Пример HTML-страницы

АЯЛДАРДЫН КӨЧӨДӨГҮ АБАЛЫ

https://kyrgyzcha.site/?p=37085&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

АЯЛДАРДЫН КӨЧӨДӨГҮ АБАЛЫ

 

Мусулман аял көчөгө чыкканда төмөнкү күнөө иштерден алыс болуусу зарыл.

 

1. Буркураган атыр себинүү.

 

Көпчүлүк аялдар бул нерсенин шариятта арам экенин билишпейт. Билгендери да көңүл бурушпайт. Чындыгында бул нерсе абийирлерин ачып жүргөндөй эркектердин делебесин козгото турчу нерсе. Бул жөнүндө пайгамбарыбыз: » Кайсы бир аял атыр куюнуп, эркектердин арасынан өтсө, ал зынаа кылуучу», «Кайсы аял жыттуу нерселерден куюнуп мечитке барып намаз окуса, анын намазы кайра гусул кылмайынча кабыл болбойт», деп хадис сүйлөгөн. (Абу Дауд Нисаий риваяты).

 

2. Махрам эмес эркек менен жалгыз калуу.

 

Аял киши өзүнө махрам (тууган) болбогон (жат) эркектер менен эч жерде жалгыз калбоосу керек.

 

Бул маселеде пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салам: «Силерден кимиңер бир жерде жат аял менен жалгыз калсаңар үчүнчү шеригиңер шайтан» деген.

 

3. Көчөгө көп чыгуу.

 

Эч бир себепсиз эле көчөгө, базарга, тияк-биякка көп чыгып, тааныштар менен эзилишип, ушак айтышып, бирөөлөрдү шылдыңдап, ырсакташып күлүп отуруу аял кишилердин абийирин жогото турган жоруктардан.

 

Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи ва салам: «Аялдардын баржогу абийир (аврат) көчөгө чыкса эле, шайтан сагаалап турат» деген.

 

4. Жалгыз сапарга чыгуу.

 

Мусулман аялдар алыс (80км.ден ашык) сапарга аттанганда сөзсүз жанында махрамы (жакын тууганы) болуусу зарыл. Анткени пайгамбарыбыз: «Аял киши махрамы менен гана сапарга чыксын» деген.

 

5. Аялдардын кийимдери.

 

Аялдардын кийимдери торго окшоп же терезеге илчүү занавескага окшоп ички денени көрсөтө турган болбошу керек. Ошондой эле аялдардын кийимдери денесине жабышып, аларды кийими бар, бирок, жылаңач сыяктуу кылып көрсөткөн кийимдерди кийбеши керек.

 

Аялдардын денесине жабышкак эмес кең кийим кийүүсү, алардын ден-соолугуна жана акыретине пайдалуу. Жоолук салынып, узун жана кең кийим кийүү аялзаты үчүн парз.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE