Пример HTML-страницы

ЖАМАНДЫКТЫ ЖАЙЫЛТКАН ЖАРЧЫЛАР

https://kyrgyzcha.site/?p=50015&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ЖАМАНДЫКТЫ ЖАЙЫЛТКАН ЖАРЧЫЛАР

 

(Эркектердин эсине эки ооз сөз)

(блогерлер, тик-токерлер, хайперелер, ютюберлер ойлонолу)

 

Ушул жер ушакчылардын уюгуна айланды. «Бүгүн кимди шыбайбыз?», «Бүгүн кимди сөгөбүз?», «Эртерээк айткыла, шыбап коюп уктай берейин?» сыяктуу сөздөр менен, тамашага салып, чын эле ушул иш менен алектенгендер көп. «тез көр», «мындай деп ойлогон эмесмин», «мына сага» ж.б.у.с темалар менен же айбандардын баштарына ушактап жаткан кишилердин сүрөтүн койгон шылдың менен интернет бетин ээлеген бети жоктор көбөйүп кетти. Өз авратын ачып, уятын улуу журт алдында ашкерелеп ата-энесине наалат алган наадандар көбөйүп жатат. Жолдошунан бөлөк эч кимге көрсөтүүгө мүмкүн болгон авратын ааламга жарыялоо менен алектенген тиетокерлерге эмне дейсиң… Эң жаманы ушул иш менен эркектердин алектенгени. Айрыкча эркек боло туруп бир-бириңдин таарынычыңды ушул жерде, коомчулуктун арасында талкуулайсыңар. Жигит болсоң жөн гана кездешип, акылмандык менен, бир чай үстүндө, диалог-дипломатиялык тактика менен чечип көр. Кечээ достошуп жүргөндөр, бүгүн касташып жүрүшөт. Болгондо да коом алдында бир-биринин абиирин ачып пасташып жүрүшөт…

 

эркектерге жарашпаган дагы бир аракеттердин бири ушакчылык-гыйбатчылык. Аллах Таала ыйык Курандын Хужурат сүрөсүнүн он экинчи аянтында ушундай деп айтат: «Гыйбат кылуу өлгөн жакын адамынын этин жеген менен барабар».

 

Соц. тармактагы достор!

Арак ичпейм!

Орозо кармайм!

Беш убакыт намаз окуйм!

Зекет берем!

Ажыга, умрага барып келдим! — деп коюп

БИРӨӨЛӨРДҮ УШАКТАП жатабыз. Жогорудагылардын бардыгын жасап аягында тирүүлөй адамдын этин жеген менен барабар болгон күнөөгө көңүл буруп ойлонбойбуз, же коркуп да койбодук.

Тескерисинче өзүбүзгө блогер деп сыймыктанып ат коюп алдык. Арам менен, ушак менен ушинтип акча табып үй-бүлөбүздү да багып жатабыз… Ойлонолу сураныч… (Аз келгенсип «канча подписчигиң, канча просмотруң, канча лайкың бар деп сыймыктанганыбыз кантет…)

 

Келгиле достор,

башка бирөөлөрдү гыйбат кылган макалаларды бөлүшпөй өздөрүнө барып айталы же алардын күнөөлөрүн желкебизге артпайлы….

 

-Сен үчүн качан майрам?

-мен үчүн БИР КҮНҮМДҮ КҮНӨӨСҮЗ ӨТКӨРҮҮ майрам.

АЛЛАНЫН БУЙРУГУН КЫНТЫКСЫЗ АТКАРУУ майрам…

Жөн гана жаздым, балким башкалар сабак алаар…

 

Келгиле, ар бир күнүбүздү Алланын буйругун аткарып майрамдай өткөрүп күнөөсүз жашайлы.

 

Урматтуу менен Идрис Айитбаев.

Каир, Египет. 14.12.21

 

МИЛЛИОНДОГОН КАТТАЛУУЧУЛАРЫБЫЗДЫН МИЛЛИАРДДАГАН КҮНӨӨЛҮҮ ИШТЕРИНЕ СЕБЕПЧИ БОЛУП КАЛБАЙЛЫ ДОСУМ

 

АЛЛАХ МЫНА УШУНДАН САКТАСЫН

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE