_Суроо_: «Молдонун айтканын айт, кылганын
кылба»,-деген сөз бекеринен болбосо керек.
*Жооп:* — Ооба, молдонун айтканын кылам
деп убара болбо, колуңдан келбейт.
_Суроо_: “Тигил дүйнөнүн бар экенин ким
көрүп келиптир?”
*Жооп*: — А жок экенин ким көрүп келиптир?
_Суроо:_ “Молдонун айтканын кыла берсең
акмагың чыгат”- дейт эмеспи?
*Жооп*: — Чынында молдонун айтканын
кылсаң акмагың чыгып кетет. Антпесе
акмагың менен жашай берип, өзүң да
акмак болуп каласың”- дегени.
_Суроо:_ “Мусулмандар деле кара ташка
сыйынышат”
*Жооп:* -Мусулмандар Кара ташка
сыйынышпайт. Болгону аны сыйлашат.
_Суроо:_ “Ажылыкта каза болгон кары-
картаңдардын жоопкерчилигин ким алат?”
*Жооп:* — Аларды карылыгында ошол жакка
өздөрүн жөнөтүп койгон уулдары алат.
_Суроо:_ “Жылкынын баары жорго болот,
жиндинин баары молдо”-болот деп бир
олуя айткан экен. Азыр деле андайлар
толтура го?
*Жооп:* — Ооба, жинди атыкпаган молдо
чынында жинди. Анткени, пайгамбарыбыз
с.а.в.ды жинди дешкен. Бирок, ким жинди
болуп чыкты?
_Суроо:_ “Карыганда деле намаз окуса
жетишет да, азыр эртерээк го”
*Жооп:* — Туура айтасыз, азыр эрте. Өлүм
периштеси кечке чейин келип калса керек.
_Суроо:_“Мечит көбөйдү. Алардын ордуна
мектеп курса болбойбу?”
*Жооп:* — Болот, ким кой деди. Курам
дегендер болсо курсун.
_Суроо:_ “Арак деле нан жасалган буудайдан
жасалат да. Аны неге арам дейсиңер?”
*Жооп:* — Энеңиз менен кызыңыз деле аял
да, эмнеге аларга үйлөнбөйсүз?
_Суроо:_ “Ажыга барып келсе деле
күнөөлөрдү жасап жатышпайбы? ”
_Жооп:_- Мончодон чыкса деле адам кирдеп
жатпайбы?
_Суроо_: “Ажыдан келип алып, мурдагыдан
бетер бузукулук кылгандар бар…”
*Жооп»:*-Туура, эшек Аравияга барып келсе
эле эшектигин кылбай койбойт.
Суроо: “Кечээ эле ~арак~ ичип жүрбөдү беле,
бүгүн намаз окуп калыптыр…”
*Жооп:* — Ооба, а сиз дагеле ичип жүрөсүз.
_Суроо:_ “Намазды кыргызча окуса
болбойбу?»
*Жооп:* -Болот, бирок кыраатын кайсы
обончуга жаздырасыз?
_Суроо:_ “Эмнеге эле молдокелер арак
болбойт, аялга барган туура эмес, тамеки
тартпагыла” – дей беришет?
*Жооп:* -Алар муну мусулмандарга айтып
жатышат.
_Суроо:_ “Көп аял алуу кыргыз элине жат
көрүнүш. Кайсы кыргыз көп катын
алыптыр?”
*Жооп:* — Манас, Семетей, Сейтек, дегеле эр
менен баатырдын баары.
_Суроо:_ “Азыр жаштар ата-бабасы койбогон
сакалды коюп калды”
*Жооп:* -Тетирисинче, азыр ата-бабалар
койгон сакал коюла баштады. А силер аны
алып салгансыңар. Курманжан даткадан
башка бүт кыргыз жакшыларынын сакалы
болгон.
_Суроо:_ “Адам динден көрө илимди үйрөнүү
зарыл. Илим гана туура жолго жетелейт”
*Жооп:* — Илдимпоздордун эң укмушу
Акаевпи?
_Суроо:_ “Көзү ачыктар жолун ачып, иши
жүргөндөр толтура”.
*Жооп:* — Анда эмнеге көзү ачыктар өздөрү
самсаалап базарларда отурушат?
_Суроо:_ “Жүрөгүм таза болсо болду да,
намаз окуп, орозо тутуп эмне кылам?”
*Жооп:* — Тетирисинче жүрөктү намаз менен
орозо тазартат.
_Суроо:_ «Өзү эле кечээ ~арак~ ичип жүргөн,
бүгүн эле намаз окуп калганын кара”
*Жооп:* — А сиз дагы эле ичип жүрөсүз. Качан
намаз окуп калаарыңызды кудай билет.
_Суроо:_ “Кыздарга жоолук салып, баарын
чүмкөп салсаңар эркектер кимди карайт
эми?”
*Жооп:* — Өздөрүнүн кыздарын чечинтип
алып карай берсин. Сөзсүз бирөөнүн кызын
караш керекпи?!
_Суроо:_ “Жоолукту салынып алып,
кылбаганды кылганы канча…”
*Жооп:* — Ооба, алар али кылбаганын кылып
жатат. А силер кылганыңардан али кутула
элегиңер канча?!
_Суроо:_“Кыргыздын кыздары жүздөрүн
чүмкөгөн эмес”
*Жооп:* — Анткени бүгүнкүдөй эркектери жок
эле
_Суроо:_ “Шалбырап кийинип алып, үч уктап
түшүнө кирбеген жерлерде тентип жүрүшөт”
*Жооп:* — Анткени сизге окшоп
шалбырабагандар кошунасын да тыйып
койо албайт.
_Суроо:_ “Чала молдо дин бузат” дейт
элде…”
*Жооп:* — Ооба, анткени толо молдосу динди
билбейт.
_Суроо:_ “Намазды буйурганда окуйбуз…”
*Жооп:* — Бойго жеткендерге “Оку” деп
буйрулган. Же Кудай Өзү келип,
маңдайыңызга туруп буйурсунбу?
_Суроо:_»Намаз окуганга убактым жок болуп
жатпайбы?”
*Жооп:* — Эч нерсе эмес, өлүм периштеси
келгенде табылып калаар.
_Суроо:_ “Сакалчандар террористтер, а
терроризм дегени коркутуу дегенди
билдирет экен”.
*Жооп:* — Туура айтасыз, алар гана тозок
менен коркутушат.
_Суроо:_ “Намаз окуп жүрүп деле күнөөлөрдү
жасап жатышпайбы? ”
*Жооп:* — Алар жок дегенде намаз окуп
жатышат. А силер күнөө да кыласыңар
намазды да окубайсыңар.
_Суроо:_ “Эмне үчүн эркек бир нече аял алса
болот, аял бир нече күйөө менен жашаганы
болбойт?”
*Жооп:* — Бир эркектин төрт кепичи болсо
кандай жана бир кепичти төрт эркек кийсе
кандай?
_Суроо:_ “Адалсынган молдодон алты
камандын башы чыгат”,-дейт.
*Жооп:* — Айылдын баарын тазалаган тура
_Шейх Чубак ажы Жалилов_