Пример HTML-страницы

ДИЛДЕН ЧЫККАН СӨЗ ЖҮРӨККӨ ЖЕТИП БАРАТ.

https://kyrgyzcha.site/?p=39608&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

☝🏻ДИЛДЕН ЧЫККАН СӨЗ ЖҮРӨККӨ ЖЕТИП БАРАТ. ТИЛДЕН ЧЫККАН СӨЗ БОЛСО КУЛАКТАН НАРЫ ӨТПӨЙТ.

✍🏻Аял затын кордогондордун баары ислам динин түшүнбөгөн адамдар. Напсинин, шайтандын азгырын ээрчигендер, динге чейинки караңгы доордогу акмакчылыктын артынан ээрчигендер. Ислам дини гана аялзатын сыйлаганды үйрөтөт.

Бир эси жок эркектин айынан бүтүндөй эркекти жамандап жаткан адам, өзүнүн бүтүндөй эркек туугандарын кошо жамандап жатканы эсине келет бекен…

Бир эси жок аялдын айынан бүтүндөй аялзатын жамандап жаткан адам, өзүнүн бүтүндөй аял туугандарын кошо жамандап жатканы эсине келет бекен…

Хасан Басрийден бир киши: «Кызымды кимге турмушка узатайын?» — деп сурайт.

Ал: «Кудайдан корко турган адеп-ахлактуу адамга бер. Жакшы көрсө урмат кылат, жаман көрсө да ага зыян кылбайт» — деген экен….

Ислам динин зөөкүрлүк кылган, терроризм жасаган кишилердин сакалы менен топусуна карап түшүнүп албоо керек. Ансыз да динди жаман көрсөтүү үчүн топу-сакалчан кишилерди терс каармандын образында чагылтып кино тартышып жатат. Ал эми реалдуу жашоодо жамандык жасаган мусулман кишилер болсо, ислам динин туура түшүнө албай жаткандар.

Ислам динин түшүнбөгөн адамдар:

-динди жамандайт, үйрөнүүгө жакын жолобойт

-түшүнгөн адам болуп, али түшүнө элек экендигин акмактыгы менен далилдейт.

-акыркы таза дин катары ар бир адамга келтирилгенин унутуп, Араптыкы деп таңуулагандан жаагы талбайт.

-«топу, сакал, жоолук» булар жөн гана сырттагы көрүнүш. Динди мусулман болуп көрүнүп жаткандан эмес, мусулман болуп жашап жаткан кишиден үйрөнүү керек. Анткени азыр диндин көрүнүшүн беткап катары колдонуп жаткан тарбиясыздар көбөйүп баратат.

Унутпа!

Окуган намазың сени жамандыктан тыйбаса, демек жөн эле жайнамазда жатып-туруп жатасың деп ойлойм. Бул сөзүм менен окуп жаткан намазыңды дагы да такыбалык менен оку керек демекчимин. «аялың Аллахтын аманыт». Бул хадисти ар бир күйөө бала жана кайын эне түшүнгөндө келинин кордобойт эле. Демек динди түшүнбөгөн адамдын аткарып жаткан ишинин акыбети булар…

Динди түлкүдөн үйрөнсөң «тоок урдаганды адал» — деп айтат эмеспи. Динди Кыргызстан Мусулмандар Казыятынын уламамалар кеңеши тарабынан көзөмөлдөн өткөн кишилерден үйрөнөлү…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE