«АЯТАЛ КУРСИНИ ОКУУНУН ПАЙДАЛАРЫ» Аятал курсини ыклас менен окугандын адам жана айбан акылары жана фарз карыздарынан башка бардык күнөөлөрү кечирилет. Башкача айтканда, тооболору кабыл болот. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам): «Бир момун бир Аятал курси окуп бардык өлгөндөрдүн рухтарына багыштаса момундардын кабырлары көз көрө албай тургандай кеңейет жана өлгөндөр дагы анын рухуна дуба кылышат”, — деп айткан. Азрети Али дагы: «Кабыр азабынан кутулуу үчүн Аятал курсини көп окуш керек”, -деген. Дин улуктары дайыма үйдөн чыгарда сөзсүз Аятал курсини окушчу. Аятал курси сөзсүз коргоочу. Бир күнү Имам Раббани хезреттери жубайы менен отурганда терезеден өткөн-кеткен адамдарды карап жатып күлөт. Жубайы: «Эмне үчүн күлдүң?” – деп сураганда айтат: «Бир мусулманды көрдүм, өтүп бара жатканда шайтан оң жагынан кол салды, ал жердеги периште башына бир чокмор урду, сол тарабына өттү. Ал жерден дагы кол салды, сол жактагы периште дагы чокмор урду, алдына өттү. Дагы бир чокмор жеди, аркасына өттү. Ал жерден да бир чокмор жегенде маскара болду, качып жок болду. Ал адамга зыян бере албады. Себеби, бул момун үйүнөн чыгып жатканда Аятал курси окуган эле. Аятал курси окулганда периштелер анын айланасында бир айлана курат, шайтан жолой албайт. Жатарда окуса да шайтан жакындай албайт. Кол салгысы келгендерди дагы периштелер мына ушундай кылат. Ошондуктан, үйгө кирип-чыгарда, жатарда Аятал курсини окуу керек.” Бир зат дагы жумуштап башка мамлекетке барат. Аялы ал күнү кир жууп, күн бою чарчап жатат. Уурулар: «Кандай болсо да үй ээси жок, бул түнү үйдү тонойлу”, — дешет. Түнү барып карашса үйдүн тегереги жартысына чейин дубал менен курчалганын көрүшөт. Канча аракет кылышса да үйгө кире алышпайт. Экинчи түнү келишет, бул сапар үй төбөсүнө чейин дубал менен курчалганын көрүшөт. Дагы эле эч нерсе кыла алышпай кайтышат. Үчүнчү күнү уурулар үй ээсин базарда көрүп жанына келип: «Аксакал, бизди кечир, таң каларлык нерсе болгондуктан сага айтып жатабыз. Сен кеткенде үйүңдү тонойлу деп бардык, бирок, тоной алган жокпуз. Күндүз үйдүн айланасында дубал жок эле. Түнү келгенде тегерегинде жарым дубал бар болчу. Экинчи күнү барсак бул жолу дубал үйдүн чокусуна чейин болуп калыптыр”, — дешет. Тиги адам үйүнө келип уккандарын аялына айтат. «Кандай дуба окудуң эле бул окуя болду?” – деп сурайт. Аялы: «Биринчи күнү абдан чарчаган элем, Аятал курсини толуктай электе уктап калыпмын. Экинчи күнү толук окуп жаттым”, — дейт. Ошондуктан, ар мүмкүнчүлүктө Аятал курси окууну калтырып койбоо керек. «Журоктогу сырлар!!!»
Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

Сизге мумкун жагып калат...
4
Курани каримдеги маалыматтар «Мавдуат-ул-улум» (Кемаледдин Мухаммед, 1623-ж.
9
Деңиз түбүндө Аллага сажда кылган жигит Бул дүйнө жашоосун мен үчүн эч
6
Намазга кайдыгер болбо бир тууганым🌙 Куранда Аллах Тааланын намазга тйешелүү
50
Намаз ибадаттардын төрөсү🌙 🌹Алла Таала Иса (алайхис саламды) бешикте жаткан
57
Пайгамбарыбыз Мухаммад (ﷺ)га салават айтуунун пайдалары🌙 Ахзаб сүрөөсү
47
Балдын сырлары Куранда жана хадистерде🌙 Бал абдан пайдалуу азык.
10
Бүт нерсе Жаратканды даңктаган, тастыктаган керемет музей Ааламдагы көзгө
60
БЕЙИШКЕ СУРАКСЫЗ КИРҮҮЧҮ 70 000 МИҢ АДАМДЫН СЫПАТТАРЫ Ибн Аббастын (Аллах
42
Садака бейиштин эшиктеринин бир эшиги🌹 🌙 Садака салих амалдардын абзели
25
Жума күнү кылына турган соопту иштер🌙 ЖУМА НАМАЗЫНЫНЖУМА НАМАЗЫНЫН АЛДЫНДА
57
Ыйман келтирүүнун алгачкы шарты🌙 Калима-и таухид Таухид🌙“Ла илаха иллаллах
31
Бейиш жана Тозок (Жаннат🌹жана Жаханнам🔥) Бейиш жана Тозок азыр да бар.
43
АЛЛАХТЫН ЭЛЧИСИ (САЛЛААЛЛООХУ АЛАЙХИ ВА САЛЛАМ) МЫНДАЙ МААНИДЕ НАСЫЯТ АЙТКАНЫ КАБАРДАЛАТ.
22
КҮНӨӨҢДҮ ТОКТОТЧУ, БИР ТУУГАНЫМ🌹! АЛЛАХКА БАШ ИЙБЕГЕНДЕЙ АЛ САГА ЭМНЕ КЫЛДЫ?
155
Алланын зикиринен эч кандай кайдыгер болбогон да пенделер бар.
18
Алла таала♥ Араб тилинде «Алла» Эӊ Улуу Заттын аты. «Алла» деген сөз Кудайдан
79
Даарат, гусул жана таяммумдун пайдалары🌹♥ Ибадат максаты менен кылынган
64
Үйлөнө турчу кыздарга кеңештер🌹 🌹Ынтымакта жашоо үчүн эркек үчүн дагы
147
Даарат учурунда тыюу салынган нерселер↓ Даарат алып жатканда тыюу салынган
127
Тахажжуд намазына ойгонуунун он үч ыкмасы♥ Убада Кылынган Мессия жана Махдий
18
Илимдин Аллах Таала ыраазычылыгы үчүн гана болуусу🌹♥ 🌹Абу Хурайра разияллоху
39
Намаз окуп жатканда рукундарда каерди кароо керек? 🌙★Кыямда жана кавмада
29
Бактылуулукка жетүүдө илимдин мааниси🌙🌹 Пайгамбарыбыз Мухаммад алейхис
33
•Эки түрдүү булганыч бар• 1. Оор нажасат (булганыч): Адам баласынын денесинен
27
Таттуу тилдин жана күлүмсүрөөнүн мааниси🌹 🌹Мусулман адамдын жүзү жылмайган
15
Ъисам (рахматуллохи алайхи) Хатим Захид Альбалхи (рахматуллохи алайхи)ден
23
Алланы эскерүү (зикир чалуу) жүрөктүн бейпилдигинин куралы🌹 Алла таала
















































