Жума күнүнүн сүннөттөрү жана адептери!
1- Жуманы Бейшемби күнү тосуу.
2- Жума күнү гусул алуу.
3- Чач кырктыруу. Сакалдын бир уучтан ашыгын кесүү. Тырмак алуу. Таза кийим кийүү.
4- Жума намазына мүмкүн болушунча эртерээк баруу.
5- Алдыңкы сапка өтүү үчүн жамааттын ийиндеринен аттабоо.
6- Мечитте намаз окуп жаткан адамдын астынан өтпөө.
7- Имам-Хатип минбарга чыккандан кийин эч нерсе сүйлөбөө, сүйлөгөн адамга ишара менен да болсо жооп бербөө жана азанды кайталабоо.
8- Жума намазынан кийин Фатиха, Кафирун, Ихлас, Фалак жана Нас сүрөлөрүн жети жолу окуу.
9- Аср намазына чейин мечитте калып ибадат кылуу.
10- Ахли сүннөт китептеринен баяндаган аалымдардын баянын, ваазын тыңдоо.
11- Жума күнү жалаң ибадат менен алектенүү.
12- Жума күнү көп-көп Салават айтуу.
13- Курани карим окуу. Кахф сүрөсүн окуу керек.
14- Садака берүү.
15- Ата-энени, же алардын кабырларын зыярат кылуу.
16- Үйдө көп жана таттуу тамак-аш жасоо.
17- Көп намаз окуу. Казага калган намазы бар адамдар каза намаздарын окуш керек.