*БИСМИЛЛАХИР РОХМААНИР РОХИИМ*
? Тобокелдик (Алла Таалага өзүн тапшыруу)?
*《Момундар бириккен чабуулчу топту көргөн кезде:《,《Мына бул Алла жана Анын Элчиси бизге убада кылган жеңиш.Алла да,Алланын Элчиси да чын айткан тура》дешти. Чабуулчу топту көрүшү -алардын ишенимдерин жана баш ийүүчүлөрүн күчөттү》.{Ахзаб сүрөсү,33/22}*
*《Калайык -калк:《Касташкандар кошуун топтоп коюшту.Алардан силерге чоң коркунуч бар!》деп айтышканда, бул алардын ыйманын ого бетер күчөтүп:《Бизге Алланын Өзү жетиштүү! Ал — кандай жакшы Колдоочу!》дешкен.》{Аали Исран сүрөсү,3/173}*
*《Сен эч качан өлбөс жана түбөлүк Тирүү Аллага гана тачн!》{Фуркан сүрөсү,25/58}*
*《Момун — мусулмандар жалгыз Аллага гана таянышсын тобокел кылышсын)!》.{Ибрахим сүрөсү,14/11}*
*《Бир чечимге келген соң,жалгыз Аллага тобокел кыл!》{Аали Имран сүрөсү,3/159}*
*《Аллага таянып тобокел кылган адамга Алла Өзү жетиштүү!》{Талак сүрөсү,65/3}*
*《Чыныгы момун-мусулмандар булар:Алланын ысымы айтылган кезде жүрөктөрү титирейт,Алланын аяттарын окулган кезде ыйманы күчөйт жана алар жалгыз Жаратканга гана таянышат》.{Анфал сүрөсү,8/2}*
*Абухурайра (радыяллаху ънху) баяндайт.Пайгамбар (саллаллаху ълейхи васаллам)мындай деген:Бейишке жүрөктөрү чымчыктын канатындай дирилдеген бир топ адам кирет》.(Т.а. Алла Тааланын буйрук -тыюуларына өтө аяр мамиле жасаган,чымчыктай дирт эткен сезимтал жана Аллага толук тобокел кылган адамдар)》.{Муслим,Жаннат,27}*

















































