Пример HTML-страницы

Багымдат намазында уктап калбоо.

https://kyrgyzcha.site/?p=37080&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

?Багымдат намазында уктап калбоо

 

?Багымдат намазы таң аткандан күндүн чыгышына чейинки убакыт аралыгында окулат. Бул мезгилде адамдар таттуу уйкуда жаткан болот. Күн узарган маалда өзгөчө багымдат намазына ойгонуу айрым адамдарда кыйынчылыктарды жаратат. Бул да – сыноо.

Таттуу уйку, жылуу төшөктөн туруп, даарат алып, намаз окуу чоң соопторду таптырат. Пайгамбарыбыздын хадисинде “Багымдат намазынын 2 рекети бул дүйнө, андагы бардык нерселерден артыгыраак” деп баяндалат. Ушундан эле анын канчалык баалуу экенин тушүнсө болот. Андыктан, ар бир мусулман багымдат намазын окууга олуттуу мамиле жасап, аны калтырбоого аракет кылуусу абзел.

 

?Өтө катуу чарчаганда таң эрте ойгоно албай калган убактар болот. Ал эми ойгонуп, жалкоолуктун айынан багымдатты өткөрүп жиберүү – күнөө.

 

?Дагы бир хадисте мындай баяндалат: «Силерден кайсы бирөөңөр уйкуга киргенде шайтан анын желкесине 3 түйүн байлайт. Эгер адам ойгонору менен Аллахты эстесе 1-түйүн чечилет. Ал эми ал даарат алганда 2- түйүн, а качан ал намаз окуганда 3-түйүн да толугу менен чечилет. Ошентип ал таң эрте ыраазы болуп ойгонот”.

 

?Мусулмандардын жаңы күнү ысык кофе менен эмес, а багымдат намазы менен башталат. Аны уктап өткөрүп жибербөө үчүн адам колунан келген нерселердин баарын жасоосу керек. Төмөндө биз айрым кеңештердин топтомдорун сиздерге сунуштайбыз:

 

 

 

?- Туура ниет. Айрым адамдар багымдатка турбоону адат кылып алышкан. Муну алар оор жумуш графиги же ооруп калгандыгы менен түшүндүрүшөт. Бул – чоң жаңылыштык. Мындай себептер багымдатты калтырууну, ага шалаакы мамиле жасоону адатка айлантат. Биринчиден, ушундай ойдон алыс болуңуз. Чын жүрөктөн багымдатка ойгонууга ниет коюңуз. “Эгер багымдатка турсам жакшы болот” деп айтпаңыз. Туурасы: ИншаАллах, мен багымдатка турам”.

 

?- Максат. Жашоодогу чыныгы максатыңарды кайра-кайра эске салып туруңуз. Анткени, адам табияты боюнча унутчаак келет. Биздин максат – напсини тойгузуу, уйкуну кандыруу эмес, Алла Таалага дене, рух, аң-сезим, акыл- эс менен ибадат кылуу.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE