Пример HTML-страницы

Ат-Башыда волейбол боюнча мелдеш өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районунда Карылар күнүнө карата мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мелдеш райондук дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан уюштурулду. 50-60 жаштан жогорку аялдар жана эркектер волейбол ойношту. Мелдешке эркектерден 5 команда жана аялдардан 6 команда катышты.

Оюндун жыйынтыгы менен эркектер арасында 1-орунду Ат-Башы, 2-орунду Казыбек, 3-орунду Ача-Кайыңды айылынан келген командалар алса, аялдар арасында 1-орунду Ат-Башы, 2-орунду Ак-Жар, 3-орунду Казыбек айылынан келген командалар жеңип алышты.

Иш-чарада жеңүүчүлөргө демөөрчүлөр тарабынан даярдалган белектер ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE