Келе жаткан орзоңуздар куттуу болсун?
Ас-саламу алайкум?
Рамазан жана орозо?
Исламдын беш шартынын төртүнчүсү ыйык Рамазан айында күн сайын орозо кармоо болуп эсептелет. Орозо кармоо «савм» деп аталат. Бул сөздүн сөздүктөгү мааниси бир нерсени бир нерседен коргоо дегенди билдирет. Ал эми Исламда шарттарына ылайык Рамазан айында Аллаху таала буюргандыктан күн сайын өзүн үч нерседен коргоо болуп саналат. Бул үч нерсе: тамак жеш, ичиш жана жыныстык катнашта болуу.
Рамазан айына урмат кылуу керек. Орозо кармаганына карабастан гыйбат кылган, жалган сүйлөгөн, көңүл ооруткан, харамдардан сактанбаган адам Рамазан айына урмат кылбаган болот.
Хадиси шарифтерде айтылган?
«Көңүл бургула! Рамазан айындагы сооп жана күнөөлөр кат-кат болуп жазылат. Рамазанда көп намаз окугула! Көп Курани карим окугула!”
«Рамазан айынын келүүсүнө кубанганды Аллаху таала кыямат күнүнүн коркуусунан коргойт.”
«Рамазанды өтө урматтоо керек. Анын ырайымы момундарды кубантуучу. Ал ошондой бир ай, алгачкы күндөрү ырайым, ортосу кечирим жана акыры Жаханнам отунан кутулуу.”
«Эгер пенделер Рамазан-ы шариф айындагы фазилат жана ихсандарды билишкенде жылдын толугу менен Рамазан болуусун каалашмак. Себеби, мында көп сооп бар.”
Баарыбызга маалым болгондой, арадан он бир ай өтүп кайрадан көптөн күткөн Ыйык Рамазан айына кирип келдик. Бул айды мусулмандар «он бир айдын султаны», «он бир айдын ыйыгы», «он бир айдын улуусу» деп билишет. Анткени он эки айдын ичинен жалгыз Рамазан айы гана Куранда баса белгиленген?
Бул багытта аятта төмөнкүчө буюрулат?«Адамдар үчүн ыйман булагы саналган Куран туура жолду көрсөтүүчү жана айкын далилдер аркылуу чындык менен бузукулукту кашкайта таанытуучу абалында Рамазан айында түшүрүлгөн» (Бакара сүрөсү, 185-аят). Аяттын мааниси Рамазан айынын канчалык деңгээлде улуу ай экендигин таасым чагылдырып турат.
Дагы жакшылап үңүлө турган болсок, «Куран», «Рамазан» деген сөздөр бири-бири менен тыгыз байланышы бардай бир сүйлөмдө келип жатат. А Курандын тарыхы болсо ортодогу кубаттуу байланыштын бар экендигин тастыктайт. Асыресе, Курандын Рамазан айында түшүрүлгөнү кашкайган чындык. Мына ушул байланыштан улам Куран менен Рамазан Ислам ааламында ар дайым чогуу аталып келет. Башкача айтканда, «Рамазан – Куран айы» деген түшүнүк калыптанган.
Куран менен Рамазан айынын ортосундагы байланыш башка бир аятта мындайча маалымдалган?«Хаа-м-миим. Ачык-айкын Китепке ант! Биз аны (Куранды) куттуу түнү түшүрдүк… Биз Эскертүүчүбүз. Бул түнү бардык даанышман иштер бөлүштүрүлөт. Бул Жараткандан келген ырайым. Шексиз Ал бүт нерсени Билүүчү жана бүт нерсени Угуучу» (Духан сүрөсү, 1-6-аяттар).
Бул жерде куттуу түндүн кайсы түн экендиги ачык-айкын айтылбаса да, бул көпчүлүк аалымдардын көз карашында Рамазан айындагы Кадыр түн деп эсептелинет. Анткени бул Кадр сүрөсүндө таамай билдирилген?«Акыйкатта, Биз аны (Куранды) кадыр түндө түшүрдүк. Кадыр түндүн эмне экенин билесиңби? Кадыр түн – миң айдан да артыгыраак. Периштелер жана Рух ал түнү Алланын буйругун аткаруу үчүн жер жүзүнө түшүшөт. Таң агарганга чейин ал түндү бейпилдик коштойт» (Кадр сүрөсү, 1-5-аяттар).
Духан сүрөсү менен Кадр сүрөсүндөгү айтымдарга карек оодара турган болсок, экөөндө тең окшош маалыматтар камтылганы белгилүү болот. Аалымдар мына ушул себептен улам Духан сүрөсүндө айтылган «куттуу түн» Кадр сүрөсүндө «миң айдан артык» деп сыпатталган «кадыр түндүн» өзү экендигин ырасташкан.
Бул аяттар бизге Алланын Китеби саналган Куран-и Карим ыйык Рамазан айында, Рамазандын куттуу түнү саналган Кадыр түндө түшүрүлө баштаганын ачык билдирип турат.
Айрым булактарда айтылгандай, Арап эли Исламдан мурда деле Рамазан айын ыйык ай деп эсептешкен. Ошол доорлордо кандайдыр бир согуш чыгып кетип, ага улай Рамазан айы кирип келе турган болсо, согуш дароо токтотулуп эл кадыресе жай турмушун улантчу экен. Мындайча айтканда, ошол доорлордо Рамазан «тынчтык айы», «бейпилдиктин айы» катары адамдардын аң-сезимине кыттай уюган.
Ошентип арадан агылып жылдар өткөндөн кийин Жараткан Алланын буйругу менен Куран Рамазан айында түшүрүлө баштайт. Анын үстүнө Рамазандын кадыр-баркынын Куранда өзгөчө белгилениши анын зоболосун дагы да бийиктетип салат. Мурдагы «тынчтык айы», «бейпилдик айы» коомчулуктун мусулман болушунан тарта жана Куранга болгон ынтызарлык себептүү «ибадат айы», «Куран айы» катары улуу даңазага ээ болот.
Ошондон тарта бул айда эч ким зыян тартпас болот. Киши канын суудай агызган согуштар токтотулуп, азуу кайрашкан душмандар элдешет. Адамдар бир жерден бир жерге эч кимден коркпой бейгам бара баштайт. Күнөө, арам иштердин баары тыйылат. Бири-бирине колдоо көрсөткөн кайрымдуулар көбөйөт. Зекет, садака, үшүр дегендер такай таратылчу болот. Жакыр адамга жардам көрсөткөн бардар мусулман Рамазан айынын шарапатынан улам өзүн бактылуу сезсе, куттуу айдын мол берекесинен пайдаланган кембагал бүлөлөрдө күлкү жаңыра баштайт. Ошентип Рамазан айынын маанилүүлүгү калктын калың катмарына тез эле сиңип, бүткүл Ислам ааламы бейпилдиктин, бактылуулуктун кучагында өмүр кечирет.
Рамазан айы жакындап калганда мусулмандар руханий жактан өзгөчө даярдык көрө башташат. Азирети Пайгамбарыбыз баш болуп бул ыйык айда Куранды баштан аяк окуп чыккан. Окуганда да Жабраил периште менен маңдай-тескей олтуруп алып бири-бирине окуп, жатталган Куранды бышыктаган. Буга күбө болгон сахабалар да башка мезгилдерге караганда Рамазан айында Куранга өзгөчө көңүл бурушкан. Рамазан айында Мединанын көчөлөрүндө баскан адам ар бир үйдөн Курандын кубулжуган авазы жаңырып турганын уккан. Ошол кездерде Мединадагы ар бир үй «Куран медресесине» айланган. Мунун баарын бизге Исламдын белгилүү булактары маалымдайт.
Алла Элчиси менен Жабраилдин, андан кийин кутман сахабалардын өз ара бет маңдай олтуруп алып Куран окуу салты күнүбүзгө чейин уланып, «мукабала» деген аталыш менен мусулмандардын жүрөгүндөгү Куранды бышыктап келет. Айрыкча Ислам ааламынын маанилүү шаарларынан саналган Стамбулдун мечиттеринде Куранды жакшы окуган каарылар Рамазан айында багымдат, бешим же дигер намаздарынан кийин кезектешип жамаатка Куран окуп беришет. Мына ушундай усул менен күн сайын бирден пара-жүз окуган каарылар, отуз күндө Куранды баштан аяк окуп чыгышат.
Абдан пайдалуу, асыресе, Азирети Пайгамбарыбыздын сүннөтү саналган бул салтты бүтүндөй Ислам ааламы Рамазан айында кайрадан жандандырышы керек. Ыйык Рамазан айында жер жүзүнүн мусулмандар жашаган бардык аймактарында Курандын үнү жаңырып турса кандай сонун болор эле. Куранды тек гана кубулжутуп гана окубастан анын маани-маңызы да жумурай журтка түшүндүрүлсө нары сооптуу, нары пайдалуу иш болмок. Элдин динге болгон аң-сезими жогорулап, жаман жоруктар оңолмок. Ошондо көпчүлүктүн мээсине кадалган «согуш, терроризм фиолософиясы» өзүнөн өзү жоюлуп, «Ислам — тынчтыктын, бейпилдиктин дини!» деген түшүнүк жаралмак. Эң кейиштүү жагы бүгүнкү күндө Ыйык Рамазан айы киргенине карабастан Ð
