Пример HTML-страницы

Чубак устаздын китебинен суроо-жооп

https://kyrgyzcha.site/?p=37551&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

❓❗Чубак устаздын китебинен суроо-жооп

 

 

Таанышым 5 убак намаз окуйт, ачык кийинет. Күнөөбү? 077275…

-Намазы иншаллах кабыл болот. Алла жоолук салынууну насип кылсын деп суранабыз.

 

-Кыяматта меккедеги Кааба сакталабы? 077245…

-Кааба дагы дүйнөдөгү жашоого кошулат. Эгер кыямат болуп жердин баары оңторулса ал деле бузулуп кетиши мүмкүн. Ал таштан тургандыгы үчүн эмес, балким Алла ал жерди кыбыла кылып бергендиги үчүн касиеттүү.

 

-Ата-энемдин сүрөтүн үйгө илип койгом. Периште кирбейт деп жазылыптыр китепте. 077273…

-Сүрөт бар үйгө периште кирбейт. Сүрөт илүү болбогон нерсе, шариятта эле эмес кыргыздын салтында да жок.

 

-Атам бакшыга үйлөнүп алган, аялы бизди батырбайт. атам өзгөрдү, балдарым деп эзилбейт, ичип калыптыр. Инимдин тоюна өз атам да, өгөй атам да катышса болобу? Ө7702908…

-Экөө тең катышса болот.

 

-Бир жарым жылдан бери балалуу болбой жатабыз. Кетип калсам болобу? Бирок жолдошумду аябай жакшы көрөм. 077893….

-Кетип эмне кыласыз! Адамдар он жылдан кийин деле балалуу болушат. Кудай берген күнү болот. Балким жаш кезде ойноп-күлүп алышсын деп мүмкүнчүлүк берип жаткандыр.

 

-Күйөөм ичип алганда “кет, балдарың менен” деген. талак түшпөйбү? 077381…-Ажырашуу ниетинде айткан болсо түшөт. Анан жөн эле мастыкта келжирей берген сөздөргө маани берилбейт.

 

Мурунку жолдошум каза болгондон кийин ашында кабар берилбей карам алынбай калды. Ишим жүрүшпөй жатат. Каранын мааниси барбы? 077754…-Эч кандай мааниси жок.

 

-Дубаны 1000 жолу окуш керек десе сөзсүз ошончо окуш керекпи? 7 токочту Кудай жолуна деп күнүгө жасаса болобу? 07912237…-Шарт эмес, бирок көбүрөөк окуган жакшы болот. Токочту күнүнө 2 жолу жасасаңыз деле жарай берет.

 

-5 жылдан бери күйөөм бирөө менен жүрүп анысы төрөдү. Экөөнүн никеси жок. Күйөөм ага эмнелерге милдеттүү? 0791939…-Никеси жок болсо эч нерсеге милдеттүү эмес. Ага да нике кыйдырып ал десеңиз жакшы болот. Балким алардын никеси бардыр, сиз билбегениңиз менен.

 

-Намаз окуйм. теледен түрк сериалдарын көрсө күнөө болбойбу? 077381…-Түрк, бразилия сериалдарын көрүп, убакытты ысыраптайсыз.

 

-Мени кудалап койгон, аны жакшы көргөндүктөн эмне десе кечирип, күтүп жүрдүм. аябай кызганчаак. анын айынан уятсыз сөздөр менен сөгө баштады. Көп урушкандыктан көңүлүм калды. мындайда эки тарап сүйлөшүп чек койсо болобу? 077787….-Кудалашуу никелешүү деген сөз эмес. Бул жөн гана убада. Башка күйөөгө тийсеңиз жарай берет.

 

-Тиш кыйшык болсо башка тиш салганга болобу? 055338…

-Түздөтсө болот. Түз эле тишти андан бетер Майкл Жексондукундай, Пугачеваныкындай сулуу кылам десе болбойт.

 

-Жаман ойлорду ойлой берем. Кайсы аяттарды окуп мындан арылам же бул оорубу? 077782…

-“Фатиха”, Курандын бардык аяттары себепчи боло берет. Окуй бериңиз.

 

-Боюмда бар кезде күйөөм мастыкта талагын берип койгон. жашасак боло береби? 077883…

-Мага экөөңөр келгиле же телефондон кайрылгыла. (0312) 486530.

 

-Сүйлөшкөн кызым менен жаткам. Кыздыгы жок экен, аны албай койсом болобу? 077388…

-Өзүң деле зына иш кылып албай койсом болобу дейсиң. Дароо алышың керек! Денеси чоюлчак болушу мүмкүн, спорт менен машыгууда түшүп калышы мүмкүн же төрөгөндө кыздыгы чыгышы мүмкүн. Балким айып сендедир. Өздөрү эле периште болуп кеткенсип албай коём деп чыгышат!

 

-Дүкөндөн бекитип акча алам, кайра эле апама керектүү учурда жолдошум берди деп берем. уурдап алуу кандай күнөө? 077844…-Уурунун колун кесүү керек. Уурулук күнөө, арам.

 

— Даараттан кийин “ашхаду ан лаа илааха иллаллоохту” ичибизден айтабызбы же үн чыгарыппы? гүлүм

— Даарат алып бүткөндөн кийин келмесин айтып, андан соң даарат алгандан ашкан суусунан турган абалда ичип андан кийин «Аллоохумма ижьалнии минат тавваабиина, важ ьалнии минал мутатоххириин!» деп окуусу даараттын адептерине кирет. Имам Муслимдин (234) жана Имам Абу Даудтун (169) риваятында Азирети Умар Разиаллооху анхудан, Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: « Ким даарат алып болуп (Ашхаду ал лаа илааха иллааллооху вахдаху лаа шарийка лаху, ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расуулуху) деп айтса, ал адамга жаннаттын сегиз эшиги ачылып, каалаганынан кире берет!». Имам Термизийдин (55)риваятында: «Аллоохумма ижьалнии минат тавваабиина, важ ьалнии минал мутатоххириин!» деген дуба кошумча айтылат. Имам Тахаавий, Имам Насааий, Ибн Жарирдин риваяттап, Абу Шейх сахих деп баа берген кабарда Хусейин бин Алий мындай дейт: Азирети Алий даарат алып акырында, даарат алгандан ашкан сууну туруп ичкендигин көрүп таң калганымда, мага карап: «Таң калба! Атаң (чоң атаң дегени) Пайгамбар алайхис салам да ушинтээр эле, даараттан ашкан суудан туруп ичээр эле». Ал эми бул дубаларды өзүңүз уга тургандай өлчөмдө айткандыгыңыз макул. Тилдериңиз кыймылдаса, кулактарыңыз укса кыяматта күбөгө өтөөр.

 

— Мен ишиме байланыштуу багымдат намазын окуйм, калганын кечинде үйгө келгенде парздарын окусам болобу? 077185…

-Колуңдан келишинче толук окуганга аракет кыл. Эгер ниет койсоң Кудай Таалам бардыгына жетиштирет. Дуба кылсаң баары ордуна келет.

 

-Мен турмушка чыккан элем бойдок жигитке. ата-энеси ата-энемдин алдына келе элек. мен да аларды көрө элекмин. жашаганыбызга бир жыл болду. Качан келээрин сурасам, шарт болгондо дейт. мени да ата-энем койбойт, качан кудалар келет деп. азыр чогуу жашабайм. Эмне кылсам болот? ата-эне балага жамандык каалабайт да. 077185..

-Турмушка чыкканда ата-энеңдин колунан алып кеткендей болуу керек эле. Кыз каадасы кымбат дейт. Ошого карабастан үйлөнүп алган болсоңор, жашап жаткан болсоңор улантып жашай бергиле! Калганы акырындык менен ордуна келет, насип кылса. Жөн эле жетелешип барсаңар деле жараша берет. Кайра

жашап баштаңыз… Ажырашуу жакшы эмес. Кудалар келбей койду деп ажырашып кеткен уят иш.

 

-3 күндүк даават учурунда европа улутундагы эки аял, бир эркек мас абалында бут кийимдери менен намазкананын төрүнө өтүп жигиттерди акараттап, уурулар деп доомат кылышты. мен чыдап тура албай сыртка сүйрөп чыгарсам Алла жолундагы бир туугандар менен кайчы пикирде болуп калдык. ушуга пикир билдирип койсоңуз. 077771…

— Ооба, алар намазкананын сыртында туруп сүйлөшсө болушчу экен. Анын үстүнө мас болсо. Пайгамбарыбыз алайхис саламдын убагында бир адам келип мечиттин ичине эле заара ушаткан. Ал убакта мечиттер өтө эле карапайым болуп, полу топурактан эле. Сахабалардын кээ бирлери заара ушаткан чөлдүк адамды ур-токмокко ала турган болгондо, аларды тыйып, заара ушаткан жерине бир чака сууну куюуга буйрук берген. Андыктан биз да Пайгамбарыбыздын жолун кармангандыгыбыз жакшы болот. Жамандын өзү теңелбесе да сөзү теңелет дейт. Ичкени арак болгон кайрыдиндин намазканага киргени абдан туура эмес, а бирок Аллах Тааланы тааный албаган адамдан башка эмнени күтүүгө мүмкүн эле? Аллах жолундагы бир туугандарыбыз ушуларды айткысы келсе керек го…

 

— Биз дзюдо менен машыгып келебиз. Эреже боюнча биринчи килемге, анан атаандаштар бири-бирине эки жолу ийилип саламдашып анан күрөшүшү керек. ошондо биз күнөөкөр болобузбу? 055017…- Атаандаштар бири-бирине салам бергени макул, а бирок килемге салам бергени кызык экен. Сиз килемге салам берээрде башка нерселерге, мисалы периштелерге салам деп ниет кылсаңыз болоор бекен? Эгер болгон болсо жакшы болмок..

 

-Жигитим мени алам деп ата-энеси менен тааныштырган. Бир айлык боюмда бар. Эми өзү жок. Ичимдеги баланы эмне кылам? Билем күнөөлүүмүн. Бир жумадан бери башымды сабап ыйлап жатам. Кудайдын, ата-эне, бир туугандын астында шерменде болдум. Эми эмне кылам? алдырып таштасам болобу? 077210…

— Алдырып таштаган арам болот. Сизди ата-энеси менен тааныштырган болсо, анда ата-энесине барып айтыңыз. Мен келиниңер болом, менин боюмда бар, балаңар негедир жок деп кайын-журтка кызмат кылып олтуруп кал, калганын анан көрө жатаарсың… Табылаары менен нике кыйдыргыла! Намаз окуганды үйрөн. Жүрөгүң жеңилдейт…

 

-Жумушумдан тилекке каршы парз намаздарды эле окуп жатам. Болобу же толук окушум талап кылынабы? дагы бир көйгөйүм, жумушта суу өтө муздак. таяммум кылсам болобу кыш өткөнчө? 070206…- Колуңдан келишинче толук окуганга аракет кыл. Жакшылыктын көбү жакшы эмеспи. А бирок ыңгайсыздык жарала турган болсо анда сенин аткарганың да жөндүү. Сүннөт намазга шылтоолоп парз намаз калып калбаш керек. Суу өтө муздак болуп, ден-соолугуңузга олуттуу зыян жеткире турган учурда таяммум алсаңыз шариатыбыз уруксат берет. Жаныңызды оорутуп албаңыз. Ден-соолук аманат. Кудай Таалам аманатты сактоого буюрган.

 

— Балам 21де. Кээде ичимдик ичет. урушуп, тилдейм. уккансып жакшы жүрүп кайра эле ичип алат. атасыз чоңойгондонбу, билбейм. Өзү абдан жоош. ушул бала дааватка барса оңолобу? Кантип жиберсе болот? Кимге кайрылам? 077962…

— Дааватка барса таасирленип оңолуусу мүмкүн. Муфтияттын даават бөлүмүнө кайрылсаңыз жакшы жардам беришет. 48-65-30 номери Муфтияттын кабылдамасы.

 

— Билерман ордо оюну кумар оюнуна киреби? 077354…

— Менин баамымда кумар оюнуна кирбейт. Адамдардын маалыматтарына, тапкычтыгына, илимий жөндөмдүүлүгүнө жараша оюн. Анын үстүнө алардын байгесин үчүнчү тарап сайып берип жатпайбы. Андыктан ал оюнду кумар деп атоону орунсуз деп билем.

— Эртең менен турганда сөзсүз жыныс мүчөнү караш керекпи? Өзүнчө эле күмөн боло берем. намаз окуй албай кыйналып жатам. Күмөн жөнүндө айтсаңыз. 077354….- Күмөндүн көбү күнөө деп айтылат касиеттүү Куранда. Биз мусулмандар амалдарыбызды, жашообузду негизсиз эле күмөндөргө кура албайбыз. Күмөндөнбөңүз, намазыңызды окуңуз. Шайтан пендени ошентип адаштырып, васвасага салат. Ага көңүл бурбаңыз. Жыныс мүчөнү ар таңда кароо шарт эмес, күмөндөнгөн учурда ич кийимиңизди кароо жетиштүү болот.

 

— Күйөөм менен 4 жылдан бери жашабайбыз. жакында “мен сага ыраазымын” деп кеткен. ушул сөз талакка киреби? 077960…

— Эгер ажырашуу жөнүндө сөз болуп, бири-бирибизге ыраазыбыз, акыларыбызды кечириштик деп жакшылыкча айткан учурда «Мубаараа» болуп эсептелип, бир боин талакка эсеп болот. Анан жөн эле сизди жакшы көрүп кетип, эбедейи эзилип, «Мен сага ыраазымын» десе талак болбойт. Сиздин маселеде талак болушу мүмкүн.

 

— Базарда сатылуучу тиш пастасында, тиш шеткасында “халал” деген жазуусу жок. аны мусулман адам пайдаланса болобу?

— Ооба, пайдаланса болот. «Халал» деп жазылуусу шарт эмес.

 

— Сиз кишиге акаарат кылып кемсинтип, өзүңүздү мактаганды жакшы көргөн адам окшойсуз. Пайгамбардай иш жасап, ээрчиген адам болсоңуз да оозуңуздан бал тамган сөздөр менен туура эмес ойдогу адамды уялтып ар кимге асылбай түшүндүрүп коёт элеңиз. тилиңизден жакшы гана сөздөр чыксын ылайым. жакшы сөз жыланды ийинден чыгарат. 055701…

— Ырахмат. Кем болбоңуз. Айыптарымды айтып туруңуз. Чын эле бар болгон болсо оңдогонго аракет кылам. Жок болгон болсо доомат кылган болуп, кыяматта жооп бересиз. Намазыңызды үзбөй окуңуз, үзбөй окуган болсоңуз ыклас менен окуңуз деп кеңеш берээр элем. Ар ким өзүнүн айыбы менен алектенсе, башка бирөөнүн айыбын көргөнгө убагы да чамасы да болбой калат дешет тасаввуфтун аалымдары. Анан да уйду «өш», эшекти «хы», итти «кет», эчкини «чек» деп айдайт… . — ден соолук, бейпилчилик сүрөөсү же амалы барбы? 055409…- Чын ыкыластан суралган ар бир дуба максатыңызга ылайык болот. Намаз окуп, Кудай Тааламдын айтканы менен болсоңуз баары ордуна келээр.

 

— Шариятта никеге чейин жана никеден кийин канча калың берилээри айтылды беле? 077331…

— Никеге чейин калың бычыла турган болсо, эки тарап макулдашкан нерсе калың болот. Эң азы 10 дирхам (4000 (төрт миң) сомдун тегереги)1 болуп, эң көбүнүн чеги жок. Ал эми никеден кийинкиге калып калса нике бычылбайт. (Махр мисл) делген калың берилет. Бул ошол турмушка ( 2012-жылдагы эсеп менен айтылган сөз. 2014-жылы (5000) беш миң сом болду) чыгып жаткан кыздын эже-сиңдисине, ага теңтуш кыздарга берилген калыңдын өлчөмүндөй болот дегендик.

 

— Бир дос кызым жигитин окутуп алган. Ширк болуп калабы? мунун күнөөсү чоңбу? таластан Айке

— Бул туура эмес жорук. Мусулманчылыкты карманган адам никеси жок жигитти окуп бербейт. Бул көзү ачыктар менен бакшылардын гана колунан келээри анык. Мусулманчылыкта никеси бар жубайларды ынтымактуу жашасын деп калыс дуба кылып, улук Кудайга жалбарабыз. Эгер көзү ачыкка барган болсо ширк амалын аткарган болот.

 

— Соодам жакшы болсун деп магнитке дуба окутуп илип коюшат. Ширкпи? Айке

— Магнит, аарынын уюгу жана башка нерселер сооданы жакшы кылып жиберүүгө кудуретсиз. Ошол нерселер кудуреттүү деген ишенимде болуу ширк. Кудайдан сурап дуба кылсаңыз эң жакшы.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE