Пример HTML-страницы

ЖАРАТКАНГА ЭСЕП БЕРҮҮДӨН МУРДА ӨЗҮҢӨ ЭСЕП БЕР

https://kyrgyzcha.site/?p=52723&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

🌈🌈ЖАРАТКАНГА ЭСЕП БЕРҮҮДӨН МУРДА ӨЗҮҢӨ ЭСЕП БЕР

 

Багымдат намазын окугандан кийин жайнамазыңда он мүнөт отура тур. Бүт ыклас, дитиңди Аллахка бур. Айткан ар бир сөзүм сөзсүз кабыл болот деген ишенимди жүрөгүңө киргиз. Анан Аллахка дуба кыл. Бүгүнкү жаңы башталып жаткан күнүңдүн жарык болуусун, берекелүү болуусун тиле. Үй-бүлөңдүн кырсык-балээден тышкары болуусун, аманчылыгын суранып дуба кыл.

 

Эненин дубасы менен балдар аман болуп, иши жүрүшөт. Балдарды ыймандуу тарбиялайм деп күнү-түнү убара болбо. Аларга ыйман, адеп-ахлак, жакшы кулк-мүнөз берүүсүн Аллахтан суранып көп-көп дуба кыл.

 

Бешим намазынан кийин жайнамазыңда он мүнөт отур. Чын ыкласың менен үй-бүлөңө адал, берекелүү ырыскы тиле. Арам тамактан сактоосун суран.

 

Дигер намазынан кийин да он мүнөт отур.

Өзүңө ыйман тиле. Адашуудан сакта деп жалбар. Эч качан өзүңдүн ыйманыңа, илимиңе ишенбе. Шайтан азгырса, кантип адашып, кантип күнөөгө белчеңден батып калганыңды билбей каласың. Ошон үчүн Аллахка таян, Аллахтан жардам сура.

 

Шам намазынан кийин акыретиң үчүн дуба кыл. Жакшы өлүм сура. Акыркы сөзүң келме болуусун суран. Кабырдагы суракта тилимди тура жоопко бекем кыл де. Кыяматтагы сурагымды жеңил сурак кыл де.

 

Амалдарың жазылган дептериңдин оң тарабыңдан берилүүсүн сура. Таразада сообуң күнөөңдөн оор болуусун сура. Сират көпүрөсүнөн чагылган жарк дегендей бат өткөрүүсүн сура. Бейиште бийик даражада болууну сура. Бүтүн үй-бүлөң менен бейиште чогуу болууну сура.

 

Куптан намазынан кийин он мүнөт отуруп, таңдан-кечке кылган иштериңе эсеп бер. Аллах үчүн эмне иш кылдың? Өзүң үчүн, үй-булөң үчүн эмне кылдың? Элиңе, журтуңа эмне пайда кылдың? Жан дүйнө таразаңдан өткөр. Аллах үчүн жок деген бир иш кылган болсоң, сен жакшы мусулмансың. Эгер бир да иш кылбасаң, эртеңкиңе ниет кыл. Анан күнөөлөрүңдү эсепте. Эгер бир да күнөө таба албасаң, анда сен жакшы мусулмансың. Күнөөлөрүң бар болсо, аларга дароо тообо кыл. Ушинтип күн сайын өзүңө-өзүң эсеп бер.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE