Пример HTML-страницы

ТАУХИД ДЕГЕН ЭМНЕ?…

https://kyrgyzcha.site/?p=50841&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ТАУХИД ДЕГЕН ЭМНЕ?…

ТАУХИДДИН ТҮРЛӨРҮ.

Аллах бар экендигин билип коюу адамды мусулман кылбайт. Араб мушриктери деле Аллахтын бар экенин, Ал гана Жаратуучу экенин тастыкташкан. (“Шарх аль-Коваъид аль-Арбаъ” китебинен)

Билгин, Пайгамбарыбыз келген мушрик арабтар Таухид Рубубияны тастыкташкан. Бирок алардын Таухид Рубубияны билүүсү аларды Исламга киргизген жок, аларды мусулман кылган жок.

ТАУХИД ДЕГЕН ЭМНЕ?

Таухид – (арабча “жалгыздоо, бир нерсени жалгыз кылуу” деген сөздөн) Аллахты рубубияда, ысым сыпаттарында жана сыйынууда жалгыз деп ишенүү.

Таухид 3 кө бөлүнөт:

1. Таухид Рубубия – Аллахтын Раббилик сыпаттарда жалгыз деп билүү.

Аллах гана Жаратуучу, Андан башка жаратуучу жок;

Аллах гана ырыскы берүүчү, Андан башка ырыскы берүүчү жок;

Аллах гана Башкаруучу, Андан башка башкаруучу жок ж.б. өлтүрүү, тирилтүү, оору-шыпаа берүү Улуу Кожоюн гана кыла ала турган иштеринде Аллахты жалгыз деп ишенүү.

Таухид Рубубия деген эмне экен? – Аллахтын Ага гана тиешелүү болгон иштеринде жалгыз деп билүү, б.а. Аллах гана жалгыз Жаратуучу, Ырыскы берүүчү, Тирилтүүчү, Өлтүрүүчү, Башкаруучу экенин тастыктоо.

2. Таухид Асма ва Сыфат – Аллахты көркөм ысым жана улуу сыпаттарында жалгыз деп билүү.

Эч ким ысымдарында жана сыпаттарында Аллахтай боло албайт деп ишенүү. Адам Аллахты Анын ысым-сыпаттары аркылуу тааныйт. Ошол ысымдардын жана сыпаттардын маанилерине кошо ыйман келтирүү.

Аллахтын ысымдары:

“ар-Рахмаан (Мээримдүү)”,

“ар-Рахиим (Ырайымын төгүүчү)”,

“ас-Самииъ (Угуучу)” ж.б. Аллахтын сыпаттары: рохма (мээримдүүлүк), самъ (угуу), басор (көрүү), важх (Аллахтын жүзү) ж.б.

3. Таухид Улухия – Аллах гана сыйынууга татыктуу чыныгы Зат деп ишенүү. Андан башка сыйынылып жаткан нерселер жалган, бир гана Аллах ибадатка татыктуу деп билүү. Мына ушул Таухиддин негизи.

Ушул Таухид менен бардык пайгамбарлар жиберилген, негизги Шариат илим ушул маңызда келет.

Ага чейинки эки Таухиддин түрү адамды ушул Таухиддин түрүнө алып келиш керек.

ТАУХИДДИ БИР ГАНА РУБУБИЯ МЕНЕН ЧЕКТӨӨ ЧОҢ ЖАҢЫЛЫШ.

Демек, Таухид бул бир гана Рубубияны тастыктоо эмес экен, Ширк бул бир гана Рубубиядагы ширк эмес экен. Тескерисинче, сейрек гана коомдор Аллахтын Рубубиясында ширк кылышпаса, дээрлик бардык үммөттөр Таухид Рубубияны тастыкташчу, аны билишчү.

Эч бир коом Аллах менен бирге башка Жаратуучу, Ырыскы берүүчү, Тирилтүүчү же Өлтүрүүчү бар деп айтышкан эмес. Керек болсо араб мушриктер да Аллах гана Жаратуучу, Ырыскы берүүчү, ж.б. экенин моюндарына алышкан: “Асмандар менен Жерди ким жаратты деп алардан сурасаң алар – Аллах – дешет” (Куран, Лукман 31:25),

“Айт: Ким жети кабат асмандын Ээси, Ким Улуу Арштын Ээси? Алар дароо айтышат – Аллах – деп” (Куран, аль-Му’минун 23:84-89, бул аяттарды толук окуп чыгыңыз жана мушриктер Аллахтын рубубиясын билгендигин аңдайсыз).

Орто кылымдык “Калям” философиясынын уламалары ойлогондой Таухид бул Рубубия менен гана чектелбейт. Мутакалимдер (калямды карманышкан философтор) айтышат:

“Аллах бөлүнбөйт, затында жалгыз; Ага окшош эч нерсе жок, сыпатында жалгыз; Анын шериги жок, иштеринде жалгыз” жана ушуну Таухид дешет.

Жок, бул пайгамбарлар алып келген Таухид эмес. Булар айтып жаткан нерсе Таухид рубубия гана. Калям аалымдарынын китептерине назар салсаңыздар, алардын бардык сөздөрү Рубубиядан чыкпайт экенин көрөсүз.

Таухидди Рубубия менен чектеген адамга ал таухиди пайда бербейт. Бул нерсени араб мушриктери да, жетип турган кыпкызыл каапырларда билишкен. Бирок аны билүү аларды куфрдан чыгарып, мусулман кылып койгон жок.

КИМ ТАУХИДДИ РУБУБИЯ МЕНЕН ГАНА ЧЕКТЕСЕ – АЛ АБУ ЖАХЛЬ ЖАНА АБУ ЛАХАБДЫН ИШЕНИМИНЕНДЕ.

Таухидди Рубубия менен чектөө өтө чоң жаңылышуу. Ким ушул ишенимде болсо – Абу Жахль менен Абу Лахабдын ишениминен айырмасы жок экен. Бүгүнкү күндөрдө кээ бир Ислам үчүн аракет кылып жаткан тайпалар Таухид Рубубия менен гана чектелишип, Таухид Улухияга көңүл бурушпайт. Бул чоң ката.

Ширк деген эмне деген суроого алар:

“Аллахтан тышкары дагы бир Жаратуучу же Ырыскы берүүчү бар деп ишенүүң” – деп жооп беришет.

Биз айтабыз:

“Дал ушул сөздөрдү Абу Жахль менен Абу Лахаб айтышаар эле”. Себеби араб мушриктери Аллах менен дагы бир жаратуучу, ырыскы берүүчүнүн бар экендигине ишенишкен эмес. Тескерисинче Аллах гана жалгыз жаратат, ырыскы берет дешкен.

Аллах ыраазы болгон, ал буйрук берген Таухид – бул Таухид Улухия, б.а. Аллах гана бардык ибадаттардын түрлөрү Ага багытталуусуна татыктуу. Дуа кылабызбы, курмандык чалабызбы, назр беребизби, намаз окуйбузбу, коркобузбу же үмүт этебизби, же шапаат издейбизби… айтор бардык ибадаттар бир гана Аллахка багытталуусу керек.

Ал эми ширк деп – мына – ушул Таухид Улухиядагы ширкти айтабыз. Ким ибадат кылууда Аллахка шерик кошсо, Аны менен кошо башка бирөөгө дуа кылып суранса, өлүктөргө сыйынса, алардан жардам сураса, мазарларга курмандык чалса, коркууну, үмүт этүү Аллахтан башкага бурса – ширк кылыптыр.

Мына ушул Таухид Улухияны таркатуу үчүн, жана ушул сыйынуудагы ширктен кайтаруу үчүн Китептер түшкөн, Пайгамбарлар келген. Аллах айтат:

“Биз ар бир үммөткө – Аллах сыйынгыла, Андан башка нерселерден четтегиле – деп айта турган Элчи жибердик” (Куран, ан-Нахль 16:36).

Адамдын жаралуу максаты Таухид Улухия, б.а. Аллахка гана сыйынуу. “Мен жиндер менен инсандарды Өзүмө ибадат кылуулары үчүн жараттым” (Куран, аз-Зарият 51:56). Ким сыйынууда Аллахка шерик кошкон болсо – жаралуу максатын аткарбаптыр.

1. Аллахты бар, Ал гана Жаратуучу, Ал гана ырыскы берүүчү деп айтып коюу – адамды мусулман кылбайт.

2. Бул сөздөрдү илгерки араб мушриктери да айтып келишкен.

3. Пайгамбарлардын келүү максаты – Таухид Улухияга элди чакыруу (б.а. сыйынуунун бардык түрлөрүн бир гана Аллахка багыттоо), сыйынууда Аллахка шерик кошуудан – ширктен – элди кайтаруу.

4. Таухид Улухияны кабылдоо менен адам мусулман болот.

Шейх Солих аль-Фаузан “Шарх аль-Коваъид аль-Арбаъ”

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE