Ыймандуулардын арасында

https://kyrgyzcha.site/?p=54703&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

إِنَّ الَّذِينَ يُحِبُّونَ أَن تَشِيعَ الْفَاحِشَةُ فِي الَّذِينَ آمَنُوا لَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ وَاللَّهُ يَعْلَمُ وَأَنتُمْ لَا تَعْلَمُونَ

 

Ыймандуулардын арасында бузукулук жайылуусун каалаган адамдарга акыйкатта бул дүйнөдө жана акыретте улуу оорутуучу азап бар. Аллах билет ал эми силер билбейсиңер. (Нур сүрөөсү 19-аят).

 

Алла Тааланын китебиндеги бул кереметтүү аятта айтылган «бузукулук»-деген сөз «зынаа»-деп чечмеленет. Демек кайсы адамдар ыймандуулардын арасында ушундай бузуку, зына иштери жайылуусун каалашса жана ал бузукулукту эл арасына таркатышса андай адамдарга бул жашоодо да акырет жашоосунда улуу азап бар. Ыймандуулардын арасында ушундай бузукулук, зынаа иштери тарап кетүүсүн каалоо чыныгы момундун сыпатынан эмес, тескерисинче эки жүздүүнүн сыпатынан.

 

وَلَا تَقْرَبُوا الزِّنَا ۖ إِنَّهُ كَانَ فَاحِشَةً وَسَاءَ سَبِيلًا

 

Занаа иштерине жолобогула! Анткени ал бузукулук жана эң жаман жол! (Исра сүрөөсү 32-аят)

 

Ал эми Алла Таала бул аятта зынааны арам кылды. Бул кереметүү ыйык аятка ой жүгүртө турган болсок Алла Таала: «Зынаа кылбагыла»-деген жок, Алла Таала: «Зынаага жолобогула»-деп жатат. Ошондуктан тыянак чыгарабыз: зынаа ишине алып бара турган ар бир жолго жакындабайбыз. Адамдар айтуулары мүмкүн эле: «Биз зынаа кылган жокпуз, жөн гана сүйлөшүп жатабыз же көрүп гана койдум же жөн гана өөп койдум»-деп. Акыйкатта зынаа иши мына ушундай кичине элчилерден башталат. Анткени сүйүктүү пайгамбарыбыз айткан: «Кичине күнөөлөр топтолуп жатып, чоң күнөөгө айланат, жана ошол чоң күнөө адамды өлтүрүп жок кылат». Демек зынаа ишине алып баруучу ар бир амалды Алла Таала тосуп жатат.

 

قُل لِّلْمُؤْمِنِينَ يَغُضُّوا مِنْ أَبْصَارِهِمْ وَيَحْفَظُوا فُرُوجَهُمْ ۚ ذَٰلِكَ أَزْكَىٰ لَهُمْ ۗ إِنَّ اللَّهَ خَبِيرٌ بِمَا يَصْنَعُونَ

 

Момундарга айткының: «Көздөрүн чөктүрүшсүн жана намыстуу жерлерин сакташсын!». Ушундай кылуулары алар үчүн таза. Акыйкатта Алла Таала алардын кылып жаткан иштеринен кабардар. (Нур сүрөөсү 30-аят)

 

Ал эми Алла Таала бул аятта болсо көздөрдү сактоону буйруп жатат. Кызыгы Алла Таала намысты сактоодон мурун көздү сактоону буйруду, эмне үчүн? Анткени оо мусулман бир тууганым көз ойгонмоюнча намыстуу жер ойгонбойт. Эгерде биз көздөрүбүздү чөктүрүп, арам нерселерге кароодон тыйыла турган болсок анда намыстарыбыз дагы корголуу болот. Тескерисинче эмне болмок эле, иши кылып зынаа кылбасам болду деп ар кандай каналдарды же абийирлерин көргөзгөн кыздарды карай бере турган болсок анда напсибиз сөзсүз үстөм болот. Ошондуктан туугандар эң биринчи көздү сактайлы. Алла Таала бизди жараткан Зат, бизге эмне нерсе пайда алып келээрин жакшы билет.

 

Зынаа кылуу бир гана намыстуу жер менен гана болбойт, дененин ар бир мүчөсү зынаа кылган болот. Себеби сүйүктүү пайгамбарыбыз айткан: «Адам баласына зынаадан үлүш жазылган. Көз зынаа кылат, көздүн зынаасы көрүү. Кулак зынаа кылат, кулактын зынаасы угуу. Кол зынаа кылат, колдун зынаасы кармоо. Бут зынаа кылат, буттун зынаасы басып баруу. Жүрөк зынаа кылат, жүрөктүн зынаасы эңсөө, самоо. Ал намыстуу жер зынааны тастыктайт». (Бухарий)

 

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️