Пример HTML-страницы

“Исламда сүйүү никеден кийин башталат”

https://kyrgyzcha.site/?p=38865&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Чубак Жалилов: “Исламда сүйүү

никеден кийин башталат”

Кыргызстан мусулмандар дин

башкармалыгынын Фатва бөлүмүнүн

башчысы Чубак Жалилов менен нике тууралуу

маек курдук.

-Нике жөнүндө түшүнүк бере кетсеңиз.

-Нике — шарият эрежеси боюнча аял менен

эркектин башын кошуу. Никеге туруу үчүн

аялдын да, эркектин да ыраазылыгы сөзсүз

түрдө керек. Эгер экөө тең же бирөөсү

нааразы болсо нике кыйган күндө да

жараксыз болуп эсептелинет. Эркек да, кыз

да ыраазылыгын өткөн чакта билдирет.

Мисалы, “өзүңө багыштадыңбы?” десе,

“багыштайм” эмес, “багыштадым” деп айтуу

керек.

Кызга эркек тараптан махр берилет. Махр —

эркек тарабынан аялына берилүүчү шарият

буюрган белек. Турмушка чыгуу аялдын

жашоосунда эң бактылуу учур болгондуктан

бул күндө белек алуу жагымдуу көрүнүш. Эң

аз өлчөмдөгү махр 10 дирхам, бул миң

сомдун тегерегинде.

ЗАГСтагы нике жарактуу болушу үчүн ал

жердегилер илимдүү болушу керек

-Жарандык абалды каттоодон өткөрүү (ЗАГС)

никенин ордуна жарайбы?

-Жарабай калуу ыктымалы өтө көп. Анткени

эки жаштын ортосуна нике түшөбү, экөөнүн

никеге турууга укугу барбы, кыздын башы

бошпу, турмушка чыккан эмеспи, чыккан

болсо идда мөөнөтү (биринчи нике бүткөндөн

кийинки экинчи никеге чейинки аралык)

бүттүбү, экөөнүн ортосунда тууганчылык

жокпу же эмчектеш эмеспи… мунун баарын

атайын текшерип анан нике кыюу керек.

Эркекти да текшерүү керек. Биздин ЗАГСта

отурган байбичелер муну түшүнбөйт деле.

Ошондуктан туугандарга, эмчектеш

туугандарга нике кыйылып калган учурлар

кездешет. Мисалы, мен мындай көрүнүшкө

күбө болдум: кыз апасынын бир тууганына —

таякесине күйөөгө чыгыптыр.

Баарын тактоо үчүн билимдүү адис керек.

Экөөнүн баш кошууга укуктары болсо гана

нике кыйылат. Андан кийин молдо дуба окуп,

батасын берет. “Жамгыр менен жер көгөрөт,

бата менен эл көгөрөт” деген сөз бар. ЗАГСта

кандай бата болмок эле. СССР учурунда

ЗАГСтагыны нике эсептеп жүргөнбүз. Бирок

азыркы учурда аны туура деген кыйыныраак.

Таптакыр болбойт деп айта албайбыз, бирок

кыйыныраак.

-Анда шарият жолу менен нике кыюу

керекпи? ЗАГСтагы нике менен жашай берсе

болбойбу?

-Аны үчүн ЗАГСтагыларды илимдүү кылуу

керек. Болот деп да, болбойт деп да айта

албайбыз. Себеби көбүнчө текшербестен

туруп нике кыйышат. Аларга кагаз бетиндеги

маанилүү да. Шарият боюнча укуктарын

билишпейт. Шарият боюнча укугу болгон

учурда нике жарай бериши ыктымал. Бирок

жарабай калуу ыктымалы да бар болуп

жатпайбы.

Ислам кыз-жигит катары жүрүүгө тыюу

салат

-Никеге чейин кыз-жигит катары жүрүүгө

Ислам кандай карайт?

-Ислам буга тыюу салат. “Кыз кезинде баары

жакшы, жаман аял кайдан чыгат” дейт.

“Жигит кезинде да баары жакшы, жаман

эркек кайдан чыгат”. Экөө бирдей эле. Он

жыл сүйлөшсө деле жакшы жагын көрсөтүп

жүрө берет. Анан бирге жашаганда жаман

мүнөздөрү көрүнө баштайт. Исламда кыз-

жигит болуп жүргөндөр жок. Бир жолу көрүүгө

уруксат берилет. Жигиттин туугандары кызды

көрүп, сынайт, анан жигит кыз менен

көрүшөт. Кыздын бети менен колун гана

көрөт. Жылаңач келбейт ал жерге же

бассейнге түшүп жатканда көрбөйт. Адамдын

жүзү – анын паспорту. Паспортто бардык

нерсе билинет. Бири-бирин жактырса баш

кошушат, болбосо башкасын издейт.

-Жактырып калуу убакыттын өтүшү менен

болушу да мүмкүн го.

-Жок, ал жалган жасоо. Бизде жактыруу деген

гана бар, а сүйүү никеден кийин башталат.

Беш жыл сүйлөшүп жүрүп, баш кошкондон

кийин ажырашып кеткендер толтура.

Исламда жарандык нике жок. Жашап көрүп,

жакса андан ары жашап, жакпай калса

ажырашып кетүү деген Исламга жат көрүнүш.

-Нике кыюудагы шарттарды айтып берсеңиз.

-Биринчиден, нике кыюуда кыздын жана

жигиттин ыраазылыгы керек. Ансыз нике

жараксыз. Кызды да, жигитти да эч кимдин

мажбурлап никеге тургузганга укугу жок.

Күбөлөр керек, эки эркек же бир эркек жана

эки аял болушу керек. Сөзсүз эркектерден

күбө болушу шарт.

Экөө тең мусулман болуусу керек, жок

дегенде жигит мусулман болуп, кыз китеп

ээлеринен – христиан жана иудаизм дининен

болсо боло берет. Ал эми мусулман кыз

башка диндеги эркекке турмушка чыга

албайт. Анткени үй-бүлөдө көбүнчө эркек

кожоюндук кылгандыктан кайсы бир

деңгээлде ишенимине таасирин тийгизиши

мүмкүн. Кыздарыбыз биздин моюнубуздагы

аманат, аларды өзүбүз ишенбеген башка дин

өкүлдөрүнө бере албайбыз. Аларды кыйнап

коюшу мүмкүн же мажбурлап башка динге

киргизиши мүмкүн.

— “Күйөөсү таштап кетип, 6 айга чейин келбесе

нике автоматтык түрдө бузулат” деген сөз

туурабы?

-Ал болбогон нерсе. Бул кыргызча шарият.

Исламда мындай нерсе жок. Нике өзүнөн өзү

бузулуп калбайт.

-Күйөөсү дайынсыз жоголуп кетсе эмне кылуу

керек?

-Бул башка маселе. 4 жыл ичинде таптакыр

кабары билинбесе, анан ошого жараша

мамиле кылынат. Дароо эле кетип калбайт

да.

-Ошентсе да күтүүнүн белгилүү бир мөөнөтү

барбы?

-Кээ бир маселелер ачык айтылбайт, анткени

адамдар туура эмес түшүнүп алышы мүмкүн.

Акыйкат бар, анын баарын бир учурда айта

берүү акыйкаттык эмес. Мындай көрүнүш эч

кимдин башына түшпөсүн. Эгер ошондой

болсо бизге келсин, жообун беребиз.

-Нике кыюу учурунда жубайларга кандай

талаптар коюлат?

-Нике кыйылган учурда жубайлардын

милдеттери жана укуктары автоматтык түрдө

жүктөлөт.

-Укуктар жана милдеттер жөнүндө кыскача

айта кетсеңиз.

-Күйөөсү үй-бүлөсүн тамак-аш, кийим-кечек

жана башкалар менен камсыз кылат;

Аял күйөөсүнүн уруксатысыз үйдөн чыгып

кетпейт;

Аял күйөөсү таап келгенди ордуна коюп,

сарамжалдуу пайдаланат;

Жубайлар бири-бири менен кеңешип иш

кылышат. Буларды айта берсе көп. Шартка

жараша милдеттер менен укуктар чыга

берет.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE