Пример HTML-страницы

Аялдардын намаз окуу тартиби

https://kyrgyzcha.site/?p=20599&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

АЯЛДАРДЫН НАМАЗ ОКУУ ТАРТИБИ

Мисалы багымдат намазынын эки рекет парзынын окулушу:

Бисмиллаахир рохмаанир рохиим деп он бут менен жайнамазга турат:

1-Ниет) «Жузумду кыбылам болгон каабага буруп, багымдат намазынын эки рекет парзын окумакка ниет кылдым калыс Аллах учун Аллаху Акбар»

деп эки колун кокуроко которуп анан кол байлайт.

Кол байлаганда он колун сол колдун устуно койот сон сана окулат:

2-Сана) «Субханака аллохумма вабихамдика ва табарокасмука ва таъала жаддука ва лаа илааха гойрук» деп сон Фатиха суросу окулат:

3-Фатиха суроосу) Аъуузу биллаахи минаш шайтоонир рожиим:

Бисмиллаахир рохмаанир рохиим:

Алхамдулиллаахи роббил аъаламиин, Ар-рохмаанир рохиим, Маалики явмиддиин, Иййаака наъбуду ва иййаака настаъиин, Ихдинас-сироотол мустакиим, Сироотоллазиина ан-ъамта алейхим гойрил магзууби ъалейхим ва лаззоооллиин!!!

сон зам суроо окулат:

4-Ихлас суроосу) Кул хуваллооху ахад, Аллоохус-сомад, Лам ялид ва лам юлад, валам якул лаху куфуван ахад!!!

эми Аллоху Акбар деп рукуга барат, рукуда 3 жолу «Субхана роббиял азиим» деп айткандан сон кайра тик туруп жатып- «Самияллооху хулиман хамида» деп тик туруп «роббана лакал хамд» деп турат, тик тургандан сон «Аллоху Акбар» деп саждага барат. Саждада 3 жолу «Субхана роббиял ъала» деп айткандан сон Аллоху Акбар деп каадага олтурат. Кайра «Аллоху Акбар» деп саждага барат саждада дагы 3 жолу «Субхана роббиял ъала» деп айткандан кийин «Аллоху Акбар» деп тик туруп кол байлайт. Кол байланагдан кийин «Бисмиллахир рохмаанир рохиим» деп Фатиха суроосун окуйт, сон дагы зам суроо окулат,

«Кул аъуузу бироббил фалак, минн шарри маа холак, ва миншарри гоосикин изаа вакоб, ва минн шаррин-наффасатифил укод, ва минн шарри хаасидин изаа хасад» деп кайра Аллоху Акбар деп рукуга барат, рукуда 3 жолу «Субхана роббиял аъзиим» деп айткандан сон, «Самияллоху хулиман хамида» деп кайра тик турат «роббана лакал хамд» деп тик туруп кайра Аллоху Акбар деп саждага барат. Саждада 3 жолу «Субхана роббиял аълаа» деп айткандан кийин «Аллоху Акбар» деп каадага олтурат.

кайра «Аллоху Акбар» деп саждага барат дагы 3 жолу «Субхана роббиял аъла» деп айткан сон Аллоху Акбар деп каадага олтурат каадада «Аттахият» окулат:

Аттахият)

Аттахияту лиллахи вас-солавату ват-тоййибаат, Ассаламу алайка аюхан-набиййю ва рохматуллохи ва барокатух, Ассаламу ъалайнаа ва алаа ибайдиллахис-соолихиин, Ашхаду аллаа илааха иллаллоху ва ашхаду анна Мухаммадан ъабдуху ва росуулух:

бул окулган сон эки салават окулат:

«Аллохумма солли ъалаа Мухаммад ва аълаа аали Мухаммад, кама солайта ъалаа Иброхиима ва ъалаа аали Иброхиим, иннака хамиидум-мажид:

Аллохумма баарик ъалаа Мухаммад, ва аълаа аали Мухаммад, камаа баарокта ъалаа Иброхиима ва ъалаа аали Иброхиим, иннака хамиидум-мажиид» салават окулгандан кийин «Ассаламу алейкум ва рохматуллох» деп он жагына анан сол жагына салам берет.

Эскертме: Намаз окуганда аялдардын эркектерден айырмасы барбы?

Ооба кее бир жерлеринде айырмасы бар, алар томондогучо!

1-Ниет кылып кол которгондо, колун кокурогуно чейин которот:

2-Кол байлаганда колун кокурогуно коюп байлайт:

3-Руку кылганда эркектердей коп ылдый ийилбей бир аз эле ийилет:

4-Сажда кылганда эки буту курсагына жакын турат эки чыканагы жерге тийип турат:

5-Каадага олтурганда эки бутунун манжалары он жакка чыгып турат, сол жамбашы менен олтурат. Аялдар намазга азан да каамат да айтпайт, анткени Ханафий мазхабында аялдардын азан жана каамат айтуусу макрух болуп саналат.

 

Автор: Чубак ажы Жалилов

 

Телефон адептери Ислам фыкыхындагы зыярат, уруксат суроо, баарлашуу жана сүйлөө адептеринин негизинде белгилүү болот. Кандай өлчөмдө, кайсы убактарда, сөздүн түрү, сүйлөшүүнүн сыпаты сыяктуу маалыматтарды камтып, ар бир мусулман колунан келишинче амал кылууга, жашоосуна киргизүүгө милдеттүү. Телефон адептеринин жыйынтыгы келип-келип акырында жумшактык менен сылыктыкка, адептүүлүктүн жогорку даражасына, кулк-мүнөздүн төрөсүнө жетелейт. Анткени Пайгамбарыбызалайхис салам айтат эмеспи: «Кайсы бир иште сылыктык болсо, ал аны кооздойт. Кайсы бир иштен сылыктык кеткен болсо, ал анын көркүн кетирет» (Муслим 6602), «Ким сылыктык менен жумшактыктан куру жалак калган болсо,жакшылыктын баарынан куру жалак калыптыр! » (Муслим 6598-6599).

 

1. Номурдун тууралыгын тактоо. Адегенде тергиңкелген номурду тактооң зарыл. Адашып чалсаң уктап жатканды беймаал ойготуп, же ооруп жатканды беймаза кылып, илимий иш менен алектенип жатканды алагды кылган болосуң. Эгер адашып калган болсоң «Кечиресиз» деген сыйкырдуу сөздү айтып үзүр сура.

 

Ал эми трубканын экинчи тарабында турган тууганым, эгер сага адашып чалып алган болсо, ачууланба! Жөн гана «Кечиресиз, номур туура эмес!» деген сөздү колдонсоңуз, өзүңдүн нервиңди, башка бир тууганыңдын көңүлүн сактаган болосуң. Эгер ал чындап эле адашкан болсо, адашкандын айбы жок. Эгер ал атайылап ошентип жаткан болсо, кыяматта өзү жооп берет.

 

2. Чалуу убактысы. Чалууга сенде муктаждык жаралса, эсиңден чыгарба, башкалардын башка нерседе муктаждыгы болуп жаткандыр.Биринчиси тамак жеп жаткан болсо экинчиси китеп окуп, үчүнчүсү өтө оор өткөн жумуш күнүнөн кийин эс алууга эми эле жаткандыр… Ошондуктан да керемет шариатыбыз зыяратка келген адамга, же телефон чалган адамга «жалганайтуунун» ордуна «үзүр суроону» шариатташтырган. Курани КаримдеАллах Таала мындай дейт: «…эгер силерге (кирүүгө уруксат берилбестен)кайткыла (!), десе кайткыла. Кайтканыңар силерге (жүрөгүңөр менен көңүлүңөргө) тазараактыр. ..» (Нуур: 28).

 

Сенин мойнуңдагы милдет ыңгайлуу убакты аңдоо. Бир тууганыңдын жумуш табияты менен алектенгенишин баамда. Шариатыбызда үй кызматчылары менен жаш балдар таңкы намаздан мурун, түшкү уктоо (кайлуула) маалында, жана кечки куптан намазынан кийин уруксат сурап кирүүлөрү айтылса, чоң адамдар ар бир убакытта уруксат суроо милдеттендирилген (Нуур: 58-59) Андан сырткары шариатыбызда түн ичинде сапардан «күтүүсүз» келип эшик такылдатканды да тыйган.

 

Ошондуктан, урматуу бир тууганым! Сен чалганда колу бош эмес экендигин айтып үзүр сураса, жүрөгүңдү кенен кылып кабыл эт. Эгер сага күтө тур десе, күтө тур. Кудайым акыл-эс менен ырыскыландырган эмеспи баарыбызды. ..!?

 

Ал эми жалпыга бардык учурда кайрылуу мүмкүн болгон учурларда, каалаган убакта чалсаң жарай берет. Мисалы мейманканалар, тез жардам жана башка кызматтар күнү бою кызматыңа даяр.

 

3. Бир жолу чалганың жетиштүү болот. Эгер жооп берилбесе, сенин ишиң зарыл болсо, анда даарат алып эки рекет намаз окуганчалык убакыттан кийин дагы бир жолу чалсаң болот. А бирок кайра кайра чала бербе. Анткени ал жооп бергиси келбегендир, же жооп берүүгө чамасы жетпей жаткан чыгаар. Ар бир пенде жалгыз калганга, өзүнчө болгонго укуктуу го.

 

4. Сүйлөшүүнүн мөөнөтү. Ар бир учурдун өзүнө таандык абалы болоор. Сүйлөшкөн учуруңда аны зериктирип жибербе, же көп сүйлөп ага оорлук да келтирбе! Колу бош болуп турган болсо, аны да тактап алууң жакшы болот. Сени урматтагандыктан, сөзүңдү бөлө албай тура берген болуусу мүмкүн.Бирок ошону менен сага болгон урматтоосу басаңдай баштагандыгын эсиңден чыгарба!

 

5. Адегенде салам айтканды, акырында коштошуу саламын айтууну унутпа. Саламдашканда мусулманча «Ассалааму алайкум»деп учурашууң сүннөт болоор. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: «Кайсы бир мажлиске келсеңер салам айтып кошулгула! Туруп кеткен учурда салам айтып коштошкула. Алгачкы салам акыркыга караганда абзелирээк эмес!» (Абу Дауд).

 

6. Сенин ким экендигиң суралган учурда, өзүңдү толук тааныта турган аты-жөнүңдү түшүнүктүү кылып айт. «Бул мен» деп жооп берген туура эмес, анткени ар бир адам өзүн «мен» деп айтуусу мүмкүн.А сенин аты-жөнүң сеники гана. Анын үстүнө Пайгамбарыбыз алайхис салам «Бул ким?» деп суралганда «Мен.» деп жооп бергендижактырган эмес (Муслим, Абу Дауд).

 

7. Телефон аркылуу сүйлөгөндө үнүңдү катуу чыгарбай, кыйкырбай сүйлө! Айрыкча ата-энең менен, же ошолордой кадырлуу адамдарга аларга угула тургандай, түшүнүктүү, ачык, даана жана так сүйлө. Лукман алайхис салам уулуна осуят бергенде «Үнүңдү бир аз төмөндөтүп сүйлө!» (Лукман: 19) деген эмес беле!?… Ошондой эле телефондон бышылдап-күшүлдөбө, тамак жеп жатып да сүйлөшпө, тигил адамга урматсыздык көрсөткөн болосуң.

 

8. Аялзаты телефондон махрам эмес адамдар менен,айрыкча эркектер менен сүйлөшкөндө үнүн кубулжутпастан, сулуулугу менен назиктигинин баарын үнүнө чыгарбастан, керектүү өлчөмдөгү сөздөрдү иштетип сүйлөөсү милдеттүү. Ошондой эле эркектер да телефондон аялзаты менен сүйлөшүүгө туура келип калса ар кандай комплименттерди айткандан, анын көңүлү менен көкүрөгүнө бүлүк салгандан сактануусу кажет.

 

9. Ар бир сүйлөшүп жаткан инсандын даражасына ылайык мамиле жасоо. Азирети Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: «Ар бир инсандын даражасына ылайык урмат-сыйын көрсөткүлө! «(Абу Дауд). Башка бир хадисте «Улуусун урматтабаган, кичүүсүн ызаттабаган, аалымдын кадырын билбеген бизден эмес!» , (Ахмад) дейт касиеттүүПайгамбарыбыз алайхис салам.

 

10. Телефон менен сүйлөшкөн убакта, ага билдирбестен туруп телефондун үнүн жарыя таризге коюп, жаныңдагыларга угузууга укугуң жок. Балким ал өзүнүн сөзүн башкаларга угузгусу келбейттир, же болбосо сага гана айтып,башкаларга айткысы келбеген маалыматтыр. Ошондой эле аны менен сүйлөшүүңдү уруксатсыз жаздырып калууга да болбойт Сыр сактоо мусулманчылыгыбыздан экенин унутпа!

 

11. Телефон чалганыңда тынч чөйрөдөн, ызы-чуу болбогон жерден чалууга аракеттен. Ал адамды урматта. Анткени ал сага эмес, сен ага чалып жатпайсыңбы? Шашылыш же айласыз болуп калсаң бир жөн эми… .

 

12. Кээ бир адамдар телефонуна Куран аяттарын же музыканын түрүн коюп коюшат. Албетте бул туура эмес. Жөн гана телефон чакырыгын колдонгондугуң жакшы. Куран аяттарын койгон учурда, кээде аяттар окулуп бүтпөстөн, адепсиздик менен телефондон сүйлөшүп башташат. Жараткан Кудай Таалам телефондордун коңгуроосуна койсун деп түшүргөн эмес эле… Кээде телефон чалсаң мээңди жеп коё тургандай музыканы коюп коёт, чалып жаткандан кийин коюп коё албайсың, койбоюн десең угуп тура албайсың. Бир туугандарыңа мажбурлап жагымсыз музыкаларды угуза бербе. Сураныч… .

 

13. Жумушуңдагы телефондорду жеке кызыкчылыгың үчүн пайдаланууга болбойт. Колуңдан келишинче жумуш үчүн гана пайдалан. Коомдук мүлктү,жалпы мүлктү ар ким каалагандай эле иштете албайт. Кыяматта ар бир нерсенинсурагы бар экенин унутпа!

 

14. Башка бирөөнүн телефонун өтө зарыл учурда, уруксат суроо менен гана колдон. Колуңдан келсе телефонду таза жүзаарчы менен сүртүп бергенге эмне жетсин. Башка телефон менен сүйлөшкөн учурда айта турган кебиңди гана айтып, ал телефонго катталып калган таанышыңдын номурун өчүргөндөн кийин ээсине кайтар.

 

15. Эгер мүмкүн болсо үйдөгү телефонду үйдүн кожоюну же улуу эркек балдары алгандыгы макул. Кымбат баа асыл аял заттарыбыздын назик үндөрүн көрүнгөнгө угуза бергенге мусулманчылык кызганычыбыз жол бербөөсү керек. Ошондуктан да шариатыбызда аялзатына азан айтууну милдет кылбайт.

 

16. Кайсы бир аалымдан маселе сурай турган болсоң, бере турган сурооңду тактап, керек болсо кагазга жазып алгандан кийин сура. Алаалымдын илимин сыноо максатында, кантээр экен деп сураганың мусулманчылыкка туура келбейт. Кээде ал киши ачууланып, же жайсызыраак жооп берсе капа болбо,анткени сен бирөөсүң, ага күн-түнү көп адамдар чалат. Балким сен бүгүн күч алгандардын элүүнчүсү болуп жүрбө?! Илгер ат менен арып сапар тартып барып сурашчу экен маселени, сен жылуу төшөгүңдө жатып алып сурап турасың, андыктан аалымдын кадырын, урматын жайына кой.

 

17. Телефон аркылуу көп унутта калган сүннөттөрдү тирилтүүгө мүмкүн. Ооруп калган бир туугандын абалын суроо, ата-эненин кабарын билүү, алар менен саламдашып туруу, жакшылыктарга чакыруу, осуят-насаат айтууну телефон жардамы менен ишке ашырууга болот. Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарба. Кээде сенин бир жолку чалууң көп адамдардын үмүт отун жандыруусун эсиңден чыгарба!Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: «Момун бир тууганыңдын жүзүнө жылмайып карооң дагы садака!» .

18. Телефон аркылуу башка адамдарды уруксатсыз сүрөткө тартыпалууну шариатыбыз жектейт. Анын мусулманчылык, кала берсе адамчылык укугунан ажыратууга кантип укук алдык экен?

 

19. Уят көрүнүштөрдү, ар кандай жылаңач сүрөттөрдү телефондо сактоого, башкаларга жеткирүүгө тыюу салынат. Жамандыкты жеткирүүчү адам, ошол жамандыкты жасаган адамдын күнөөсүнө шериктеш болоорлугу көп айтылган көөнө шариатыбыздын көөнөрбөс китептеринде.

 

20. Телефондон беймаани сөздөрдү көп сүйлөп, натыйжада көп каражат кетиребиз. Ошол эле учурда электр энергиясына, же газга төлөгөндү каалабайбыз. Кээде үйдө эт бир жума да жок болуп калат. Кайсы арыбызга телефондон каадаланып сүйлөшөбүз десең. Аллах Таала ысырап кылуучуларды сүйбөйт.

 

21. Телефон аркылуу башкаларды чочутууга болбойт. Дегеле чочутуу, коркутуу туура эмес. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: «Мусулманадамдын башка бир мусулманды чочутуусу, жүрөгүнө коркунуч түшүрүүсү арам!» (Ахмад, Абу Дауд) Ушул хадисти окуганда, мени атайын кызматтын тергөөчүлөрү» камайбыз» деп коркутканын эстеп, мамлекеттик башка бир кызматкер «Аны мууздап салыш керек, Аравияга кубалаш керек!» дегенин ойлоп,булар деги мусулмандарбы деген ой келбей койбойт экен. Кызык.

 

22. Жашыруун номур менен телефон чалганың да сүйлөшүп жатканадамды сыйлабастык болуп саналат. Үйүңө келип, кирүүгө уруксат сурап, бирок жүзүн көрсөтпөй бекиткендикке барабар. Заалымдын зулумдугунан, же басмачынын кордугунан качып жүргөн болсоң бир жөн.

 

23. Сендеги бир тууганыңдын номуру, сендеги аманат. Ал номуранын менчиги. Башкага, анын уруксаты болмоюнча берүүгө укугуң жок. Аллах Таала аманаттарды сактоого баарыбызды милдеттүү кылган.

 

Бул маселелер шариатыбызда маанилүү экендиги эске алынып Жидда (КСА) Эл аралык Ислам академиясы алтынчы отурумунда атайын телефон адептери, милдеттери, укуктары жөнүндө чечим кабыл алган. Ошондой эле белгилүү аалым Бакр бин Абдулла Абу Зейд «Адабул хаатиф» атуу китепчени ушул темага арнап жазган. Китепче «Даарул аасима» басмаканасынан жарык көргөн. Андан сырткары да башка Ислам аалымдары өздөрүнүн фатваларында, иршаад-ваьз маселеринде бул туурасында жетишээрлик мааалымат берген.

 

Кудай Таалам баарыбызды ак жолдон адаштырбасын. Куру дооматтан,курулай жалаадан сактасын. Жүзүбүздү жарык кылсын. Жүзүн жуубаган дааратсыздардын жүзүн каратпасын, өзүнөн башкага жалдыратпасын. Жаман сөз, жаман көз, жаман колдон сактасын. Адалдан ырыскы берсин. Оо Кудайым! Алсыздыгыбызды өзүңө айтабыз, өзүңө таянабыз. Өзүңдөн жардам сурайбыз. Яаа Каххаару, Яаа Латиифу, Яа Мунтакиму! Яаа зал жалаали ва икраам. Ва бика астагиису.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE