Пример HTML-страницы

Тобонун касиеттери

https://kyrgyzcha.site/?p=49644&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Тобонун касиеттери

Анас ибн Малик айтты♥

Мен Расулдан сурадым, я Расул Алла, кайсы тобо анык тобо болот.

Расул Алла айтты♥

Ээ Малик, чын тобо, ошол тобо кылгандан кийин экинчи ал адам кайта ошондой күнөөнү жасабай өзүн сактайт.

Расул Алла жана айтты♥

Бир киши күнөө кылса, ошондон кийин эки рекет шүгүр келтирүү намазын окуп, садага берсе, Алла Таала күнөөсүн кечүүсү мүмкүн.

Расул Алла айтты♥

Ар бир адамда эки периште бар Караман оң жакта, Катабин сол жакта. Караман эгер пенде бир сооп иш иштесе ошол убакта ошол пенденин амал дептерине жазат.

Эгер пенде күнөө иш жасаса, Катабин, бул пенде күнөө иш иштеди, жазайынбы? — деп сурайт.

Ошондо Караман, токто юир сааттай күт, бул тобо жасап истигфор окуп жөнгө келет деп, — жаздырбайт. Ал пенде тобо кылып, истигфор окуп, ыйлап Алладан күнөөсүн кечире көр деп сураса, анда Катабин ал күнөөсүн жазбай коёт. Ал пенде тобо кылбаса, истигфор окубаса анда бир күнөөсүнө бир күнөө жазылат.

Алланын алдында күнөө кылган адамдын денесине ар бир мүчөсү күнөө жасады деп күбөлүк берет.

Тобо истигфордун пайдасы бул♥

Алла Таалага күнөө жасаган адам, тобо кылып, истигфор окуса күнөө жаза турган периштеге унуттурат.

Унуткан периште ал күнөөнү амал дептерине жазбай койот. Алланын алдында сурак кезинде бут, кол, көз, ооз, дагы башка мүчөлөрү бул күнөө кылды деп күбөлүк бере албайт, себеби Алла аларга аны унуттуруп койот.

Мына тобо кылуунун касиети♥

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE