🎀 _*АТА-ЭНЕГЕ ТАШ БООР БОЛУУ ЧОН КУНООЛОРДОН.*_
🌴 Абдуллох бин Умар (разияллооху анху) дан риваят: _Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи ва саллам) мындай деп айткан:_
_*»Чон куноолордун биринчиси Аллахка шерик кылуу, ата-энеге таш боор болуу, киши олтуруу, жалгандан ант ичуу»*_ (Мишкат)
🌴 Бул хадисте Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи ва саллам) эки дуйнодо окунучко сала турган чон куноолор тууралуу айтып жатат. Аллах сактасын «Таш боорлук»- деген тушунукко ата-энеге соз менен да, кыймыл аракет менен да ыза кылып, орой мамиле кылуу, алардын муктаждыктарын аткарбоо, тамак-аш бербоо, ушунун баары кирет.
🌴 Аллах Таалага суйуктуу амал- оз убагында окулган намаздан кийин эле ата-энеге жардам беруу болгондой эле Аллахка шерик кылуудан кийин эле ата-энеге таш боор болуу да чон куноо болот. Аллах бизди ата-энеге таш боор болгондон сактасын.
🎀 _*АТА-ЭНЕ МЕНЕН ЖАШАП ТУРУП, АЛАРГА КЫЗМАТ КЫЛЫП ДА БЕЙИШКЕ КИРБЕЙ КАЛГАН БАЛАГА ОКУНУЧ БОЛСУН.*_
🌴 Абу Хурайра (разияллооху анху) дан риваят: _Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи ва саллам) 3 жолу:_
_*»Окунуч болсун, окунуч болсун, окунуч болсун.»*_
деп айткан да, _»Кимге окунуч болсун?»_-деп сурашты эле. Ал:
_*»Ата-энеси менен же экоонун бироосу менен жашап туруп дагы бейишке кирбей калган балага»*_
деп жооп берди. (Муслим)
🌴 Ата-энеге кызмат кылуу, бейишке кирууго себеп болот. Ал эми алардын конулун оорутуп, орой мамиле кылып, таш боор болуу тозокко кирууго себеп болот. Аллах ар бир пендени ошондон сактасын.
🌴 Ата-эне тируу кезинде алардын кызматын кылып, урмат-сый корсотууго тырышып аракет кылуу керек. Кимде-ким аларга жакшы мамиле кылып, конулун которуп кызмат кылбаса ага Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи ва саллам) дын ушул дубасы жетишет:
_*»Ата-энеге таш боорлук кылуудан Аллах Таала баардыгыбызды сактасын.»*_
📚 _*»АТА-ЭНЕ СЕНИН БЕЙИШИН ЖЕ ТОЗОГУН»*_
Башкалар менен бөлүшүп коюну унутпаңыздар. 🎀