*بسم الله الرحمن الرحيم*
*Тамак Жөнүндөгү Пайгамбарыбыздын (с, а, в.) Үлгүлүү Жолу*
*_Колду жууш бардык Пайгамбарлардын (а, с.) сүннөтү_*
*Ибн Аббас (р, а) Пайгамбарыздан (с а в) риваят кылат:*
_<<Тамактан мурда жана тамактан кийин колду жууш кедейликти кетирет жана бул бардык Пайгамбарлардын сүннөтү>>_
*(Мажмаъа 5\27)*
*Колду жуу жакшылыктын көбөйүүсүнө себеп*
*_Анас (р, а). риваят кылат: Пайгамбарыбыз (с,а,в). айтты:_*
_<<Кимде — ким өзү үйүндө жакшылыктын көбөйүүсүн кааласа, анда ал тамак келгенде жана тамак жеп бүткөндөн кийин колун жуусун>>_
*(Ибни Маажа 2\232)*
*Колду жуу берекеге себеп*
*_Салман Фарисий (р, а) айтат:_* _<<Мен Тооратта окудум:_ _<<Тамак жеп бүткөндөн кийин колду жууш берекеге себеп>>._ *_Мен Пайгамбарыбыздан (с , а, в) (ушул жөнүндө) сураганымда_*
*_Пайгамбарыбыз (с, а, в)мындай деп жооп берди:_* _<<Тамактан мурда жана тамактан кийин колду жууш берекеге себеп>>_
*(Шамааил 13)*
*Колду жууш ырыскынын кең болушуна себеп*
*_Анастан (р, а) айтат:_* _<<Тамактан мурда жана тамактан кийин колду жуу ырыскынын кенен болуусуна себеп. Анда шайтанга каршылык бар.>>_
*Пайдасы:* _Тамактан мурда жана кийин колду жуу сүннөт. Колу таза болсо дагы жууш сүннөт боло берет. *Алла Таала* колду бергенинин максаты колду жууп кол менен тамак жеп берекелерди табуу._ _Берекенин мааниси бул жерде — кайсы пайда, кайсы ниет үчүн желинсе ошолор берилет, денеге азык болот. Ибадатка, жакшы ахлактарга күч берет._
*(Хасааил 116)*
_Берекенин дагы бир жагы — анын сезилээрлик көбөйүүсү._
*(Умда 21\76)*