Пример HTML-страницы

Чубак ажыдан суроо жооптор.

https://kyrgyzcha.site/?p=38176&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

БИСМИЛЛААХИР РАХМААНИР РАХИИМ. 

 

«СУРОО-ЖООПТОР»

 

СУРОО: Мен эң жаман чоң күнөө кылдым. Аллах Таалам кечирбейт мени. Эмне кыламын?

 

ЖООП: Эң чоң күнөө Аллах Таалага ширк келтирүү болуп саналат. Аллах Тааладан башкага ибаадат кылса, же Кудайдан гана сурай тургандарды тоо-таштан, арбактардан сураса адам ыймандан чыгып кетет. Мына ушул күнөө гана кечирилбейт. Эгер кайрадан ыйманын жаңылап келме айтса, акыйкаттын жолуна түшсө, Кудай Таалам ыйманын кабыл кылаар. Андан башка чоң күнөөлөрдү аткарган учурда мунаажат кылып тообо кылса Кудайым кечирет. Бул, кечирет экен деп күнөө кылса боло берет деген сөз эмес.

 

СУРОО: Мен үйлөнгөнүмө 1 ай болду, бирок келинчегим экөөбүз жата элекпиз. Келинчегим коркуп жатат, кыйнап жатайын дейм, бирок көңүлү калып калабы деп корком… Нике кыйылгандан кийин жатпай жүргөнүбүз күнөө эмеспи?

 

ЖООП: Күнөө болбой анан, күнөө болот. Сени кантет экен деп назданып жатса… Эркек менен аялдын ортосундагы мамиле улуу искусство. Аны чебердик менен аткаруу кажет. Эркек аялды ал мамилеге даярдоосу кажет. Ошол даярдооң начар болуп жаткан го сыягы…Кичине китеп-ситеп окуп, анча-мынча эки-үч көйнөк мурда жырткандардан кеңеш сурасаң жакшы эле болот. Сен аларга «секретиңдин» баарын төкпө. Жөн эле жалпылаштырып сура. Эч убакта келинчегиңди кыйнаба, көңүлү жоктун иши кыйын. Көңүлүн тап. Ботом, жыйырманчы кылымды аттап өтүп жыйырма бирге өтпөдүкпү?…Баланын иши чала деген ушул. Ишиңди чала кылба. Илгери өкүл-ата, өкүл-эне дегендерди ушул максат үчүн дайындашчу. Өкүл атаң барбы? Ал эмне кылып жүрөт?

 

СУРОО: Мени үйлөнө элек бала жактырып жүрөт. Менин 3 балам бар. «Балдарың менен алам»,-дейт. Күйөөм бар, бирок мага жакпайт. Урат, урушабыз, башынан эле ушинтип келатабыз… Берки бала бул нерсенин баарын билип, «Сени бактылуу кылам»,- деп айтат. Эмне кылсам?

 

ЖООП: Сен көз ачып көргөн эриңди, үч балаңдын атасын бактылуу кыла албапсың, ал жаш жигитти азгырбай эле кой. Мага эрим жакпайт деп нары карап жатып албай, анын жакшы жерлерин издеп таап, аны жактыргандын аракетинде бол. Албетте, сен никең бар туруп башкаларга көз сүзсөң жаман экендигиңдин белгиси ушул. Жаш жигит окуусун бүткөнгө чейин эле убактысын өткөзгөнгө аракет кылып жатса керек. Биротоло бекер жатакана, бекер тамак, бекер кир жуугуч, анан бекер төшөк жылыткыч тапканга кудуңдап жатса керек. Мунун баары ал үчүн убактылуу гана көрүнүш, же ал байкуш эне мээримин көрбөй калган. Сен кичине өнтөлөп койсоң энесин көргөндөй өнтөлөп жаткан чыгаар. Ал байкуш сүйүү менен ырайым-мээримдин чегарасын баамдай ала турган куракта эмес. Кой, эсиң барда этегиңди, акылың барда абийириңди жап. Эриңдин этегин бекем карма. Ал жаш «букачарды» жаныңа жолотпой кубала.

 

СУРОО: Менин эки аялым бар, бири Нуржамал, экинчиси Зайнап. Аялдарымдын илимдүү болушуна батаңызды бериңизчи.

 

ЖООП: Бактылуу болгула. Кудайым пайдалуу илим берсин баарыңарга. Үкөм, ушунча болуп калыптыр, дагы экини алып биротоло нисапты толуктап ал. Кудайым эки адамдын тамагын төрт адамга жеткирет. Ансыз деле жер жайнаган каапыр кытай, кыргыздын кыздарын алып жатат. Аларга калтыра көрбө. Кудайым күч-кубат, адал ырыскы берсин. Эки дүйнө шерменде кылбасын.

 

СУРОО: Мен өмүрүмдө намаз окубагам, көптөн бери ниет кылып келем. Бир маал окуп баштасамбы дейм. Угушумча андай болбойт дейт, ушул чынбы?

 

ЖООП: Укканың жалган. Бир маал баштай бер. Ушу бүгүндөн башта. Калганы намаздын иши. Кудайым окуй турган намаздарыңды кабыл кылып, беш маалыңды үзбөй окуй тургандардан кылсын. Омийин.

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE