Ыйман келтирүүнун алгачкы шарты

https://kyrgyzcha.site/?p=102640&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Ыйман келтирүүнун алгачкы шарты🌙

Калима-и таухид

Таухид🌙“Ла илаха иллаллах Мухаммадун расулуллах” деген сөз. Мааниси — Аллаху таала жалгыз, шериги, окшошу жок. Мухаммед алейхиссалам — Анын сүйүктүү кулу жана Пайгамбары.

Калима-и шахадат🌙Ашхаду ан ла илаха иллаллах ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расулуху. Б.а, адамдын жерде да, асманда да Ан- дан башка сыйынууга, кулчулук кылууга татыктуу эч кими, эч нерсеси жок деп ага жүрөк менен ишенүү керек. Жана көркөм мүнөздүү, Хашим уулдарынан чыккан Абдуллахтын уулу Мухаммед (алехиссалам) ат- туу улуу адам — Аллахтын кулу жана расулу экендигине ишенүү кажет.

Хадиси шарифте🌙

“Лаа илаха иллаллах деп айтуучуларды капыр деп атабагыла”, -делген. Б.а.: “Ла илаха иллаллах”, -деген жана ахли кыбыла болгон адам ишеним жагынан ижма менен көрсөтүлбөгөн, жана милдеттүү түрдө билинүүсү шарт деп билдирилбеген нерселерде ахли сүннөттүн туура жолунан айрылса же чоң күнөө кылса да капыр болбойт. Ал эми, ахли сүннөттөн айрылган адам ар бир мусулмандын милдеттүү түрдө билүүсү шарт болгон диний өкүмдөрдүн бирине ишенбей турган болсо, ошондо гана ал капыр болот.

Ислам дининин улуу алымдарынын бири болгон Ханафи мазхабы- нын негиздөөчүсү Имам Азам Абу Ханифа жана Шафии мазхабынын негиздөөчүсү Имам Шафии мындай дейт🌙

“Ахли кыбла (Кыбылага карап намаз окуучу) болгон адамды капыр деп айтууга болбойт”. Бул сөздүн мааниси “ахли кыбла болгон мусулман к³н¼¼ кылса дагы капыр болбойт” дегенди билдирет. Жетимиш эки сектанын аалымдары менен алардын жолунда болгондор да ахли кыбла болуп эсептелишет.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай дейт🌹

— Кимде ким Калима-и таухидди айтса, Аллаху таала менен ошол калиманын ортосундагы парда көтөрүлүп, сөз түз Аллаху таалага жетип барат. Аллаху таала🌹

“Эй, калима, токто!” — деп буюрат. Ал эми калима бол- со: “Мени айткан адам Сенин рахматыңа, кечиримиңе ээ болмоюнча токтой албаймын, — деп айтат. Ошондо Аллаху таала айтат🌹

— Улуулугумдун, кудуретимдин, кемелдигимдин акысы үчүн Мени зикир кылган (эсине алган) кулумду кечирдим.

Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам мындай деп айтты🌹

“Ким- де ким чын жүрөктөн, чын ыкылас менен бир жолу Калима-и тау- хидди айтса, Аллаху таала ага Бейиште төрт миң даража берип, төрт миң күнөөсүн кечирет”. Сахабалар🌙 “Эй, Расулуллах! Анын т¼рт ми¾ к³н¼¼с³ жок болсочу?” — деп сурашканда: “Жубайынын, бала-бакырасын жана туугандарынын күнөөлөрүн кечирет”, — деп жооп берди. Калима-и таухидди ар дайым окуп жүрүү кажет.

Ислам дининде ыйман келтирилүүсү керек болгон нерселерге Мухаммед алейхиссалам кандай билдирген болсо, ошондой ишенүү керек. Анын айткандарын сахабалар ахли сүннөт аалымдарына үйрөттү. Алар болсо үйрөнгөндөрүн китептеринде жазып калтырышты. Ушул ыйман негиз- дерин филасофиялык жол менен түшүндүргөн китептерди окубаш керек. Исламда филасофия жок. Б.а., “Ислам философиясы” деген түшүнүк та- кыр болбойт. Анткени, философия адамдын жеке ой-пикирлерин чын- дык деп көрсөтүү, таасирдүү сөздөр менен түшүндүрүүгө аракет кылуу. Адамдар тарабынан ойлонуп чыгарылган ойлор болгондуктан ал адамга жана убакытка жараша өзгөрүп турат. Ал эми, Ислам дининин ыйман негиздери эч качан өзгөрбөйт.

Ислам дини тарабынан билдирилген маселелерден бирине шектенген адам: “Аллаху таала жана Анын пайгамбары Мухаммед алейхиссалам бул аркылуу эмнени билдирүүнү каалаган болсо, ошого ыйман келтир- дим жана ишендим”, — деп айтуусу керек. Дароо күмөндөн арытуучу, илиминде жана диндеги такыбаасында ишеничтүү, дин илимдеринин өтө ичке маселелеринен кабардар, татаал маселелерди чече алуучу бир ахли сүннөт аалымын издеп табуусу фарз болот. Ушундай бир адамдан сурап, бул күмөндөн арылуусу кажет.

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️