Пример HTML-страницы

Жыныстык мамиле жубайлардын акысы.

https://kyrgyzcha.site/?p=54113&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Жыныстык мамиле жубайлардын акысы.

🔺️ Түндөрүн намаз менен өткөрүп, күндүзү орозо туткан Абдуллах бин Умарга Пайгамбар (с.а.в.) мындай дейт: «Намаз оку, андан кийин укта, орозо кармаган да, орозо кармабаган да күндөрүң да болсун. Себеби денеңдин, көзүңдүн жана жубайыңдын да акылары бар»

(Бухари, адеп, 84)

🔺️ Азирети Пайгамбар (с.а.в.) Салман менен Абу Дарданын ортосунда бир туугандык мамилени курган үчүн Салман бир күнү бир тууганын зыярат кылууга барып, Абу Дарданын жубайын кайгырган абалын көрөт. Анын мындай абалынын себебин сураган кезде, ал аял:

📍 Бир тууганын Абу Дарданын бул дүйнөгө муктаждыгы жок, деп жооп берет.

📍 Абу Дарда Салманга келет да: Сен тамактан ал, мен орозомун, дейт.

Сен орозоңду бузбасаң, (Нафил — кошумча орозону бузса болот, эгерде үйгө конок келип калса, конок менен бирге тамак жеп ичүү үчүн гана, же башка бирөө нүкүнө коноко барып калса.) мен да эч нерсе жебеймин, деп жооп берет Салман. Абу Дарда орозосун бузуп, тамактан алат. Кийин Салман ага:

🔺️ Сенин мойнунда Алланын, напсиндин жана жубайындын акылары бар. Баарынын акысын бер, дейт.

Бул абалдан кабардар болгон Пайгамбар (с.а.в.):

«Салман туура айткан» дейт (Ахмед, 5/ 106)

🔺️ Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Осмон бин Мазунду жубайына көп көңүл бурбаганы үчүн эскертүү бергени риваят кылынат. Алланын Элчисинин (с.а.в.) мындай мамилесин жакшы билген аялдар, күйөөлөрү аларга көп көңүл бурбай калган кезде, абалды Азирети Айша аркылуу Пайгамбарга (с.а.в.) жеткиргендери айтылат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE