Пример HTML-страницы

~ЧУБАК АЖЫДАН СУРОО- ЖООП

https://kyrgyzcha.site/?p=36059&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

~ЧУБАК АЖЫДАН СУРОО- ЖООП~

 

 

— Жакын адамымдын жаркын элесин эскерип туруу үчүн кайсы күндөрү куран түшүрүп турсам болот? Окулган куран ага жетеби? Биз окуган куран анын күнөөсүнөн сактайбы? Өзүн-өзү өлтүргөндөр чоң күнөөгө батат дешет го. Мен да өлгүм келип жүрөт. Жаңы мектепти бүткөндө жакын досумдан айрылгам. Эми жакын адамымдан… Бирок, балдарымды ойлойм. Наргиз

 

-Окулган курандын сооптору жана башка жакшылыктардын сооптору маркумдарга арналса, аларга жетет деп ишенебиз. Ар күнү, каалаган убакта куран окуп турса болот. Өзүн өлтүрүү, албетте, чоң күнөө! Кыяматта азапталат деп айтылат. Ошондуктан бул пикирден кайтыңыз, жакшы үмүт менен жашаңыз, шайтандын азгырыгына азгырылбаңыз. Балдарыңыздын келечегин ойлоңуз. Кудайга жакын болуңуз.

 

-Биздин мечитке барган кээ бир жамааттар мечиттен кезиксек деле, көчөдөн кезиксек деле улам улам башка айтчу акылы жок калгансып “дааватка чык, 3 күндүккө, 40 күндүккө чык, качан чыгасың?” дей беришет. Кээде намаз окуу боюнча билбеген суроо менен кайрылсам да “дааватка чыксаң жакшы үйрөнөсүң” деп кайра баягысын башташат. Кезиккен сайын сабырымды кетирчү болду. Негизи толук мусулман болуш үчүн сөзсүз дааватка чыгыш керекпи? Өзүмдүн көз карашым боюнча жашообуздун өзү эле даават го. Кимдики туура? 077724…

 

-“Дааватка чык” деп адамга жакшылык каалагандар айтып жатышат. Дааватка чыгуу жаман нерсе эмес. Түшүнүү менен мамиле кылсаңыз деп кеңеш берет элем. Адам өзүн толук динге алып келиши үчүн өзү аракет кылышы керек, дааватка чыгабы, башка жакка барып окуп келеби, айтор, илим алышы керек.

 

-Эч кимге айтпай эле нике окутуп алса болобу? Аида

 

-Негизи никенин мааниси – аны коомчулукка жарыялоо. Нике окуганда эң аз эки адам күбө болушу керек. Айрыкча, кыздын атасы билиши керек.

 

-Мен 7-8 жыл мурда турмушка чыгып, ажырашканмын. Андан көп убакыт өтпөй ал жообумду бере электе башкага турмушка чыгып кеткенмин. Азыр бактылуу жашап жатам. Мен андан сөзсүз жообумду алышым керекпи? Албай койсом күнөө эмеспи? 077995…

 

-Аял күйөөсү менен бирге жашоону токтоткон болсо, ал ажырашуу деп аталат. Ошол учурда эркектин аялга ажыраштым деген сөздү же болбосо талак бердим, жообуңду бердим деп айтуусу зарыл. Ошол сөздү бир жолу айтуу жетиштүү болот. Эгер аял өзү жөн эле кетип калган болсо экинчи нике өтпөй калат. Аны үчүн биринчи күйөөсүнөн ажырашуу сөзүн алып, экинчи күйөөсү менен кайра нике кыйдырышы керек.

 

-Жолдошум жайында каза болгон. Мен бир айдан кийин төркүнүмө кеткем. Туура кылдымбы? Эгерде жакында төрөлө турган баламды кайын журтум багып алса, кийин балага ким жооп берет? Себеби, күйөөм жалгыз бала болчу. 077043…

 

-Балага каза болгон күйөөңүздүн аты берилет. Ал өз атасы болот. Күйөөңүздүн ата-энеси, бир туугандары балага жооптуу. Сиз башка турмушка чыкканга укугуңуз бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE