Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

БЕШ УБАК НАМАЗ

https://kyrgyzcha.site/?p=39041&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

 

БЕШ УБАК НАМАЗ

 

Аллах Таала Куранда: «Мен жин жана адамды Бир Өзүмө ибадат кылуу үчүн жараттым» (Заарият, 56).

 

Ошондой эле:

«Намаз окугула, акыйкатта намаз белгиленген убакыттарга дайындалган» (Ниса,103)

Намаз — ыйман келимесинен кийинки эле парз. Жогоруда айтылгандай Аллах Таала бизге Курандын көптөгөн жерлеринде бизге намаз окууну буйруган. Андыктан Аллахтын буйругу бизге парз болуп саналат.

Пайгамбарыбыз (САЛЛАЛЛАХУ АЛЕЙХИ ВА САЛЛАМ) мындай деди: «Ислам беш нерсенин үстүнө курулган: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Мухаммед анын элчиси», — деп күбөлүк берүү, намаз окуу, Рамазан айында орозо кармоо, зекет берүү жана мүмкүнчүлүгү болсо ажыга баруу.

 

НАМАЗ ОКУУГА КИРИШҮҮ

 

Намаз мусулман эркекке да, аялга да бирдей парз. Ошондой болсо да эркектер менен аялдардын намазында айырмачылыктар бар. Мисалы, эркектер колдорун киндиктин астында коюп байласа, аялдар көкүрөгүнө коюшат. Ошондой эле аялдар айыз, төрөттөн кийин нифас келген учурда намаздан бошотулат.

 

НАМАЗ ТӨМӨНКҮ ҮЧ ШАРТТА ПАРЗ БОЛОТ:

 

Мусулман болуу

 

Балагатка жетүү

 

Акыл-эси ордунда болгон адам

 

Көпчүлүк эркек балдар он эки жашында балагатка жетет, ал эми көпчүлүк кыздар тогуз жашында балагатка жетет. Балагатка жеткенден баштап ага намаз окуу парз болот.

 

НАМАЗДЫН ТҮРЛӨРҮ

 

Намаз негизинен төрткө бөлүнөт: парз, важиб, сүннөт жана нафил намаздары.

 

Парз намазы – милдеттүү түрдө окулуучу намаз.

 

Важиб намазы – сөзсүз түрдө окулуучу намаз.

 

Сүннөт намазы – Пайгамбарыбыз (САЛЛАЛЛАХУ АЛЕЙХИ ВА САЛЛАМ) парз жана важиб намаздардан сырткары окуган намаздар. Сүннөт намазын окуган адам сооп табат, окубаса Пайгамбарыбыздын (САЛЛАЛЛАХУ АЛЕЙХИ ВА САЛЛАМ) сүннөтүн аткарбаган болуп саналат.

 

Нафил намазы – бул намазды окуган сооп табат, окубаса күнөөкөр болбойт.

 

НАМАЗДЫН ШАРТТАРЫ (ПАРЗДАРЫ)

 

Намаздын шарттары (парздары) он эки: алтоосу намазды баштоодон алдыңкы шарттар, калганы намаздын ичиндеги шарттар.

 

Намаздан алдыңкы шарттар:

 

Намазды даарат менен окуу.

 

Дененин, кийимдин жана намаз окула турган жердин нажастан таза болуусу.

 

Аврат (уяттуу) жерлери жабык болуусу.

 

Окула турган намаздын убактысы кирүүсү.

 

Кыбылага карап туруу.

 

Намазга ниет кылуу.

 

Намаздын ичиндеги парздар:

 

Эң алгач «Аллаху акбар» деп такбир айтуу.

 

Тик туруу (кыям).

 

Кыраат кылуу (аят окуу).

 

Руку кылуу.

 

Сажда кылуу.

 

Акыркы отуруу (каьда).

 

КУПУЯ ЖАНА ЖАРЫЯ ОКУЛУУСУ

 

Сүннөт намаздары дайыма үн чыгарбастан, ичинен, купуя окулат.

 

Багымдат, Шам жана Куптандын(түнкү намаздар) парздарынын 1-, 2-рекетиндеги Фатиха, кошумча сүрөлөр жарыя окуулат.

 

Пример HTML-страницы

Бешим жана Аср(күндүзгү намаздар) купуя окулат

 

БЕШ УБАК НАМАЗ

 

Багымдат намазы: эки рекет сүннөт, эки рекет парз.

 

Бешим намазы: төрт рекет сүннөт, төрт рекет парз жана эки рекет сүннөт.

 

Аср (Дигер) намазы: төрт рекет парз.

 

Шам намазы: үч рекет парз, эки рекет сүннөт.

 

Куптан намазы: төрт рекет парз, эки рекет сүннөт. Кийин үч рекет витир.

 

НАМАЗДЫН УБАКЫТТАРЫ

 

Багымдат намазынын убагы: таң агаргандан баштап күн чыкканга чейинки аралык.

 

Бешим намазынын убагы: күн чак түштөн бир аз оогондон баштап ар бир нерсенин көлөкөсү өзү менен барабар болгонго чейинки аралык.

 

Аср намазынын убагы: бешимдин убагы бүткөндөн баштап күн батканга чейинки аралык.

 

Шам намазынын убагы: күн толугу менен баткандан тартып күндүн шапагы (кызылы) кеткенге чейинки аралык.

 

Куптан намазынын убагы: шам намазынын убагы толук бүткөндөн тартып багымдат намазынын убагы киргенге чейинки аралык.

 

ЭСКЕРТҮҮ

 

Бир күндө үч убакыт бар, ошол убактарда намаз окулбайт:

 

Эрте менен күн чыгып жатканда.

 

Күн чак түшкө келгенде.

 

Күн батып жатканда (эгер аср намазын окубаган болсо күн батып жатканда окуса болот).

 

НАМАЗДЫ БУЗУУЧУ НЕРСЕЛЕР

 

Намазда сүйлөө.

 

Намазда бирөөгө салам айтуу же алик алуу.

 

Жеп-ичүү.

 

Катары менен жасалган көп кыймыл-аракет.

 

Кыбыладан бурулуу.

 

Аврат (уяттуу) жерлеринин ачылуусу.

 

Намазда даарат бузулуусу.

 

Үн чыгарып күлүү.

 

Талып калуу.

 

Эстен тануу.

 

Жинди болуп калуу.

 

Жунуб болуп калуу.

 

Намаздын ичинде ниетти алмаштыруу.

 

Намаздын бир парзын таштоо.

 

Таяммум менен намаз окуп жатканда адам сууну көрсө.

 

Намаз бүтө электе салам берүү.

 

Парз, важиб намаздардын убактысынын бүтүшү.

 

Намазда турган маалда масыга тартылган масх убактысынын бүтүшү.

 

Маасыны масх тартып кийген адамдын намазда маасысы чечилип кетсе.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE