❇АЛЛАХТЫН СЫЙЛЫГЫ ЖАНА ЖАЗАСЫ КЫЛГАН ИШИҢЕ ЖАРАША БОЛОТ
Жаза же сыйлык иш-аракеттин түрүнө жараша болот, жакшылыкка жакшылык, жамандыкка жамандык.
▪ Ким мусулмандын айыбын жашырса, Аллах анын айыбын жашырат.
▪ Ким кыйналган адамга жеңилдик кылса, Аллах ага бул дүйнөдө жана акыретте жеңилдик кылат.
▪ Ким ыймандуу адамды дүйнө кайгыларын биринен куткарса, Аллах аны кыяматтагы кайгылардын биринен куткарат.
▪ Ким мусулман бир тууганынын артынан аңдып абийирин ачса, Аллах да анын абийирин ачат.
▪ Ким мусулманга зыян берсе, Аллах да ага зыян берет.
▪ Ким оорлотсо, Аллах да ага оорлотот.
▪ Ким мусулманды колдой турган абалда жардамсыз таштап кетсе, Аллах да аны колдой турган абалда жардамсыз таштап кетет.
▪ Боорукер адамдарга Мээримдүү Аллах ырайым кылат. Чындыгында Аллах пенделеринин арасынан мээримдүүлөрүнө гана мээрим төгөт.
▪ Ким Аллах үчүн сарптаса, Аллах да ага сарптайт.
▪ Ким акысынан кечсе, Аллах да аны акысынан кечет.
▪ Ким адамдарды кечирсе, Аллах да аны кечирет.
Мына ушул Аллахтын шарияты, тагдыры, аян кабары, сыйлыгы жана жазасы. Баарысы ушуга негизделген. («Иълам муваккыъин», 1/150)