Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Азирети Улукмандын уулуна айткан жүз насааты

https://kyrgyzcha.site/?p=38482&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

بسم الله الرحمن الرحيم

 

 

Азирети Улукмандын уулуна айткан жүз насаатын ар бир ата эненин уулуна айта турган насааты катары чын жүрөгүмдөн кабыл алып, дүйнө жүзүндөгү бардык балдар ыймандуу, тартиптүү, акылдуу, аң сезимдүү, бактылуу болушун Алла тааладан сурап сиздерге ушул насаатты сунуш кылабыз.

 

 

 

 

» *АЗИРЕТИ УЛУКМАНДЫН УУЛУНА АЙТКАН ЖYЗ НАСААТЫНАН* »

 

1. Уулум, Алла Тааланы тааны.

2. Кандай акыл-насаат айтылса, биринчилерден болуп карма.

3. Өз деңгээлиңе жараша сүйлө.

4. Калкыңдын кадырын бил.

5. Ар бир кишинин укугун корго.

6. Сырыңды сактай бил.

7. Жоро-жолдошторуңду пайда, зыян тартканд 49. Байлыгыңды доско да, душманыңа да санатпа.

8. Досту кыйын күндө сына.

9. Наадан, акмактан алыс кач.

10. Акыл, эстүү даана адам менен достош.

11. Кайырдуу ишке кайраттуу бол.

12. Жаман аялга ишенбе.

13. Кеңешти түз жана илимдүү кишилерден сура.

14. Сөзүңдү далилдүү айт.

15. Жаштыгыңдын баркын бил.

16. Жаштыгыңда эки дүйнөнүн ишин бүтүр.

17. Досторуңду кадырла.

18. Доско да, каска да маңдайыңды ачык тут.

19. Ата-энеңдин баркын бил.

20. Устазыңды атаңдан артык сана.

21. Чыгашың кирешеңе жараша болсун.

22. Кандай иш болсо да орточо бол.

23. Жоомарттыкты өзүңө өнөр кыл.

24. Мейманга кызмат көрсөтүү милдетиң.

25. Киши үйүнө киргенде көзүң менен тилиңди тый.

26. Кийим менен денеңди таза тут.

27. Жамаат менен бирге бол.

28. Перзентиңе илим менен адеп үйрөт.

29. Ыгы келсе ат чаап, ок атканды үйрөт.

30. Бут кийим кийсең, оңунан баштап кий, чечсең солунан чеч.

31. Ар кимге өзүнө жараша мамиле кыл.

32. Түн ичинде сүйлөсөң акырын сүйлө, күндүз жан жагыңа карап сүйлө.

33. Аз жеп, аз уктап, аз сүйлөгөндү адат кыл.

34. Өзүң жактырганды башкаларга да ыраа көр.

35. Иш кылсаң кеңеш менен кыл.

36. Үйрөнбөй туруп устаздык кылба.

37. Аял менен балага сыр ачпагын.

38. Бирөөгө түгөл ишене бербе.

39. Жаман адамдан жакшылык күтпө.

40. Ар ишти акылга сал.

41. Бүтүрбөгөндү бүтүрдүм дебе.

42. Бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырба.

43. Улууларды шылдыңдаба.

44. Улуу кишиге узун сүйлөбө.

45. Билимсизге бийлик бербе.

46. Сурап келсе кур кайтарба.

47. Өткөн чакты эске алба.

48. Бирөөнүн жакшылыгын мен кылдым дебе.

Пример HTML-страницы

49. Байлыгыңды доско да, душманыңа да санатпа

50. Туугандан кол үзбө.

51. Жакшы кишини ушактаба.

52. Өзүңдүн ким экениңди бил. Өзүмчүл болбо.

53. Эки тарап бир бүтүмгө келалбай жатышса,

сен көпчүлүк жакта бол.

54. Эч кимди сөөмөй менен көрсөтпө.

55. Эл алдында тишиңди чукулаба.

56. Эл көзүнчө какырынып, түкүрүнбө.

57. Эстесең оозуңа алакан тут.

58. Калайыкка какшыбай сүйлө.

59. Эл алдында мурдуңду чукуба.

60. Тамаша сөзгө көнүп калба.

61. Кишини эл алдында жер каратпа.

62. Кейпи жакпайт деп кишини айыптаба.

63. Айтылган сөздү өзүңө алба.

64. Шылдың сөздөн сактан.

65. Өзүңдү, үй-бүлөңдү бирөөнүн алдында мактаба.

66. Эр болсоң аялдардай сыланба.

67. Баланын ойу менен боло бербе.

68. Тилиңе сак бол.

69. Колуңду силкпей сүйлө.

70. Ар кимдин урматын тааны.

71. Ооматы кайтканды колдобо.

72. Көзү өткөндү жамандаба.

73. Колуңдан келсе урушпа да, араздашпа.

74. Күч сынашпа.

75. Сынабаган кишиңди жакшы деп ойлобо.

76. Өз наныңды башканын дасторконунан жебе.

77. Иш жасасаң шашпа.

78. Дүнүйө үчүн башыңды машакатка салба.

79. Өзүң билгенди баркта.

80. Ачууга алдырсаң сөздүн артын байкап сүйлө.

81. Жең менен мурдуң сүртпө.

82. Күн чыкканча уктаба.

83. Каратып коюп тамак жебе.

84. Жол жүргөндө улуудан озбо.

85. Сүйлөшүп аткан сөзгө кыпчылба.

86. Тизеңди жазданба.

87. Ары-бери алаңдабай жер карап бас.

88. Эгер колуңдан келсе төөнү жайдак минбе.

89. Конок алдында бирөөгө ачууланба.

90. Мейманга иш буйруба.

91. Акылсыз менен маска сүйлөбө.

92. Бекерпоз адепсиз менен жол боюнда отурба.

93. Ар кайсы ишке аралашып абийриңди төкпө.

94. Өзүңдү адамдардан артык санап бой көтөрбө.

95. Бирөөнүн кусаматын мойнуңа алба.

96. Уруш, жаңжал уюштурчу болбо.

97. Бычаксыз, жүзүксүз, акчасыз жүрбө.

98. Өзүн кордобогондордун баркына жет.

99. Жөнөкөй бол, бой көтөрбө.

100. Алла Таалага ыраазылык менен, напсине эрк менен, улууларга урмат менен, балдарга шапаат менен, бакырларга жоомарттык менен, дос-жаранга насаат менен, душманга чыдам менен, нааданга сүкүт менен, аалымга таазим менен тирилигиң кыл. Бирөөнүн малына сук артпа. Малым азайды деп чөкпө, көбөйдү деп көппө.

 

 

 

*________________________________________________________*

БАШКАЛАР МЕНЕН БӨЛҮШҮҮНҮ УНУТПАҢЫЗ!.

 

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE