Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Эмгектенүү ибадатпы?

https://kyrgyzcha.site/?p=36851&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Эмгектенүү ибадат

Суроо:

Эмгектенүү ибадатпы?

Жооп…

Момундун эмгек кылуусу ибадат болуп саналат. Бирок, ыймансыз болсо ал адамдын эмгектенүүсү ибадат болбойт. Мен намаз окубайм, бирок, эмгектенип жатам, бул дагы ибадат деп айтуу жаңылыш. Намаз окубаган адамдын дагы эмгектенүүсү ибадат болбойт. Эч кимге муктаж болбоо үчүн эмгектенүү өтө жакшы. Пайгамбарыбыз Хазрети Муаз менен мусафаха кылган (кол алышкан) кезде буюрду:

-Йа, Муаз, колдоруң жооруп калыптыр.

-Ооба, йа Расулаллах, жер казыр иштейм, ушинтип бала-чакамдын нафакасын таап жатам.

Пайгамбарыбыз «саллаллаху алейхи ва саллам” Хазрети Муазды өөп:

-Бул колду Тозоктун оту күйгүзбөйт – деп буюрду. (Тибйан)

Дагы бир күнү бир жаш жигит таң эрте жумушуна бара жаткан эле. Асхаб-ы кирамдан кээ бирлери муну ылайык көрүшпөдү. Ошол жерде болгон Пайгамбарыбыз «саллаллаху алейхи ва саллам”: «Андай дебегиле! Эгер эч кимге муктаж болбоо, эне-атасын жана үй-бүлөсүн муктаж кылбоо үчүн ишине бара жаткан болсо ар бир кадамы ибадат. Эгер таба турчу акчасы менен мактануу, жыргаш-ойноо ниетинде болсо шайтан менен бирге.” (Таберани)

Көрүнүп тургандай эле бир мусулман адамдын жакшы ниет менен эмгектенүүсү ибадат. Бирок, капырдын жана ар кандай харам иш кылган адамдын эмгек кылуусу ибадат болбойт. Намаздын кереги эмне, эмгектенүү дагы ибадат деп айтуу өтө жаңылыштык. Мындай деп айткан адам капыр болот. Намаз окуган,харамдардан сактанган адамдын жакшы ниет менен эмгектенүүсү ибадат. (К. Саадат)

Ар кимдин ырыскысы бөлүнгөн

Адам ырыскысын издегендей эле ырыскы да өз ээсин издейт. Байлардан дагы жакшы, бактылуу жашаган көптөгөн кедейлер бар. Аллаху таала Өзүнөн корккондорго, динин кармангандарга алар күтпөгөн жерлерден ырыскы жиберет. Аллаху таала адамдарды жаратып жатканда өмүрлөрү сыяктуу ырыскыларын да такдир кылган (белгилеген). Бул тууралуу хадиси шарифтердин кээ бирлери мына мындай:

«Аллаху таала момун адамдын ырыскысын күтпөгөн жерден берет”. (И.Хиббан)

«Аллахтан корккула, каалаган нерселериңерге жетүү үчүн жакшы себептерге жармашкыла. Жаман себептерге жолобогула! Эч бир адам белгиленген ырыскысына жетмейинче өлбөйт.” (Хаким)

«Ажалыңар силерди кандайча ээрчип жүрсө ырыскыңар да ошондой ээрчип жүрөт. Ырыскы үчүн кыйынчылык тартсаңар Аллаху тааланын буйругуна ылайык кыймылдагыла.” (Таберани)

«Аллахтан коркууну каражат кылган адам ырыскысына соодасыз жана каражатсыз жетет.” (Таберани)

«Аллаху таалага толук тобокел кылганыңарда таң эрте ач кетип, кеч ток кайткан куштар сыяктуу ырыскыга жетмексиңер.” (Тирмизи)

Ырыскысына жетүүнү каалаган адам себептерге жармашуусу керек! Акча табуу малды көбөйтөт. Бирок, ырыскыны көбөйтпөйт. Ырыскы белгиленген. Б.а., эзелде бөлүнүп коюлган. Ырыскы айлыкка, малга, эмгектенүүгө байланган эмес. Бирок, Аллах буйрук кылгандыгы үчүн эмгектенүү керек. Себеби, Аллаху тааланын иштери себептердин алдында пайда болот. Аллаху тааланын адаты мына ушундай. Бирок, кээде себепке жармашканда да иш пайда болбошу мүмкүн. Же болбосо себепсиз дагы пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу хадиси шарифтердин кээ бирлери мындай:

«Ырыскысынын мол болуусун каалаган адам туугандарын зыярат кылсын!”(Бухари)

«Ырыскы үчүн кайгырба, такдир кылынган (эзелде бөлүнгөн) ырыскы сени табат. ” (Исфахани)

«Зикирдин кайырлуусу хафи (жашыруун) болгону, ырыскынын кайырлуусу жеткиликтүү болгону.” (Байхаки)

«Аллаху таала сүйгөн кулуна ырыскысын кафи (жете тургандай)берет.” (Эбушшейх)

«Халал табуу үчүн кыйынчылык тарткан адамга Бейиш важиб болот.” (И.Газали)

«Ырыскыга жеткен адам көп хамд кылсын!” (Хатиб)

Ырыскылардын таралуусу багымдат намазынан кийин болот. Руханий ырыскылардын таралуусу болсо асыр намазынан кийин. Бул эки убакта уктабоого көңүл бөлүү керек! (Эл-Энвар)

Хамд кылуу – бул Аллаху таалага шүгүр кылуу. Ар жакшылыктын Аллаху тааладан келгендигине ишенүү керек. Аллаху таала Хазрети Мусага:

«Өзүнө берген ниматымды менден деп билип, өзүнөн деп билбеген адам ниматтардын шүгүрүн өтөгөн болот. Ырыскысын өзүнүн эмгектенүүсүнөн билип, менден деп билбеген адам ниматтын шүгүрүн өтөбөгөн болот.” (И.Газали)

Көп табуу үчүн көп эмгектенүү

Суроо: Көп акча табуу үчүн көп эмгектенүү динге карама-каршы эмеспи?

ЖООП

Өзүнүн жана бала-бакырасын таба турганчалык жана карыздарын төлөй ала турганчалык эмгектенип акча табуу фарз. Хадиси шарифте буюрулду:

«Эмгектенип акча табуу фарз.”(Таберани)

Бала-бакырасынын бир жылдык нафакасын топтой турганчалык эмгектенүү мубах. Мусулмандарга жардам кылуу үчүн, жихад кылуу үчүн көп эмгектенип акча табуу мустахаб, өтө жакшы. Хадиси шарифте буюрулду:

«Адамдардын эң жакшысы адамдарга пайдалуу болгону.” (Кудаи)

Көрсөтүү үчүн, мактануу үчүн акча табуу тахриман макрух. Эмгектенүү ырыскыны көбөйтпөйт. Эмгектенүү эзелде белгиленген ырыскыга жетүүгө себепчи болот. Ырыскына берген Аллаху таала. Эмгектенүү – бул себепке жармашуу. Себептерге жармашуу сүннөт. (Эл-Ихтияр)

Акырет сообу үчүн, (көп акча табуу үчүн көп эмгек кылуу керек) деген сөз албетте жагымдуу.

Пример HTML-страницы

Курани каримде мал-мүлккө хайыр деген ат берилген жана мал-мүлк макталган. Хадиси шарифте дагы буюрулду:

«Бир мезгил келет, адам динин жана дүнүйөсүн бир гана акча менен кармап тура алат.” (Таберани)

Динибиз акчаны эмес акчага болгон сүйүүнү жамандаган.

Ибрахим алейхиссалам Пайгамбар болуп, буттарга сыйынуудан алыс болсо дагы: «Йа, Рабби, мени жана балдарымды бутка сыйынуудан сакта!” – деп дуба кылган. Бут деп айтылган нерсе бул акчага болгон сүйүү болуп саналат. Демек, акчаны жакшы көрүү бутка сыйынууга окшотулган. Хадиси шарифтерде айтылды:

«Акчага сыйынган куруйт.” (Тирмизи)

«Алтын жана күмүштүн (акчанын)кулуна лаанат болсун!” (Тирмизи)

«Акчага көңүл берүү силерден мурдакыларды куруткандыгы сыяктууу силерди дагы курутушу мүмкүн.” (Таберани)

«Бир мезгил келет, кайгысы ашказан, намысы мал-мүлк, кыбыласы аял, дини акча болгон адамдар чыгат. Булар калктын жамандары.” (Сулеми)

Хадиси кудсиде дагы айтылды:

«Хак таала буюрду: (Эй, дүнүйө, мага кызмат кылган адамга кызматчы бол! Сага кызмат кылган адам болсо сенин кызматчың болсун.)” (Абу Нуайм)

Дүнүйө жаманбы?

Суроо: Динибизде дүнүйө деген эмне?

ЖООП

Дүнүйө – бул харам жана макрухтар. Дүнүйө, мал-мүлк, байлык, дүнүйөлүк, ырыскы сыяктуу маанилерди дагы билдирет.

Имам Раббани хазреттери буюрду:

Дүнүйө сени Аллаху тааладан алыстаткан нерселер болуп саналат. Аял, бала, мал, чин, бийликке болгон арман Аллаху тааланы унуттура турганчалык ашыкча болсо дүнүйө болот. Чалгы аспаптар, оюндар, пайдасыз бош нерселер менен убакыт өткөрүү (кумар, жаман достор, жаман фильмдер, бош аңгеме романдар) мунун бардыгы дүнүйө болуп саналат. Дин менен дүнүйөнү бирге табуу мүмкүн эмес. Акыретти тапкысы келген адам дүнүйөдөн баш тартуусу керек.

Бул заманда дүнүйөнү толугу менен таштап салуу жеңил эмес. Жок дегенде өкүм менен таштоо, б.а., таштаган болуп эсептелүү керек. Бул дагы ар иште Исламиятка баш ийүү болуп саналат. Тамак-ашта, кийим-кечеде жана үй салууда Исламият кандай билдирген болсо ошондой кыймылдоо керек.

Дүнүйө акыретти таба турган жер. Табышкерлик кылып жаткан жерди жамандоого болбойт. Харам болгон табыштар жамандалат. Дүнүйөнү жамандаган хадиси шарифтерге дагы ушундай көз караш менен кароо керек.

Хадиси шарифтерде буюрулат:

«Дүнүйөгө болгон сүйүү бардык каталардын башы болуп саналат.” (Хаким)

«Дүнүйө малун. Бир гана Аллах үчүн болгондор мындай эмес.” (Ибни Маже)

«Дүнүйөнүн аркасынан жүгүргөн адам ач көз болот, дайыма жоктук ичинде айланып-тегеренип, иштери кыйындайт, насибинен көп нерсеге жете албайт. Акырет үчүн эмгектенген адамдын иштери жеңилдейт, көңүлү байыйт, баш тарткан дүнүйөлүк нерселер да ага таважжух кылат.”(Тирмизи)

«Ой-арманы дайыма дүнүйө болгон адамдын Хактын алдында баасы жок. Мунун машакаты түгөнбөйт, кедейликтен кутула албайт, байлыкка жете албайт, чеги бүтпөс бош нерселер менен алектенет.” (Таберани)

«От отунду жегендиги сыяктуу дүнүйөгө болгон сүйүү дагы ыймаңарды жейт.”([И.Газали)

«Көңүлүнөрдү дүнүйө тууралуу сөз кылып алагды кылбагыла!” (Байхаки)

«Дүнүйө көтөргөн бардык нерсени Аллаху таала басмарлайт.” (Бухари)

«Аллаху таала бир адамга акыретти табуусу үчүн дүнүйөнү берет, бирок, дүнүйө үчүн акыретти берүүнү каалабайт.” (Дайлами)

«Аллаху таала дүнүйөнүн акыбетин желген тамактын акыбетине окшоткон.” (Таберани)

«Аллаху таала сени сүйүүсү үчүн дүнүйөдөн жүзүңдү бур! Элдин колун караба сени жакшы көрүшсүн.” (Ибни Маже)

«Акыреттен дүнүйөнү тандаган адам үч нерсеге дуушар болот. Кыйынчылыктары эч кемибейт, жоктуктан кутула албайт жана тою дегенди билбеген бир кумарга чалдыгып, эч качан бош убакыт таба албайт.” (Таберани)

«Бейишти каалаган адам жакшылыкка жүгүрөт, Тозоктон корккон адам харамдардан качат. Өлүмдү күткөн адам дүнүйө лаззаттарын таштайт. Дүнүйөгө берилгендерге азаптар жаайт.” (Ибни Хиббан)

«Аллаху таала бир кулуна жакшылык мурат кылганда аны дүнүйөдөн алыстатат, акыретке үндөйт жана кемчиликтерин өзүнө көрсөтөт.”(Дайлами)

«Билимсиз илимге, жол башчысыз хидаятка жетүүнү каалаган адам дүнүйөдөн баш тартсын!” (И.Газали)

Байлык жана бийлик

Мал жана бийлик ээси болуу башка, мал жана бийлик сүйүүсү болуу башка. Дүнүйө жана акырет саадатына жетүү жана адамдарга кызмат кыла алуу үчүн мал жана бийлик ээси болуу өтө жакшы. Бүткүл дүнүйө бир адамдыкы болсо малы менен мактанбай динге ылайык сарптаса өтө чоң сооп табат. Сулайман алейхиссалам чоң байлык жана салтанат ичинде сүзсө дагы Женаб-ы Хак Курани каримде: «Ал кандай жакшы кул”, — деп мактоодо. (Сад 30)

Пайгамбарыбыздан кийин адамдардын эң жогорусу болгон Хазрети Ибрахимдин талааларга толгон койлору, жанында эле жарым миллион уйлары бар эле. Мал-мүлк жана бийликти жаман нерсеге колдонуу зыяндуу. Адамга жакшылык кылуусуна тоскоол болгон бардык нерсе дүнүйө болуп эсептелет. Курани каримде Бейиштин бийлик кумары менен өзүн өйдө көтөрбөгөн адамдарга бериле тургандыгы билдирилген. Хадиси шарифтерде: «Ла илахе иллаллах деген адам дүнүйөнү динден жогору көрмөйүнчө Аллаху тааланын ачуусунан жана азабынан кутулат. Динди таштап дүнүйөгө (харамдарга) жармашса Аллаху таала ага: «Жалган айтып жатасың” деп буюрат. (Хаким)

«Дүнүйө үчүн капаланган адам Аллаху таалага каршы ачууланган болот.” (Таберани)

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE