Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Чубак ажы Жалилов жооп берет.

https://kyrgyzcha.site/?p=37279&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Чубак ажы Жалилов жооп берет.

-Көзү ачыктарды каапыр деп

айттыңыз. Алар деле намаз

окушат. Ушундай адамды каапыр дейби?

Каапыр деп кимди айтабыз? Толук айта

кетсеңиз. BAKSS

-Алланын жалгыз экендигин тааныбаган

адамдар каапыр деп айтылат. Кээ бир

адамдар “Алла бар, ал баарын билет”

айтышат, а кылган иштери

мусулманчылыкка каршы келет. Мисалы,

көзү ачыктардын келечекти айтып жатканы

— Кудайдын ишине киришип жаткандыгы.

Алдыда эмне болоорун Кудайдан башка эч

ким билбейт. Кудайга таандык иштерди мен

билем деп айткандык — Кудайга шерик

кошуу, аны сөз менен айтпаса да, кыймыл-

аракети менен аткарып жатат. Ошол

себептен каапыр деп айтылат, намаз окуса

дагы.

-Урматтуу муфтий. Мага азирети деген

сөздү түшүндүрүп бериңизчи. Азирети

болуш үчүн кандай адам жана кандай

сапаттарга ээ болушу керек? Рус

-Азирети деген сөздү мен келгенге чейин

5-6 жыл мурда муфтийдин атына кошулуп

айтыла турган, улуу урматтуу дегендей

маанидеги сөз болуп келген экен. Ошол

бойдон калып жүрөт. Азирети болуу үчүн

дегениңиз муфтий болуу үчүн деген сөз

болсо, айтаарым, адам муфтий болуу үчүн

окубайт, аракет кылбайт. Кудай маңдайына

жазган болсо, ошону туура тапкан болсо

уламалар ал кишини муфтий кылып

шайлашы мүмкүн. Муфтий болом деп

окуган туура эмес. Кудайдын динин,

акыйкатты элге жайылтуу үчүн аракет

кылсаңыз, Кудай өзү сизди туура көргөн

жерге алып барат.

-Аль-Вакиьа сүрөсү канча аяттан турат?

Мен казакчасын окуп жүрөм. Ката окусам

эч нерсе эмеспи? +777712…

-Колуңуздан келишинче туура окуганга

аракет кылыңыз. Аль-Вакиьа сүрөсү 96

аяттан турат.

-Шаваль орозосу жөнүндө айтып бересизби.

Атасы каза болгон балдарга мечиттен

пенсия сыяктуу жардам берилеби? Бегай

-Рамазан айынан кийин Шаваль айы кирет.

Бул айда 6 күн орозо кармаса бир жылдык

күнөөлөрү кечирилет деген хадис бар.

Мечиттен пенсия берилбейт. Бирок арыз

жазып кайрылсаңыз колунан келген

жардамын бериши мүмкүн. Бирок убада

бере албайм.

-Жолдошум менден 10 жашка кичүү

болгондуктан жакындары каршы болуп

жашатпай коюшкан. Бир кызыбыз бар.

Жолдошум бизге эч кандай жардам бербейт.

Буга чейин 3-4 аял алып кетирди. Бул ал

үчүн чоң күнөө эмеспи? 077725…

-Албетте, күнөө. Балдарды кароо анын

милдети.

-Мусулмандар 4 аял алганга уруксат деп

жатканыңызга азыркы күндө каршымын.

Себеби Мухаммед пайгамбар динди

таратыш, жесир аялдарга жардам бериш

үчүн алган да. А азыркылар дене кумары

үчүн жаш кыздарды алып жатышпайбы.

Туурабы? Динара

— Туура айтасыз. Негизи экинчи аял алуу

коомдогу социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө

багытталган. Бир аял балдары менен жесир

калып, аларды бага турган адам жок

калганда аны камсыздоо максатында

аялдыкка алса болот. Жөн эле жардам берсе

эмне үчүн жесирге келип атат деп айтышат

да. Ошондуктан никелеп алып, анын

балдарына тарбия берсе сөз болбойт.

Пайгамбарыбыздын аялы Айша гана мурда

күйөөгө чыккан эмес. Калгандары баары

жесир калган кемпирлер болгон.

Пайгамбарыбыз аларды камсыздоо

максатында алган. Бизде болсо 18 жаштагы

кыздарды алып алышат. Бул туура эмес.

Алардын күйөөгө чыгууга шансы көп.

Анан биздин эркектер бирөөсүн эптеп бага

албай, намаз окубай, орозо кармабай жатып

эле экинчисин алам дейт. Материалдык

жана моралдык жактан баарын бирдей

камсыздай албаган эркек күнөөкөр болот.

-Сапар намазы жөнүндө айтып бериңизчи. 2

рекет окулабы жана канчалык алыска

барганда? Динара

-90 км ашык жолго сапарга чыгуу ниети

менен чыккан болсо окулат. Сапар намазы

парз намазына тиешелүү. 4 рекеттүү парз

намаздарды 2 рекеттен окуйт. Сапар

намазы эмес, каср намазы деп айтылат.

Сүннөт намаздар ошол бойдон окула берет.

-Кайненем мени аябай урган. Себеби

айтыша кеткем. Кимде күнөө? Азыр жакшы

жашайбыз. 077905…

-Өткөн ишке салават. Дуба кылгыла, Алла

күнөөңөрдү кечирсин.

-1 айлык баламдан ажырап калдым. Көз

тийди дейт. Чынбы? Диагноз коё албай

коюшту. Эми кудайдан сурансам уулума

окшош уулдуу боло аламбы? Дуба кылып

коюңузчу. Баламды сагынам, кайра төрөлө

тургандай боло берет. 077911…

-Дуба кылсаңыз, уулдуу болосуз, иншаллах.

Биз да дуба кылабыз. Көз тиет. Дайыма

дем салып жүргүлө. Пайгамбарыбыз “көз

тийүү акыйкат” деп айткан.

-Түшкө нан кирсе ырыскы дешет. Чынбы?

077919…

Пример HTML-страницы

-Жакшы болот. Түштү дайыма жакшылыкка

жооруганга аракет кылуу керек.

-Мен да, ал да ажырашканбыз. Бирок

мыйзамдуу эмес. Биз нике кыйдыра берсек

болобу? 077340…

-Аны үчүн бизге телефон чалгыла же

келгиле. Тактап сураш керек.

-Менин жакын досум сүйлөшүп жүргөн

кызым менен жатып алган. Ал кызга

үйлөнөйүн деп жүргөм. Уккандан кийин

экөөн тең таштадым. Кыз башкага тийем

деп мени чанып кетти. Бирок дале сүйөм,

унута албай жүрөм. Эмне кылышым керек,

айтыңызчы? 077021…

-Намаз окуп, туура жол бер деп сурансаңыз

иншаллах эсиңизден чыгат. 3 күнгө

дааватка чыгыңыз.

-Мен балалуу болгум келет. Турмушка

чыкканыма 5 ай болду. Кайсы дубаны

окусам жардам берет? Нурай

-Кыргызча эле дуба кылыңыз, “Оо Кудай,

мага жакшы бала бере көр” деп.

-Чач кыркса өмүрү кыскарат. Тозокко барат

деген чынбы? Кундуз

-Бул сөздөр туура эмес. Бирок аялдар

чачын желкеден өйдө кыркпашы керек.

-Атам менен апам бирге турушат. Бирок

атамдын башка аял менен мамилеси бар.

Баласы да бар. Биз менен да, ал менен да

жашайт. Атам ал ишке барбашы үчүн,

өзүбүзгө бүтүн каратып алыш үчүн жардам

бериңизчи. Мага да кеңеш бериңизчи.

Захро92

-Атаңыз эки үй-бүлөсү менен жашай берсин.

Ага тоскоолдук кылбаңыз. Башка аялынан

баласы болсо аны менен катташып туруңуз.

-Мен бир жигитти аябай сүйөм. Ал да мени

сүйөм дейт. Жакында үйлөнөбүз. Аябай

ичкиликке берилген. Кандай кылсам болот?

Күчтүү молдолор жардам береби? Дарегин

бере аласызбы? 077215…

-Аны борбордук мечитке жетелеп келип, 3

күнгө дааватка чыгарыңыз. Иншаллах

жакшы болуп кетет.

-Тескери окулган дубаны кандай жол менен

тазалатуу керек? Бир убак намаз окуу

болобу? 077911…

-Өзүнө өзү дем салып туруусу керек.

Дайыма намаз окуп, даарат менен жүргөн

болсо тескери дубанын таасири тийбейт.

Бир убак намаз окуп баштаңыз, анан

калгандары да өзү башталат.

-Эркектердин ар бир сакалында бирден

периште болот деген чынбы? Айжамал

-Ушундай сөздөрдү айтышат, бирок

канчалык чындыгы бар экенин билбейм.

Бирок сакал койгон эркектер сөзсүз түрдө

сооп алышат.

-Базарга аял киши чыкса күнөө болот

дешет. Апам жоолук сатат. Күнөө эмеспи?

Айжамал

-Күндүзү барып жоолук сатып жаткан болсо

эч кандай күнөө болбойт.

-Орозодон кийин тамактан тыйылып орозо

кармаса болот дешет. Сообу тийеби?

077858…

-Сообу тиет, нафил орозо (кошумча) кармоо

ниети менен туткан болсо.

-Үйдө же базарда ысырыкты кандай ниетте

салыш керек? Же ширк болобу? Аль-Бухари

китебинде дарылык үчүн колдонот экен.

Маанисин жакшы түшүнгөн жокмун.

055057…

-Ысырык сактап калат деген ишенимде

эмес, жакшы жыттанып турат, ден соолукка

пайдалуу деп медициналык көз караш менен

пайдаланса болот. Ысырык сактап калат

десе ширк болот, болгону жакшы жыты бар,

ал жыттан шайтандар качат.

-Мен мурдагы жумаларда

пайгамбарыбызды түшүмдө көргөнүмдү

айткан элем. Дагы түшүмдө сахабалар

менен баян угуп жатыпмын. Неге мага

окшогон күнөөсү көп адамдарга,

мунафыктарга окшогондорго ушундай

түштөр кирет? Таң калып жатам. Мен

такыба эмесмин. 077026…

-Сиздин жакшы жолго түшүшүңүзгө себеп,

белги болуп жатат. Такыбалардын катарына

кошулуңуз.

-Намаз окуп, 6 сыфатты кармаганга аракет

кылам. Оронуп жүрөм. Балдарым даават

жолунда. Бирок күйөөм башка аялга кетти.

Он жылдан бери сабыр кылып жатам. Намаз

окубайт. Кандай жол тутайын? 077863…

-Сабыр кылыңыз, дагы сабыр кылыңыз.

-Биздин тууганыбыз он жыл мурда аялына

5 талак деген экен. Тообо кылып жашай

берсе болобу же аялы азыр да башкага

турмушка чыгышы керекпи? Каарып

калышты да. 077026…

-Өзүңөр менен сүйлөшүү керек болот.

Кайрылгыла.

-Мен саркеч кызмын. Саркеч кийимдерди

жакшы көрөм. Бирок кыска, ачык кийбейм.

Жаман көз сүйлөбөйм. Эркектер менен

сүйлөшпөйм. Көзүмдү бир аз боёп коём.

Намазды 38-40 жаштан кийин окуйм деген

ниетим бар. Бул чоң күнөөбү? 070073…

-Албетте, күнөө. Сизге 38-40 жашка

чыгасың деп ким айтты? Ким кепилдик бере

алат? Саркечтене бериңиз, болгону тар эмес,

жабык кийим кийип, жоолук салынып

жүрүңүз. Намазды окуп баштаңыз.

-Көзү ачыктарга ишенсе болобу? Мага

баарын айтып берет. 070073…

-Болбойт. Баарын Кудай билет.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE