Пример HTML-страницы

Үч адамдын сыналышы.

https://kyrgyzcha.site/?p=47171&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Үч адамдын сыналышы.

Бани Исраил коомунда үч жөөт жашаган экен.

Бири башы таз, экинчиси сокур, үчүнчүсү денеси ала була котур болгон.

Аллах аларды сыноо максатында периштени жөнөтөт. Денеси ала-буласы бар котур жөөткө келип периште сурайт:

-Сенин бардык нерседен жогору турган каалооң кандай?

— Жылмакай тери жана сулуу денени каалайм. Себеби, оорума байланыштуу бардык адамдар менден жийркенип качышат.

Периште денесин сылаар замат тактар кетип, дене мүчөсү келишимдүү болот. Периште кайра суроо берет:

-Кайсы жаныбар сага абдан жагат?

-Төө

Туутуна аз калган боз төө менен сыйлайт да, “Аллахтын тартуулары берекелүү болсун” деп көздөн кайым болот.

Андан соң башы таз жөөттүн жанында пайда болот да, ага да суроо берет:

— Сенин бардык нерседен жогору турган каалооң кандай?

-Менин таздыгым жоголуп, элдер шылдыңдабай калуусун суранат элем.

Периште башын сылаары менен коюу, жылтыраган чач пайда болот.

Кайрадан сурайт:

-Кайсы жандыкты барынан жакшы көрөсүң?

-Уй

Аллах аны да боз уй менен сыйлайт. “Ушул уй сага берекелүү болсун!” деп коштошуп, периште сокурдун жанына барат да андан да сурайт:

-Сенин бардык нерседен жогору турган каалооң кандай?

-Аллах мага көрүүмдү берсе, мен адамдарды көрөт элем.

Периште сокурдун көзүнө тиери менен анын көздөрү көрө баштайт.

Андан да периште кайсы жаныбардын бар болуусун сурайт.

Жөөттүн “кой”- деген жообуна периште боз кой тартуу кылат.

Бир канча мезгил өткөндөн кийин белекке тартууланган төө, уй жана кой ээлерине тукум алып келишет. Алар ошентип отуруп көбөйүп отуруп, ар биринде үйүр-үйүр төө, уй жана койлордун ээлери болушат.

Периште Алланын буйругу менен алардын ар бирине кезигүүгө жана сынап көрүүнү чечет.

Алгач денесинде ала тагы бар котур болгон жөөткө келет.

-Мен чет жактан келген бактысыз кедеймин. Жолдо акчамдын барын сарптап, эми ата мекениме кайта албай калдым. Менин үйүмө жетишимди Аллахтан жардам сурап жатам. Ушундай сулуулукту жана келбетти тартуулаган, байлыкты тартуулаган Аллах үчүн бир төөңдү мага берчи.

Ала-тагынан айрылган жөөт кыжырданат:

— Бул жакта бекер байлыкты каалаган жакырлар көп. Сурагандын барына бирден төө бере берсем эмнем калат!?

-Сени эстеп жатам. Кебетеңен адамдар качкан сен белең? Кедей болуп, Аллах бай кылган сен белең?- деп периште эскерди.

-Жок, бул байлыктын бары ата-бабаларымдан мурас болуп калган-деп жалган сүйлөйт.

-Эгер сен алдасаң Аллах бардыгын кайра ордуна кайтарып коёт.

Мындан соң периште мурдагы таз болгон жөөттү сынайт.

Ал да бербей коёт.

Периште “Эгер сен алдаган болсоң Аллах сени мурда кандай болсоң, ошол абалыңа кайтарсын”,-деп коштошот.

Акырында периште баягы колун тийгизүү менен көрүү мүмкүнчүлүгүн берген сокурга келет:

-Мекенимден алыс жүргөн бактысыз жакыр адаммын. Үйүмө кайтууга акчам жок. Жалгыз Аллах мени үйүмө кайтарат, сен мага жардам берет деген ишенем. Сага көрүү мүмкүнчүлүгүн берген Аллах Таала үчүн, жолумдун акысын берүү үчүн бир кой берчи.

-Чындап мен сокур элем. Аллах менин көздөрүмө жарык берди. Мен кедей элем, Аллах мени бай кылды. Сага кой керекпи-каалаганча ал. Аллахтын ыраазычылыгы үчүн эч нерсемди аябайм.

-Сенин байлыгың сенде эле кала берсин.

Аллах үчөөңөрдү сыноону каалаган. Ал сага ыраазы.

Ал эми башы таз жана денеси ала өзүлөрүнүн жазасын алышты,-деп периште көздөн кайым болду.

Калган экөөбү денеси ала-була менен башы таз бардык мал мүлкүнөн кол жууп, абалкы ала-була менен тазга айланышкан экен. Ошондуктан жашообуздагы ар бир бизге берилген неемат- жакшылыктар Алладан берилген сыноо болуп эсептелет.

Ал жакшылыктарды туура колдонолу.

Байлыгыбызга чиренип Алладан келген экенин унутуп калбайлы!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE