алдамчы мета (пайдалануу) гана. (Али Имран Сүрөсү, 185)🌹

Раббилери аларга (дубаларын кабыл алып) жооп берди: «Күмөнсүз, Мен эркек болсун, аял болсун, силерден бир (сооптуу) иш кылгандын ишин текке кетирбейм. Силер бири-бириңерденсиңер. Хижрат кылгандардын, мекендеринин сүрүлүп-чыгарылгандардын жана (Менин) жолумда кыйноого кабылгандардын, согушуп өлтүрүлгөндөрдүн сөзсүз жамандыктарын жашырам жана аларды астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизем. (Бул) Аллах Кабатынан бир акы (сооп). (Ал) Аллах, акынын (сооптун) эң сонуну – Анын Кабатында.» (Али Имран Сүрөсү, 195)🌹

… Раббилеринен коркуп-тартынгандар; алар үчүн Аллах Кабатында, бир майрам катары, астыларынан дарыялар аккан, ичинде түбөлүк жашай турган, бейиштер бар. Жакшылык кылгандар үчүн Аллахтын Кабатындагылар жакшыраак. (Али Имран Сүрөсү, 198)🌹

… Ким Аллахка жана элчисине моюн сунса, аны астынан дарыялар аккан, ичинде түбөлүк жашай турган бейиштерге киргизет. Улуу кутулуу жана бакыт мына ушул. (Ниса Сүрөсү, 13)🌹

Ыйман келтирип, чын ыкластуу иштерди кылгандарды астынан дарыялар аккан, ичинде түбөлүк жашай турган бейиштерге киргизебиз. Анда алар үчүн таптаза жубайлар бар. Жана аларды «ысык да эмес, суук да эмес, дал көңүлдөгүдөй көлөкөгө» киргизебиз. (Ниса Сүрөсү, 57)🌹

Ыймандуулардан шылтоосу жок (мүмкүнчүлүгү болуп туруп) отургандар менен Аллах жолунда мал-мүлктөрү менен жана жандары менен жихад кылгандар (аракет кылгандар) тең эмес. Аллах мал-мүлктөрү менен жана жандары менен жихад кылгандарды (аракет кылгандарды) отургандарга караганда даражасы жактан жогору кылган. Баарына жакшылыкты (бейишти) убада кылган; бирок Аллах жихад кылгандарды (аракет кылгандарды) отургандарга караганда улуу бир сыйлык менен жогору кылган. (Ниса Сүрөсү, 95)🌹

Ыйман кылып, чын ыкластуу иштерди кылгандар, Биз аларды астынан дарыялар аккан, ичинде түбөлүк жашай турган бейиштерге киргизебиз. Бул Аллахтын чыныгы убадасы. Аллахтан да убадага бекемирээк ким бар? (Ниса Сүрөсү, 122)🌹

Эркек болсун, аял болсун ишенүү (ыйман) менен ким ыкластуу бир иш жасаса, алар бейишке киришет жана алар бир “уруктун сыртындагы бүчүрчөлүк” да адилетсиздикке туш болушпайт. (Ниса Сүрөсү,124)🌹

Ант болсун, Аллах Исраил урпактарынан сөз (убада) алган эле. Алардан он эки ишенимдүү-көзөмөлчү жиберген элек. Жана Аллах аларга: «Чынында Мен силер менен биргемин. Эгер намазды кылып, зекетти берип, элчилериме ишенип, аларды жактап-колдосоңор жана Аллахка сонун бир карыз берсеңер, шексиз силердин жамандыктарыңарды жаап, силерди чындап астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизем. Мындан кийин силерден ким каапырдык кылса, чынында түптүз жолдон адашыптыр.» (Маида Сүрөсү, 12)🌹

Эгер Ахли китап (китеп берилгендер) ыйман кылып тартынышканда, албетте, алардын жамандыктарын жашырмакпыз жана аларды «нематтарга толо» бейиштерге киргизмекпиз. (Маида Сүрөсү, 65)🌹

Ант болсун «Күмөнсүз, Аллах – Мариям уулу Месих» дегендер каапыр болушту. Чындыгында болсо Месихтин айтканы (мындай:) «Эй Исраил урпактары, менин да Раббим, силердин да Раббиңер болгон Аллахка ибадат кылгыла. Себеби Ал Өзүнө шерик кошконго бейишти арам кылган, анын бара турган жери от. Зулумдук кылгандарга жардамчы жок.» (Маида Сүрөсү, 72)🌹

Ошентип Аллах айткандарына сый катары ичинде түбөлүк жашай турган, астынан дарыялар аккан бейиштерди берди. Бул жакшылык кылуучулардын акысы. (Маида Сүрөсү, 85)🌹

Аллах айтты: «Бул чынчылдарга чындыкты айтуулары пайда алып келүүчү күн. Алар үчүн ал жерде түбөлүк жашай турган, астынан дарыялар аккан бейиштер бар. Аллах алардан ыраазы болду, алар да Андан ыраазы болушту. Улуу кутулуу жана бакыт – мына ушул.» (Маида Сүрөсү, 119)🌹

Ыйман келтирип, чын ыкластуу иштерди жасагандар бейиштин калкы. Биз эч кимге күчү жеткенден ашыкчасын жүктөбөйбүз. Ал жерде (бейиште) түбөлүк жашашат. Биз алардын көкүрөктөрүндөгү жаман көрүүлөрдүн баарын алып салганбыз. Астыларынан дарыялар агат. «Бизди буга жеткирген Аллахка мактоолор болсун. Эгер Аллах бизге хидаят бербегенде (туура жолго салбаганда), биз туурага жетмек эмеспиз. Ант болсун, Раббибиздин элчилери акыйкатты айтып келишкен» дешет. Аларга: «Мына ушул кылган иштериңер үчүн сыйлык катары мураскор кылынган бейишиңер» деп айтылат. Бейиш калкы от калкына (мындай) дешет: «Бизге Раббибиздин убада кылганынын акыйкат экенин көрдүңөрбү?» Алар болсо: «Ооба» дешет. Андан соң араларынан жар салган бирөө (мындай) дейт: «Аллахтын каргышы заалымдарга болсун.» Эки тарап арасында бир тосмо жана Аьраф үстүндө баарын жүздөрүнөн тааныган адамдар бар. Бейишке кире тургандарга: «Салам силерге» дешет, алар али кирбеген бирок (кирүүнү) абдан каалап үмүт кылгандар. Көздөрү тозок калкы тарапка бурулганда болсо: «Раббибиз бизди заалымдар коому менен бирге кылба» дешет. (Аьраф Сүрөсү, 42-47)🌹

«Аларга Аллах мээрим бербейт деп ант ичкендериңер ушул адамдар беле? (Бейиштегилерге болсо) Киргиле бейишке. Силер үчүн коркуу жок жана кайгырбайсыңар.» От калкы бейиш калкына кайрылат: «Бизге бир аз суудан же Аллах силерге берген ырыскыдан бергиле.» Мындай дешет: «Чындыгында Аллах буларды чындыкты тануучуларга арам кылган (тыюу салган).» (Аьраф Сүрөсү, 49-50)🌹

Раббилери аларга Өз Кабатынан бир мээримди, бир ыраазычылыкты жана алар үчүн тынымсыз бир немат-жакшылык болгон бейиштерди сүйүнчүлөйт. Ал жерде түбөлүк жашашат. Күмөнсүз Аллах Кабатында чоң сыйлык бар. (Тообо Сүрөсү, 21-22)🌹

Аллах ыймандуу эркектерге жана ыймандуу аялдарга ичинде түбөлүк жашай турган, астынан дарыялар аккан бейиштерди жана Адн бейиштеринде сонун үйлөрдү убада кылган. Аллахтан болгон ыраазылык болсо баарынан өйдө. Улуу кутулуу жана бакыт мына ушул. (Тообо Сүрөсү, 72)🌹

Аллах алар үчүн чексиз жашай турган, астынан дарыялар аккан бейиштер даярдады. Улуу «кутулуу жана бакыт» мына ушул. (Тообо Сүрөсү, 89)🌹

Алга чыккан мухажирлер менен ансар жана аларды жакшылап ээрчигендер; Аллах алардан ыраазы болду, алар да Андан ыраазы болушту жана (Аллах) аларга ичинде түбөлүк жашай турган, астынан дарыялар аккан бейиштер даярдады. Улуу «кутулуу жана бакыт» мына ушул. (Тообо Сүрөсү, 100)🌹

Эч күмөнсүз, Аллах момундардан жандарын жана мал-мүлктөрүн акысына аларга бейишти берүү үчүн сатып алган. Алар Аллах жолунда согушушат, өлтүрүшөт жана өлтүрүлүшөт; бул Тооротто, Инжилде жана Куранда Анын үстүндөгү чыныгы убада. Аллахтан да убадасына бекемирээк ким бар? Демек кылган бул соодаңардан улам сүйүнүп-сүйүнчүлөшкүлө. Улуу «кутулуу жана бакыт» мына ушул. (Тообо Сүрөсү, 111)🌹

Ыйман кылгандар жана чын ыкластуу иштерди жасагандар болсо, Раббилери аларды ыймандары үчүн астынан дарыялар аккан, нематтарга толо бейиштерге багыттайт (туура жолго салат). Ал жердеги дубалары: «Аллахым, Сен кандай Улуксуң» жана ал жердеги каалоо-тилектери: «Салам»; дубаларынын аягы болсо: «Чындыгында, мактоолор ааламдардын Рабби Аллахка тиешелүү.» (Йунус Сүрөсү, 9-10)🌹

Жакшылык кылгандарга андан да жакшысы жана көбү бар. Алардын жүзүн каралык да, басмырлануу да оробойт, мына ошолор бейиш калкы; ал жерде түбөлүк жашашат. (Йунус Сүрөсү, 26)🌹

Ыйман келтирип, салих (чын жүрөктөн жакшы) иштерди кылгандар жана «Раббилерине жүрөктөрү ыраазы болуу менен байлангандар», мына ушулар болсо бейиш калкы. Ал жерде түбөлүк болушат. (Худ Сүрөсү, 23)🌹

Бактылуулар болсо, эми алар бейиште. Раббиңдин каалоосунан тышкары, асмандар менен жер турганда, ал жерде түбөлүк болушат. (Бул) эч түгөнбөгөн бир берешендик. (Худ Сүрөсү, 108)🌹

Алар Адн бейиштерине киришет. Аталарынан, жубайларынан жана урпактарынан «ыкластуу иштерди» кылгандар да (Адн бейиштерине кирет). Периштелер аларга ар бир эшиктен кирип (мындай дешет:) «Сабыр кылганыңар үчүн салам силерге. (Дүйнө) Мекени(нин) аягы кандай сонун.» (Рад Сүрөсү, 23-24)🌹

Такыба (Аллахтан корккон) адамдарга убада кылынган бейиш; анын астынан дарыялар агат, жемиштери менен көлөкөлөрү түбөлүктүү. Бул коркуп-тартынгандардын (бактылуу) натыйжасы, каапырлардын аягы болсо от. (Рад Сүрөсү, 35)🌹

Ыйман кылып чын ыкластуу иштерди кылгандар Раббилеринин уруксаты менен астынан дарыялар аккан, ичинде түбөлүк жашай турган бейиштерге киргизилишти. Ал жерде бир-бирлерине болгон тилек-каалоолору: «Салам». (Ибрахим Сүрөсү, 23)🌹

Чындап такыбалуулар (Аллахтан корккондор) бейиштерде жана булак баштарында. Ал жерге тынчтыкта жана коопсуздукта киргиле. Алардын көкүрөктөрүндө кекенүүнүн (баарын) алып салдык, бир туугандар болуп тактылар үстүндө маңдай-тескей (отурушат). Ал жерде аларга эч чарчоо келбейт жана алар ал жерден чыгарылышпайт.

(Хижр Сүрөсү,45-48)🌹

(Аллахтан) Тартынгандарга: «Раббиңер эмне түшүрдү?» деп айтылганда, «жакшылык» дешти. Бул дүйнөдө жакшы мамилелер кылгандарга жакшылык бар; акырет мекени болсо жакшыраак. Такыбалуулардын (Аллахтан корккондордун) мекени кандай сонун. Адн бейиштери; ага киришет, анын астынан дарыялар агат, ичинде алар каалаган нерселердин баары бар. Аллах такыбалууларга мына ушундай сыйлык берет. Периштелер жакшы мамиле менен жандарын алышканда: «Салам силерге» дешет. «Кылгандарыңардын сыйлыгы катары бейишке киргиле.» (Нахл Сүрөсү, 30-32)🌹

Күмөнсүз, ыйман келтирип жакшы иштерди кылгандар болсо; Биз чынында эң жакшы иштерди жасагандардын сыйлыгын жоготууга учуратпайбыз. Алар; астынан дарыялар аккан Адн бейиштери алардыкы, ал жерде алтын билериктер менен жасанышат, жеңил жибектен жана өтө кылдат жасалган атластан жашыл көйнөктөр кийишет жана тактылар үстүндө орноп-таянышат. (Бул) Кандай сонун сооп жана кандай сонун колдоо. (Кехф Сүрөсү, 30-31)🌹

Ыйман келтирип чын ыкластуу иштерди кылгандар… Фирдаус бейиштери алар үчүн бир «конок мекени». Ал жерде түбөлүк жашашат, ал жерден чыккылары келбейт. (Кехф Сүрөсү, 107-108)🌹

Бирок тообо кылган, ыйман кылган жана чын ыкластуу иштерди кылгандар (башка); мына ошолор бейишке киришет жана эч бир зулумдукка туш болушпайт. Адн бейиштери (аларга болот), Рахман (Аллах аны) Өз кулдарына кайыптан убада кылган. Күмөнсүз, Анын убадасы орундалат. Анда «бош бир сөз» угушпайт; саламды гана (угушат). Эрте менен, кечинде алардын ырыскылары ал жерде (турат). Ал бейиш; Биз кулдарыбыздан такыбалууларды (Аллахтан корккондорду) (ага) мураскор кылабыз. (Мариям Сүрөсү, 60-63)🌹

«Ким Ага ыйман кылып (ишенип) чын ыкластуу иштерди кылып Ага келсе, мына ошолор үчүн болсо жогорку даражалар бар. Ичтеринде түбөлүк жашай турган астынан дарыялар аккан Адн бейиштери да (алардыкы). Жана мына ушул тазалангандын сыйлыгы.» (Таха Сүрөсү, 75-76)🌹

Анын уңулдаган добушун да угушпайт. Алар напсилери (көңүлдөрү) каалаган (сансыз немат-жакшылыктар) ичинде түбөлүк жашашат. (Анбия Сүрөсү, 102)🌹

Күмөнсүз Аллах ыйман кылып чын ыкластуу иштерди кылгандарды астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет. Чындап Аллах бүт каалаганын жасайт. (Хаж Сүрөсү, 14)🌹

Эч күмөнсүз Аллах ыймандууларды жана чын ыкластуу иштерди кылгандарды астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет, ал жерде алтындан билериктер менен жана берметтер менен жасанышат; ал жердеги кийимдери жибек(тен). Алар сөздүн эң сонунуна жеткирилишкен жана макталган туура жолго жеткирилишкен. (Хаж Сүрөсү, 23-24)🌹

Ал күнү мүлк бир гана Аллахка тиешелүү. Ал араларында өкүм берет. Эми ыйман кылып чын ыкластуу иштерди кылгандар; немат-жакшылыктарга толо бейиштердин ичинде. (Хаж Сүрөсү, 56)🌹

(Жер жүзүнүн өкүмдарлыгына жана акыреттин немат-жакшылыктарына) мураскор боло турган мына ошолор. Алар Фирдаус (бейиштери)не мураскор болушат; ичинде түбөлүк жашашат. (Мүминун Сүрөсү, 10-11)🌹

Кааласа, сага мындан жакшыраак болгон астынан дарыялар аккан бейиштер берген жана сен үчүн сарайлар жасаган (Аллах) кандай Улук. (Фуркан Сүрөсү, 10)🌹

Айткын: «Ушул жакшыраакпы, же такыбалууларга убада кылынган түбөлүк бейишпи? Алар үчүн бир сыйлык жана акыркы мекен. Ичинде түбөлүк жашай тургандар катары ал жерде каалагандарынын баары алардыкы; бул Раббиңдин бир убадасы.» (Фуркан Сүрөсү, 15-16)🌹

Ал күнү бейиш калкы жашай турган жер мындан жакшы, эс ала турган жери мындан кооз. (Фуркан Сүрөсү, 24)🌹

Мына ошолор сабыр кылганы үчүн (бейиштин эң сонун жеринде) бөлмөлөр менен сыйланышат жана ал жерде амандык тилеги жана салам менен тосуп алынышат. Ал жерде түбөлүк жашашат; жайгашкан орундары, түшкөн мекендери кандай сонун. (Фуркан Сүрөсү, 75-76)🌹

«Мени немат-жакшылыктарга толтурулган бейиштин мураскорлорунан кыл,» (Шуара Сүрөсү, 85)🌹

(Ал күнү) Бейиш такыбалууларга жакындатылат. (Шуара Сүрөсү, 90)🌹

Ыйман кылып чын ыкластуу иштерди кылгандар; аларды ичинде түбөлүк жашоочулар кылып, астынан дарыялар аккан бейиштин бийик сарайларына сөзсүз жайгаштырабыз. (Чын ыкластуу) Иштерди кылгандардын сыйлыгы кандай сонун. (Анкебут Сүрөсү, 58)🌹

Ошентип ыйман кылып, чын ыкластуу иштерди жасагандар; эми алар «бир бейиш бакчасында» «кубаныч ичинде коноктолушат». (Рум Сүрөсү, 15)🌹

Ким чындыкты танса, эми анын каапырдыгы өз зыянына; ким чын ыкластуу бир ишти жасаса, эми алар өздөрү үчүн (бейиштеги жерлерин) төшөп даярдашууда. (Бул Аллахтын) Өз берешендигинен ыйман кылып чын ыкластуу иштерди кылгандарга сыйлык бериши үчүн. Күмөнсүз, Ал каапырларды сүйбөйт. (Рум Сүрөсү, 44-45)🌹

(Бирок) Чындап ыйман кылып чын ыкластуу иштерди жасагандар болсо; алар үчүн немат-жакшылыктарга толо бейиштер бар. Ал жерде түбөлүк жашашат. Аллахтын убадасы чындык. Ал улуу жана кудуреттүү, өкүмдар жана даанышман. (Локман Сүрөсү, 8-9)🌹

Андай болсо, ыймандуу адам фасыкка (бузукуга) окшош болобу? Алар бирдей болушпайт. Ыйман кылган жана чын ыкластуу иштерди кылгандар болсо, эми алар үчүн кылгандарыңарга сыйлык катары бир коноктолуу жери катары жашай турган бейиштери бар. (Сажда Сүрөсү, 18-19)🌹

Анан Китепти кулдарыбыздан тандагандарыбызга мураска бердик. Эми алардын кээ бири өз напсисине (өзүнө) зулумдук кылат, кээ бири орто бир жолдо, кээ бирлери болсо Аллахтын уруксаты менен жакшылыктарда жарышып алдыга чыгат. Мына ушул улуу берешендиктин өзү. Адн бейиштери (алардыкы); ал жерге киришет, ал жерде алтындан билериктер менен жана берметтер менен жасанышат. Жана ал жерде алардын кийимдери жибек(тен). «Бизден кайгыны кетирип жок кылган Аллахка мактоолор болсун; күмөнсүз Раббибиз чындыгында кечиримдүү, шүгүрлөрдү кабыл кылуучу. Ал бизди Өз берешендигинен (түбөлүк) жашай турган бир мекенге жайгаштырды; бул жерде бизге бир чарчоо келбейт жана бул жерде бизге бир тажоо да келбейт» дешет. (Фатыр Сүрөсү, 32-35)🌹

Ага: «Бейишке кир» деп айтылды. Ал болсо: «Менин коомум да бир билгенде кана» деди. «Раббимдин мени кечиргенин жана коноктолгондордон кылганын.» (Йасин Сүрөсү, 26-27)🌹

Мына бүгүн эч кимге (эч) бир нерседе зулумдук кылынбайт жана силер да кылгандарыңардын акысын аласыңар. Чындыгында, бүгүн бейиш калкы – «кубаныч жана бакыт толо» бир алаксуу (жашоо) ичинделер. Өздөрү жана жарлары көлөкөлөрдө, тактылар үстүндө жазданышкан. Ал жерде жапжаңы мөмөлөр алардыкы жана каалагандарынын баары алардыкы. Өтө боорукер Раббиден аларга айтылган «Салам» да (бар). (Йасин Сүрөсү, 54-58)🌹

Бирок чын ыкластуу кулдар башка. Мына ошолор; алар үчүн белгилүү бир ырыскы бар. Ар түрдүү мөмөлөр. Алар даам татышат. Немат-жакшылыктарга толгон (наим) бейиштерде. Маңдай-тескей тактылар үстүндө (отурушат). Булактан (куюлган) чөйчөктөр менен айланаларында айланышат. Аппак, ичкендерге ырахат (тартуулаган бир ичимдик). Анда баш балээси да, акылдарын жоготуу да жок. Жана жандарында көздөрүн жубайларына гана бурган ири көздүү аялдар бар. Алар сакталган бир жумуртка сыяктуу (сулуу жана жылмакай). (Саффат Сүрөсү, 40-49)🌹

Бул бир зикир. Күмөнсүз такыбалуулар (Аллахтан корккондор) үчүн албетте бара турган сонун бир мекен бар. Адн бейиштери; эшиктер аларга ачылган. Ичинде жазданып-сүйөнүшкөн; ал жерде көптөгөн мөмө менен шарап каалашат. Жана жандарында көздөрүн жубайларына гана бурган бир курактагы аялдар бар. Сурак күнү силерге убада кылынган мына ушул. Күмөнсүз, бул Биздин ырыскыбыз, эч түгөнбөйт дагы. (Сад Сүрөсү, 49-54)🌹

Бирок Раббилеринен коркуп-тартынгандар болсо; аларга бийик сарайлар бар, алардын үстүндө болсо бийик сарайлар курулган. Алардын астында дарыялар агып турат. (Бул) Аллахтын убадасы. Аллах убадасынан кайтпайт. (Зүмер Сүрөсү, 20)🌹

Раббилеринен коркуп- тартынгандар бейишке топ топ киргизилишти. Аягында ал жерге келишкенде, эшиктери ачылды жана аларга (бейиштин) кароолчулары айтышты: «Силерге салам болсун, кош жана таза келдиңер. Түбөлүк калуучулар катары ага киргиле.» (Алар) Айтышты: «Бизге берген убадасында бекем болгон жана бизди бул жерге мураскор кылган Аллахка мактоолор болсун. Бейиштен каалаган жерибизде конок боло алабыз. (Чын ыкластуу) Иштерди жасагандардын сыйлыгы – кандай сонун. Периштелердин да Арштын айланасын торошкон абалда Раббилерин мактоо менен аруулап жаткандыгын көрөсүң. Араларында чындык менен өкүм чыгарылды жана: «Ааламдардын Раббисине мактоолор болсун» деп айтылды. (Зүмер Сүрөсү, 73-75)🌹

Аршты көтөргөндөр жана айланасындагылар Раббилерин мактоо менен тасбих кылышып, Ага ыйман кылышууда жана ыймандууларга кечирим тилешүүдө: «Раббибиз, мээрим жана илим жагынан бүт нерсени ороп-курчадың, тообо кылгандар жана Сенин жолуңду ээрчигендерге кечирим кыл жана аларды тозоктун азабынан корго. Раббибиз, аларды Адн бейиштерине киргиз, аларга (муну) убада кылдың; аталарынан, жубайларынан жана урпактарынан чын ыкластууларды да. Чындыгында Сен улуу жана кудуреттүүсүң, өкүмдар жана даанышмансың. Жана аларды жамандыктардан сакта. Ал күнү Сен кимди жамандыктардан сактаган болсоң, чындыгында Ага мээримдүүлүк кылган болосуң. Улуу «кутулуу жана бакыт» мына ушул. (Момун Сүрөсү, 7-9)🌹

Ким бир жамандык кылса, ошого тең гана жаза тартат; ким –эркек же аял болсун- бир ыймандуу катары чын ыкластуу бир ишти жасаса, мына ошолор ичинде сансыз ырыскы тартуу кылынуу үчүн бейишке киришет. (Момун Сүрөсү, 40)🌹

Күмөнсүз: «Биздин Раббибиз Аллах» деп анан туптуура жолдо жүргөндөр (бар эмеспи); аларга периштелер түшүп (айтышат:) «Коркпогула жана кайгырбагыла, силерге убада кылынган бейиш менен кубангыла. Биз дүйнө жашоосунда да, акыретте да силердин досторуңарбыз. Ал жерде напсиңер (көңүлүңөр) каалаган нерселердин баары силердики жана каалаган нерселериңердин баары да силердики. Өтө кечиримдүү, өтө боорукер (Аллах)тан бир сый катары. (Фуссилет Сүрөсү, 30-32)🌹

Мына Биз сага ушундай арапча бир Куран вахий кылдык; шаарлардын энесин (болгон Мекке калкын) жана айланасындагыларды эскертишиң үчүн жана эч күмөн болбогон чогулуу күнүн (кабар берип аларды) эскертишиң үчүн да. (Ал күнү алардын) Бир бөлүгү бейиште, бир бөлүгү алоолоп күйгөн оттун ичинде. (Шура Сүрөсү, 7)🌹

(Ал күнү) Заалымдарды кылгандарынан улам коркуп, титиреп жатканын көрөсүң; ал (кылгандары) аларды басып калды. Ыйман келтирип ыкластуу иштерди жасагандар болсо бейиш бакчаларында. Раббилери Кабатында эмне кааласа баары алардыкы. Мына улуу пазилет (жакшылык жана жогорулук) ушул. Аллах ыйман келтирип, чын ыкластуу иштерди кылган кулдарына мына ушундай сүйүнчү кабар берет. Айт: «Мен бул (эмгегим) үчүн жакындарга сүйүүдөн башка силерден эч кандай акы сурабайм.» Ким бир жакшылык кылса, Биз андагы жакшылыкты көбөйтөбүз. Чындыгында, Аллах кечиримдүү, шүгүр кылганга жакшылыгынан берүүчү. (Шура Сүрөсү, 22-23)🌹

«Эй кулдарым, бүгүн силер үчүн коркуу жок жана силер кайгырбайсыңар. Алар Менин аяттарыма ыйман кылгандар жана Мусулмандар. Силер жана жубайларыңар бейишке киргиле; кубаныч ичинде коноктолосуңар. Алардын айланасында алтын идиштер жана кумуралар менен айланып турушат; ал жерде көңүлдөрү эңсеген жана көздөр ырахат алган бүт нерселер бар. Жана силер ал жерде түбөлүк жашайсыңар. Кылгандарыңар үчүн мураскор болгон бейишиңер мына ушул. Ал жерде силер үчүн көптөгөн мөмөлөр бар; алардан жейсиңер.» (Зухруф Сүрөсү, 68-73)🌹

Такыбалуулар (Аллахтан корккондор) болсо; сөзсүз алар коопсуз бир макамда. Бейиштерде жана булактарда, жеңил жибектен жана өтө жасалгаланган атластан (сатинден) (кийимдер) кийишет, маңдай-тескей (отурушат). Мына ушундай; жана Биз аларды чоң көздүү үр кыздар менен үйлөндүрдүк. Ал жерде коопсуздук ичинде, ар түрдүү мөмөлөрдү каалашат; ал жерде биринчи өлүмдөн башка өлүм татышпайт. Жана (Аллах) аларды тозок азабынан коргогон. Сенин Раббиңден бир берешендик катары. Улуу «бакыт жана кутулуу» мына ушул. (Духан Сүрөсү, 51-57)🌹

Күмөнсүз: «Биздин Раббибиз – Аллах» деп, анан туура жолдо жүргөндөр (бар эмеспи); эми алар үчүн коркуу жана кайгы-капа да жок. Мына ошолор бейиш калкы; кылгандарынын сыйлыгы катары ичинде түбөлүк жашашат. (Ахкаф Сүрөсү, 13-14)🌹

Мына ушулар; кылгандарынын эң сонунун кабыл алабыз жана жамандыктарынан кечебиз; (булар) бейиш калкы ичинде. (Мына ушул) Аларга убада кылынган чыныгы бир убада. (Ахкаф Сүрөсү, 16)🌹

Аларды туура жолго салат (хидаят берет) жана абалдарын оңдоп-түзөлтөт. Жана аларды сүрөттөп-тааныткан бейишке киргизет.

(Мухаммед Сүрөсү, 5-6)🌹

Күмөнсүз, Аллах ыйман кылып чын ыкластуу иштерди жасагандарды астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет. Чындыкты тануучулар (каапырлар) болсо пайдаланышат жана айбандар жегендей жешет; от алар үчүн бир коноктолуу жери. (Мухаммед Сүрөсү, 12)🌹

Такыба ээлерине (Аллахтан корккондорго) убада кылынган бейиштин мисалы (мындай): ичинде бузулбаган суудан дарыялар, даамы өзгөрбөгөн сүттөн дарыялар, ичкендер үчүн ырахат берүүчү шараптан дарыялар жана таза балдан дарыялар бар жана ал жерде алар үчүн мөмөлөрдүн ар түрдүүсүнөн жана Раббилеринен бир кечирим бар. (Мындай сыйланган бир адам) Оттун ичинде түбөлүк кала турган жана ичегилерин «майдалап үзүүчү» кайнак суудан ичирилген адамдардай болобу? (Мухаммед Сүрөсү, 15)🌹

Ыймандуулардын жүрөктөрүнө ыймандарына ыйман кошуп-көбөйтүшсүн деп, «коопсуздук сезими менен бейпилдик» түшүрүүчү Ал. Асмандардын жана жердин аскерлери Аллахтыкы: Аллах билүүчү, өкүмдар жана даанышман. (Булардын баары) Ыймандуу эркектерди жана ыймандуу аялдарды ичинде түбөлүк жашай турган, астынан дарыялар

аккан бейиштерге киргизиши жана жамандыктарын жашырып-кечириши үчүн. Мына ушул Аллах Кабатында «улуу кутулуу жана бакыт». (Фетих Сүрөсү, 4-5)🌹

Сокурга кыйынчылык (жоопкерчилик) жок, чолокко да кыйынчылык жок, оорулууга да кыйынчылык жок. Ким Аллахка жана Элчисине моюн сунса, (Аллах) аны астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет. Ал эми ким жүз бурса, аны оор бир азап менен азаптандырат. (Фетих Сүрөсү, 17)🌹

Бейиш болсо такыба (адам)дар үчүн алыста эмес, (ал күнү) жакындатылган. Силерге убада кылынган ушул; (чын көңүлдөн Аллахка) багытталып бурулган (Исламдын өкүмдөрүн) аткарган, көрбөсө да Рахмандан «ичи титиреп корккон» жана «чын көңүлдөн Аллахка багытталган» бир жүрөк менен келгендер үчүн. Ага аман-эсен жана тынчтык (салам) менен киргиле. Бул түбөлүктүүлүк күнү. Ал жерде каалаган нерселеринин баары алардыкы; Кабатыбызда андан да көбү бар.

(Каф Сүрөсү, 31-35)🌹

Күмөнсүз муттакилер (Аллахтан корккондор) Раббилеринин аларга бергенин алышып, бейиштерде жана булактарда. Себеби алар мындан мурда ихсан (сонун иштерди) кылышкан. (Зарият Сүрөсү, 15-16)🌹

Эч күмөнсүз, такыбалуулар (Аллахтан корккондор) бейиштерде жана немат-сый ичинде; Раббилеринин бергендерине кубанып, бактылуу (жүрүшөт). Раббилери аларды «алоолоп күйгөн тозоктун» азабынан коргогон. «Кылгандарыңар үчүн ырахаттанып жеп, ичкиле.» Тыкандык менен тизилген тактылар үстүндө сүйөнүшкөн. Жана Биз аларды чоң-жейрен көздүү үр кыздарга үйлөндүрдүк. (Тур Сүрөсү, 17-20)🌹

Аларга каалап-эңсеген мөмөлөрүнөн жана эттен көп-көп бердик. Ал жерде чөйчөк кагышып-ичишет, анда «бош жана тантык бир сөз» да, күнөөгө кирүү да жок. Алар үчүн (кызмат кылган) кыздар айланасында айланып турушат; (ар бири) седепте сакталган бермет сымал таптаза, жаркыраган. Кээ бири кээ биринен сурашат; мындай дешти: «Биз чындыгында мурда үй-бүлөбүз (жакын туугандарыбыз) арасында да санаа болуп-коркчубуз. Эми Аллах бизге берешендик кылды жана «клеткаларга чейин жетүүчү кууруй турган» азаптан сактады. Күмөнсүз, биз мындан мурда Ага дуба (кулчулук) кылчубуз. Чындыгында Ал жакшылыгы көп, өтө боорукер.» (Тур Сүрөсү, 22-28)🌹

Ант болсун, аны башка бир түшүүдө да көргөн эле. Сидретүъл-Мүнтеханын жанында. Меъва-Бейиши анын жанында. Сидрени жапкан жаап турганда, көз жылып-адашкан жок жана (чектен) чыкпады. Ант болсун, ал Раббиңдин эң чоң аяттарынын бирөөсүн көрдү. (Нежм Сүрөсү, 13-18)🌹

Эч күмөнсүз, муттакилер (Аллахтан корккондор) бейиштерде жана дарыя (айлана)сында. (Камер Сүрөсү, 54)🌹

Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Раббиңдин макамынан корккон адам үчүн болсо эки бейиш бар. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Ар кандай «назиктиктерге жана кооздуктарга» (же ар түрдүү коюу дарактарга) ээ. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Экөөсүндө тең агып турган эки булак бар. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Экөөсүндө тең ар мөмөдөн эки жуп бар. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Астылары өтө жасалгаланган атластан төшөктөр үстүндө жазданышат. Эки бейиштин тең мөмөсүн-алуу (ал жердегилерге) жакын (оңой). Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Ал жерде көздөрүн жубайларына гана бурган аялдар бар, булардан мурда аларга бир адам да, бир жин да тийген эмес. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Алар жакут менен маржан сымал. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Ихсандын (жакшылыктын) акысы ихсандан башка нерсе болобу? Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Бул экөөнөн башка дагы эки бейиш бар. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Болушунча жапжашыл. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Ичтеринде тынымсыз атылып-агып турган эки булак бар. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Ичтеринде (ар түрдүү) мөмө, теңдешсиз курма жана теңдешсиз анар бар. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Ал жерде мүнөздөрү сонун, жүздөрү сулуу аялдар бар. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Чатырлар ичинде корголгон ур аялдар. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Булардан мурда аларга бир адам да, бир жин да тийген эмес. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Жашыл жаздыктарга жана өтө кооз төшөктөргө жазданышат (сүйөнүшөт). Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Улуу жана берешен Раббиңдин аты кандай Улук. (Рахман Сүрөсү, 45-78)🌹

Жарышып алдыга чыккандар болсо алга чыккан алдыңкылар. Мына ошолор жакындаштырылгандар (мукарреб). Нематтарга толо бейиштер ичинде; көпчүлүгү өтмүш (үммөттөрдөн), бир азы кийинкилерден. «Өтө кылдат баалуу таштардан жасалган» тактылар үстүндө. Маңдай-тескей жазданышкан болот. Айланаларында өлүмсүздүккө жеткен жаштар айланып турат; булагынан (толтурулган) кумуралар, көөкөрлөр жана чөйчөктөр (рюмкалар), андан баштары да оорубайт жана өздөрүн жоготуп акылдары да буланбайт. Каалап-тандай турган мөмөлөр, жандары тарткан куш эти. Жана чоң көздүү үр кыздар, корголгон берметтер сыяктуу; кылгандарына сыйлык катары (аларга тартууланат); ал жерде «тантык жана бош бир сөз» да угушпайт, күнөөгө кирүү да жок. Бир сөз гана (угушат:) «Салам, салам.» «Асхаб-ы Йемин», кандай (куттуу ал) «Асхаб-ы Йемин.» Оор бутактары ийилген алча (дарактары). Үстү-үстүнө тизилген мөмөлөрү төгүлгөн банан дарактары. Жайылып-созулган көлөкөлөр, токтобой аккан суу(лар); жана (дагы) көптөгөн мөмөлөр арасында түгөнүп-азайбаган жана тыюу салынбаган (мөмөлөр). Бийиктерге салынган төшөктөр. Чындыгында Биз аларды жаңы бир жаратуу менен куруп-жараттык. Аларды дайыма кыз бойдон кылып жараттык, жубайларына ашык (жана)

бирдей куракта, «Асхаб-ы Йеминдер» үчүн. (Булардын) Көпчүлүгү өтмүш (үммөт)төрдөн, көпчүлүгү кийинкилерден. (Вакыа Сүрөсү, 10-40)🌹

Эгер ал (өлө турган киши) жакын кылынгандардан (мукарребдерден) болсо, анда бейпилдик, сонун ырыскы жана немат-жакшылыктарга толо бейиш (аныкы болот). Жана эгер «Асхаб-ы Йеминден» болсо, анда «Асхаб-ы Йеминден» сага салам. (Вакыа Сүрөсү, 88-91)🌹

Ал күнү ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды нурлары алды жана оң тараптарында чуркап баратканын көрөсүң. «Бүгүн силерге сүйүнчү, ичинде түбөлүк жашай турган, астынан дарыялар аккан бейиштер.» «Улуу кутулуу жана бакыт» мына ушул. (Хадид Сүрөсү, 12)🌹

Раббиңерден болгон бир кечиримге жана бейишке (жетүү үчүн) «аракет кылып-жарышкыла», (ал бейиш) кенендиги асман менен жердин кеңдигиндей болуп, Аллахка жана Пайгамбарына ыйман кылгандар үчүн даярдалган. Мына ушул Аллахтын берешендиги, аны каалаганына берет. Аллах өтө берешен. (Хадид Сүрөсү, 21)🌹

Аллахка жана элчисине баш көтөргөн адамдар менен бир жакшы көрүү (жана достук) байланышы болгон Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирген эч бир коом (топ) таба албайсың; алар аталары, балдары, бир туугандары, өз урпактары болсо дагы. Алар ушундай адамдар: (Аллах) жүрөктөрүнө ыйман жазган жана аларды Өзүнөн бир рух менен колдогон. Аларды астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет; ал жерде түбөлүк жашашат. Аллах алардан ыраазы болгон, алар да Андан ыраазы болушкан. Мына ошолор Аллахтын тобу. Көңүл бургула; күмөнсүз Аллахтын тобу – фелах (үмүттөрү ишке ашып кутулуу) тапкандар мына ошолор. (Мүжаделе Сүрөсү, 22)🌹

От калкы менен бейиш калкы бир болбойт. Бейиш калкы – үмүт кылганына жетип бактылуу болушкандар. (Хашр Сүрөсү, 20)🌹

Ал болсо силердин күнөөлөрүңөрдү кечирип, силерди астыларынан дарыялар аккан бейиштерге жана Адн бейиштериндеги сонун жайларга жайгаштырат. «Улуу бакыт жана кутулуу» мына ушул. Жана силер жакшы көргөн нерсе (нээмат) да бар: Аллахтын жардамы жана жакында келе турган бир жеңиш. Ыймандууларга сүйүнчүлө. (Сафф Сүрөсү, 12-13)🌹

Силерди чогулуу күнү үчүн бир жерде топтой турган күнү; мына ошол алдануу (тегабүн) күнү. Ким Аллахка ыйман кылып чын ыкластуу бир ишти жасаса, (Аллах) анын жамандыктарын жашырат жана ичинде түбөлүк жашай турган астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет. Улуу «бакыт жана кутулуу (февз)» мына ушул. (Тегабүн Сүрөсү, 9)🌹

Ыйман кылып, чын ыкластуу иштерди жасагандарды караңгылыктардан нурга чыгарышы үчүн Аллахтын апачык аяттарын силерге окуган бир элчи да (жөнөттүк). Ким ыйман кылып, чын ыкластуу бир ишти жасаса, (Аллах) аны ичинде түбөлүк жашай турган астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет. Аллах чындыгында ага кандай сонун ырыскы берди. (Талак Сүрөсү, 11)🌹

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE